Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Үрүмчү окуясынын Бишкектеги соодагерлерге таасири тийген жокпу?


Бишкектин "Мадина" базарындагы уйгур соодагерлери, 9-июль, 2009-жыл.

Бишкектин "Мадина" базарындагы уйгур соодагерлери, 9-июль, 2009-жыл.

Үрүмчүдөгү кандуу калаба Кыргызстандагы уйгурларга кандай таасирин тийгизүүдө? Кездемеден тарта түрдүү кытай товарларын алып келип сатышкан уйгурлардын бүгүнкү абалы кандай?

Бишкек шаарындагы кездемелер сатылуучу “Мадина” базарындагы соодагерлердин дээрлик басымдуу бөлүгүн уйгурлар түзөт. Алар товарларын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан алып келип сатышат. Көбүнүн ал жакта тууган-туушкандары, там-ташы калган.

5-июлда болгон Үрүмчүдөгү кандуу калаба алардын ишмердүүлүгүнө кандай таасирин тийгизип жатат? Деги Кытайга байма-бай каттап соода кылышкан уйгурлардын бүгүнкү абалы кандай? Жаңжалдан кийин алардын келип-кетүүлөрүнө тоскоолдуктар болгон жокпу?

Кесиптешим Мирлан Токталиев экөөбүз “Мадина” базарындагы уйгурлардын абалы менен таанышып, жогорудагы суроолорго жооп издедик:

“Азаттык”: - Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз?

- Атым Али...

“Азаттык”: - Соодаңыздар кандай болуп атат?

Али: - Соода азыр жакшы болбой жатат.

“Азаттык”: - Эмнеге жакшы болбой атат?

Али: - Орусиядагы базар жабылыптыр деп соода жакшы болбой атат го...

“Азаттык”: - Кытайда уйгурлар менен кытай улутундагылар жаңжалдашып кетишти эле. Ошол окуя соодаңыздарга таасирин тийгизген жокпу? Анткени силер товарларлды ошол жактан алып келесиздер да?

Али: - Ооба ошол жактан алып келебиз. Бирок ал проблема бизге таасирин тийгизбейт.

“Азаттык”: - Чегарадан кыйналган жоксуздарбы?

Али: - Жок-жок кыйналган жокпуз. Азыр жакшы эле, товарлар деле жакшы келип атат.

“Азаттык”: - Жаңжалдан кийин товарлар дурус эле келип атабы?

Али: - Ооба жакшы эле келип атат. Баалары деле жакшы эле...

Дагы бир Шүкүрмамат аттуу уйгур соодагери төмөнкүлөрдү айтты.

«Азаттык»: - Соодаңыздар кандай?

Шүкүрмамат: - Соода азыр жакшы эмес үке...

«Азаттык»: - Эмнеге жакшы болбой атат?

Шүкүрмамат: - Бүтүндөй дүйнө каржы кризисине учурады го. Ошондуктан азыр жакшы болбой атат окшойт.

«Азаттык»: - Кытайдан товарлар кандай келип атат?

Шүкүрмамат:- Жакшы эле келип атат.

«Азаттык»: - Кытайда 5-июлда жаңжал чыгып, Үрүмчү шаарында кагылыштар болду эле. Ошолор сиздерге таасирин тийгизген жокпу?

Шүкүрмамат: - Жок тийгизген жок. Аны уккан деле жокпуз, таасири бизге тийген деле жок.

«Азаттык»: - Кыргызстандагы уйгурлар менен кытайлардын мамилеси жакшы элеби?

Шүкүрмамат: - Жакшы эле. Ал жагынан азырынча кеп жок, жакшы.

Ырасмий маалыматтарга ылайык, Үрүмчүнүн өзүндө абал курч болгондуктан дүкөндөр жабылып, базардагы баалар кыйла өсүп кеткен. Ошондон улам айрым талдоочулар божомол кылышып, Кыргызстанга каттаган уйгур соодагерлеринин иши да оорлой баштаарын, алардын колундагы кездемелердин баасы өсөөрүн айта башташкан. Бирок биз күбө болгондой “Мадина” базарындагы соодагерлер баары жакшы экендигин айтышууда.

Айрым талдоочулардын пикиринде, акыркы мезгилде уйгурлардын арасында деле эки түрдүү көз караштагы адамдар пайда болду. Бир тарабындагылар кытай бийлиги аларга баарыбир өз топурагын бербесин түшүнүшөт жана Кытайдын курамында өнүккөн мамлекетте жашоону каалашат. Ал эми экинчи тарабындагылар улуттук боштондукка, эгемендикке курал менен болсо да жетүүнү көздөшөт.

Жаш тарыхчы Манас Эшенкуловдун пикиринде, соодагер уйгурлардын арасында боштондук деп жулкунгандар деле болбошу мүмкүн. Анткени көтөрүлүш, улуттук боштондук деген сыяктуу маселелер жарды коомдун арасынан гана чыгат. Анын үстүнө Кытай бийлиги соңку кездери өлкөнүн батышын, анын ичинде Шинжаң аймагын өнүктүрүүгө миллиарддаган каражаттарды жумшоодо:

- Кытай азыр көбүнчө өлкөнүн чет жактарындагы азчылыктарды өнүктүргөнгө аракет кылып атышат. Алардын ойлору боюнча, эгер ошол азчылыкты канчалык өнүктүрсөң - өнүккөн коомдо адамдын аң-сезимдери өзгөрөт дешет. Мындайча айтканда, көз карандылык үчүн күрөшүш керек эле деген сыяктуу улутчулдук сезимдер жуулуп кетет, дүйнөлөшүү процесси абдан тез жүрөт деп ойлоп атышат өнүккөн жерде. Бул алардын жаңы саясаты, аймактарды өнүктүрүү боюнча. Көбүнчө, күрөшүү, боштондук деген сыяктуу ызы-чуулардын баары артта калган коомдордо пайда болот. Анын үстүнө Шинжаң аймагы кен байлыкка бай, аны Кытай эч качан бербейт. Экинчиден ал жерлер уйгурлардын түптүү жери эмес. Илгери уйгурлардын каганаты Орхон, Эне-Сай жакта болгон. Кийин кыргыздар талкалаганда гана азыркы жерине качып кетүүгө аргасыз болушкан.

Мамлекеттик Бажы комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдылда Малдыбаевдин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, ушул тапта кыргыз-кытай ортосундагы соода каттамдары мурдагыдай эле уланууда:

- Кытай-кыргыз чегарасы мурда кандай иштеген болсо, азыр деле ошондой иштеп атат. Айта кете турган болсом, учурда Торугарт бажысы аркылуу Кытайдан 48 жүк ташыган авто унаа өтүп келип, бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн соң бери карай жөнөштү. Кытайдын аймагы аркылуу Кыргызстанга эч тоскоолсуз авто унаалар өтүп келип атышат.

Адистердин айтымында, уйгур соодагерлери кандай болгон күндө да Кытай бийлигин сындаган, айыптаган пикирлерди айта алышпайт. Анткени Шинжаңда алардын үй-бүлөсү, туугандары, үй-жайы бар.

Кыргызстанда болсо туруктуу жашаган уйгур улутундагылардын саны алтымыш миңге чукулдайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG