Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Кыргыздардын аш-тойлору заманга жараша өзгөрүп жаткан менен мурдагыдай эле көп ысырапкорчулукка жол берилүүдө.

Мындан бир нече жыл мурда мамлекет ыгы жок чамынып, дүркүрөтүп той-топур өткөрүүгө жана көз жумган адамды жерге бергенде көп мал союуга тыюу салган болчу. Бирок ал эрежени эч ким деле сактаган жок. Тескерисинче, той-аштарга кеткен чыгымдар барган сайын көбөйүп, жалпы сумма бир жылда кырк миллиард сомду түзөөрү былтыркы жылдын эсебинен такталган.

Быйыл болсо күз жаңы башталып, аш- тойдун мезгили бир гана рамазан айынын жыйынтыкталышын күтүп турат дешет. Кыргыз дубандарында болсо той өткөрүүнүн өзүнчө бир шарты жана шааниси бар.

“Сексени гүлчө, сегизи эт”

Талас жергеси чакан облус болгону менен жогору жана төмөн жагында конокторду тосуу, той аштарды өткөрүүдө бир топ айырма бар. Таластын жогорку жагы Чүй облусуна жакыныраак болгондуктанбы, той- аштарды өткөрүүдө салт- санаалар азыраак болуп ырым жырымдарга көп маани беришпейт. Конокторду жөнөкөй тосушат.

Ал эми Талас жергесинин ылдыйкы райондорунда конок тосууда салт санаа, ырым- жырымдарга өтө терең маани менен карашат. Мисалы Таластын төмөнкү райондоруна тойго барып калсаң кирип келе жатканда эле атчандар астыңа улак алып келип ташташат.

Андан кийин чайга киргизип ичкен пиялаңа акча салып узатмайынча кыйнап бата сурабай, чай куймайлары бар. Мындай көрүнүштү “тердетмей” деп коюшат. Ошентип той өтө турган дастаркондун четине келип дастарконго көрүндүк да бересиң, андан соң өрдөккө окшош кылып быжы жасап келип аны келиндер “огуң болсо атып ал – пулуң болсо сатып ал” деп аны сатып аласың. Муну аймактагы айрым тургундар элдин байып, жашоосунун жакшырганы менен түшүндүрөт.

Артисбек Бошкоев, Талас шаарынын тургуну:

- Талас өрөөнүн ылдыйкы тарабында төөбурчактын кирешеси менен байыгандар көп. Азыр тойго барсаң дасторкондо илгеркидей боорсок, чай, кант гана эмес балык, тоок, идүккө чейин коюлган. Колунда барларга теңелебиз деп атаандашып кедейлер деле укмуш той бере баштады. Эми мунун баары элдин жетишкенинен улам болушу керек.

Сүйүмкан Чымырбаева, Талас районундагы Көк-Ой айылынын тургуну:

- Азыр баланы бешикке салганга да кошумча чыгымдар пайда болду. Мурун бешик тойго аялдар гана барчу азыр болсо толгон эл барып чоң тойго айланып кетип атат. Килем, таттуу- тарапа, кийит алып барып, болуп көрбөгөндөй чыгымдар көбөйгөн.

Ушул жылдын жаз айларында конок тосуудагы ысырап корчулук боюнча Талас облустук акимчиликте жыйын болгон. Анда облус башчысы атайын токтом кабыл алып, ашыкча чыгымдарды азайтуу тууралуу айткан. Бул туурасында Облустук администрациясынын диний иштер боюнча адиси Бектурсун Нуржанов төмөнкүлөрдү белгилейт:

- Конок тосуудагы ашыкча чыгымдарды токтотуу үчүн бийлик өкүлдөр, жетекчилер баш болуп аракет кылыш керек. Бирок бүгүнкү учурда бийлик өкүлдөрү өздөрү бул ишти аткарбай тескерисинче күчөтүп келишүүдө. Ысырапкорчулукту токтотуу өтө кыйын болуп калды. Ысырапкорчулук баардык жерде эле жоюлуп калды деп гезит беттеринен окуп каласың, бирок Талас жеринде бул күчөп жатат.

Таластыктардын конок тосуудагы сыйлуу тамагы Чүй, Нарын, Көл дубандарына салыштырмалуу камыр, Таластыктар айтсакчы “гүлчө”. Эттерди устукандаганда башка дубандарда койдун башын кичүүгө узатса, Таласта койдун жанбашы менен койдун башын чогуу эң улуу конокко тартышат.

Нарында тойлордун формасы өзгөрдү

Таластыктардан айырмаланып Нарын аймагы этти устукандоого устат болгону менен баштын улук экенине карабай, үй коногуна эркегине жамбаш же аял кишиге куйрук тартат. Малдын жумшак жерине качырган бул аймактын эли башка дубандыктар үчүн али күнчө лакапка айланып келет. Теңир-Тоодо ар бир тойдун соңу эт тартуу менен жыйынтыкталып, “Эт- кет” дегенди билдирет деп тамашалап калышат. Алэми соңку кездер Нарын аймагындагы той- аш өткөрүүнүн формасы өзгөрүп, эл көбүн эсе ыңгайлуу жагына ыктап баратканы айтылат. Бул чоң- чоң той- аштарда ачык көрүнбөсө дагы келин алып, кыз бермей салттарында даана байкала баштаганын жергиликтүү тургундар өздөрү айтып келишет.

Баткендеги той шааниси демделген күрүч, демделген чайда...

Баткен аймагындагы тойго жайылган дасторкондо жер- жемиштин түрү жайнап турганы шарт. Соңку кездер келген конокторго мал союуда өзгөчөлүктөр киргизилип, койдун этине караганда эчки, улактын эти бааланып жатканы айтылат. Себеби калк арасындагы кан басымы көтөрүлгөндөрдүн көбөйгөнү этти да тандап жегенге аргасыз кылды деп белгилейт Баткен аймагынын тургуну Алтынбек Мисиралиев “Азаттыкка” берген маеги учурунда:

- Кыргыз келген коногуна тамак- ашы тартыш болгон күндө да пейилин кенен салып колунда болгонун коюп келген да. Азыр кудайга шүгүр элдин жашоосу жаман эмес. Азыр башка дубан элдериндей эле Баткендеги той дасторкондору түрдүү тамактар менен толтурулат. Биздин бир гана өзгөчөлүгүбүз тойдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө сөзсүз “Ак турпак” күрүчүнөн аш басып беребиз.

Гүлназ, Баткен аймагынын тургуну:


- Мейман тоскондо биз бардык ишибизди токтотобуз. Негизинен бизде жакшы демделген көк чай жана аш биринчи орунда. Тойлордо электрге кайнаган эмес, атайын очокко чай кайнатып, жакшы демдеп келиндер конокторго киргизип турушат. Колубуздан келишинде тапкан дүйүмдөр менен конокту узатабыз да.

Ал эми той өткөрүү жагынан алдыда турган Чүй аймагы жана Бишкек шаарында ысырапчылыктын күч алганын кезегинде бир катар депутаттар ЖКнын кезектеги жыйынында да көтөрүп чыгышкан. Бирок иш жүзүндө тойлордун шааниси жана шарты барган сайын татаалдап, чыгымы да көбөйүп баратканы айтылып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG