Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Курман Aйтты чет элдеги кыргыздар да белгилөөдө


Бүгүн мусулмандар Курман Aйтты майрамдап жатышат. Ошондой эле бул күндү чет жерде жүргөн кыргыздар да белгилөөдө.

Бүгүн таңда Бишкектеги эски аянтка сексен миңдей адам айт намазга чогулду. Намаз Кыргызстандын муфтийи Муратаалы-ажы Жумановдун имамдыгы алдында өттү. Андан соң куран окулду. Намазга келгендердин арасында жаштар өтө көп болду. Алардын бири Бакыттын айтымында, акыркы кездерде намазга жыгылган, орозо туткан жаштардын саны арбып барат:

-Бүгүнкү намазга эл көп чогулду, алардын арасында жаштар өтө көп экен. Мен дагы досум менен намазга жетишип калалы деп шашып келип, аянт толуп калганын көрдүк. Анан эптеп тээ Фрунзе көчөсү жактан орун таап жайгаштык.

Бакыт өзү намазга 12 жашынан бери жыгылат. Ар жума сайын мечитке барып, убагы келгенде орозо кармайт. Бүгүн болсо Курман айт майрамына карата козу союп, тууган-урукка таратканы турат. Анын айтымында, колунда бар адамдар сөзсөз түрдө курмандыкка мал союшу абзел:

-Бүл күнү мүмкүнчүлүгү бар адамдар кан чыгарып, этин өзү эле жеп албастан, башкалар менен бөлүшүшү керек. Мал арык-торук, оорулу эмес, семиз, жакшы болушу керек. “Эптеп ушу араң жүргөн койду союп салалы” деген жарабайт.

29 жаштагы Эрнис болсо эч качан намазга жыгылып көргөн эмес. Бирок Курман майрамын жыл сайын белгилейт. Келинчеги боорсок жасап, дасторкон жайып конок күтүшөт.

-Өзүбүз дагы тууган-урукка айттап барабыз. Дүйнөдөн өтүп кеткендерге арнап куран окуйбуз. Биздин үйгө да жоро-жолдоштор айттап келет. Негизи жакшы майрам.

Курман айтты чет элде жүргөн замандаштар дагы майрамдоодо. Орусиядагы кыргыздардын “Ала-Тоо биримдиги” уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиеванын айтымында, Москвада намазга кары-жаш дебей көп кыргыздар чогулду:

-Айт намаз менен жума намаз туура келгендиктен кыргыздардын көбү мечитке кетишти. Эдин маанайы жакшы. Ар кыл коомдук уюмдар майрамга карата иш-чараларды уюштурду. Колунда барлар каражат чогултуп, муктаж болгондорго жардам берип жатышат. Албетте, кой союлуп, боорсок жасалды. Ансыз болчубу. Ал эми бул жактагы кыргыз элчилиги коомдук уюмдардын жетекчилерин, аксакалдарды бүгүнкү майрамга карата чайга чакырды.

Жамиля айымдын айтымында эртең Москвада Курман айт майрамына карата Кыргызстандан белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт өтөт.

Бүгүнкү майрамды түркиядагы кыргыздар дагы белгилеп жатышат. Стамбулдагы “Кыргыз жаштары” бирикмеси атайын майрамдык иш-чара уюштурган. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү Надира Момбекова “Азаттыкка” буларды айтты:

-Стамбулдагы жаштар бирикмеси бул жактагы кыргыздардын проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында ар кандай иш-чараларды уюштурат. Ал эми Курман айтка карата уюм атайын майрамдык иш-чара өткөзөт. Курмандык чалып, дасторкон даярдашыптыр. Эми, бул шаардагы кыргыз жаштары ошол майрамда кезигебиз.

XS
SM
MD
LG