Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Бүгүн жарык көргөн “МК Кыргызстан” менен “Дело №...” гезиттери Кыргызстандын геосаясаттагы абалы жана ички турмушу тууралуу жазып чыгышты.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити ушул жылдын 2-январында Москва мамлекеттик университетинин маалымат-аналитикалык борбору Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Гүлнур Рахматулинанын “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр-чатак маселелери” деген макаласын жарыялаганын белгилеп, чырдын өзөгү жер жана суу талаш жагдайында жатат дегенине токтолот.

Алтургай жаңжал күчөп олтуруп, эки өлкөнүн ортосундагы согушка чейин жетиши мүмкүндүгү айтылат. Казак президентинин кеңешчи айымынын талдоосунда Кыргызстан менен Тажикстандын саясый элитасы өз өлкөлөрүнүн “боло албай калган мамлекет эмес” экендигин далилдеш үчүн бири бирине экономикалык жана аскердик артыкчылыктарын көрсөтүүгө далбас урат. Бул эки мамлекет ансыз деле өз ара маалымат согушун жүргүзүп келе жатат.

“Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, жергиликтүү телеканалдар жакында Бишкек-Ош жолу менен түштүктү көздөй кетип бараткан бронемашиналарды көрсөткөн. Тагыраак айтканда түндүктөн түштүктү көздөй аскер күчтөрү алынып барган. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чегарасынын 467 жери тактала элек.

Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун өзбек-кыргыз чегарасында чыр чыгып барып басылган. Ал эми тажик-кыргыз чегара бекетинде өткөн жылы мындай чырдын жетөө катталган. Гезит андан ары мындан эки жума мурда кыргыз президентинин басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинин аппаратына шилтеме кылып, 15-апрелге чейин атайын комиссия Кыргызстандын улуттук коопсуздугу боюнча долбоор сунуш кылганы жатканын ырасмий түрдө жар салганын кабарлайт.

Маанилүү деген мамлекеттин документинин минтип шашылыш даярдалып жатканын атка минерлер эларалык абалдын өзгөрүшүнө, дүйнөлүк экономикалык кризиске жана өнүккөн державалардын саясатына байлай салышты дейт. Суроо туулат. Коопсуздук кеңешинин мынча апыл-тапыл киришип калганынын анык себептери кандай?

Кеңештин башчысы Адахан Мадумаров жана ага чейин иштеп кеткен начальниктер каякты карап олтурушкан? Эмне үчүн өлкөнүн коопсуздук стратегиясы мурда эле иштелип чыккан эмес? Республиканын түндүгүндөгү аскерлердин күтүүсүз түштүккө жайгаштырылышынын чыныгы себеби эмнеде? “МК Кыргызстан” гезити “Тынчтыкты каалаган үчүн согушка даярданып жатабызбы” деген макаласын ушундай суроолор менен аяктаган.

Ушул эле гезит Бишкек шаар кеңешинин депутаттары ушул жылдын ноябрь-декабрь айларында сууну пайдалануу боюнча төлөм акылары дагы кымбаттай тургандыгын, муну менен катар эле күйүүчү майлар жана электр энергиясы да жогоруларын кабарлады. Гезит ошондой эле Кыргызстандын автосүйүүчүлөр кошуну дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен жолдон салык алуунун системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү сунушу менен чыкканын жазды.

Өткөн жылы жол салыгынан өлкөдө 200 млн. сом жыйналган. Бул акчага болгону 40 чакырым жолду гана оңдоого болот. Автосүйүүчүлөрдүн башчысынын айтуусунда кытайдын оор жүк тарткан машиналары да жол салыгын төлөшү керек. Бизде азыр майда автобустардын, таксилердин айдоочулары жана машина айдаган пенсионерлер жол салыгын дайым эле төлөй бербейт. Эгер баары төлөсө орто эсеп менен эле жылына 2 млрд. сом түшмөк. Бул акчага өлкөнүн бардык жолдорун мизилдетип чыкса болот. Мындай тажрыйба АКШда бар. Өзбекстан менен Орусия эми киргизгени жатат.

“Дело №...” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болотбек Шерниязов менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын тергөөчүсүнүн ортосунда кызыктай алым сабак болгонун маалымдады. Б. Шерниязовду Садыркуловго байланыштуу тергөөгө чакыртышат. “Эмнеге чакырдыңар?” деп сураганда:”Садыркуловду өлтүрүп кеткендикке байланыштуу” дейт тергөөчү. “А эмне, Садыркуловду өлтүрүп кетиптирби?” деп сурайт Б. Шерниязов. “Тоюс, Садыркуловдун өлгөнүнө байланыштуу” дейт тергөөчү. “А эмне, Садыркулов өлдүбү? Сиз аны машинанын ичинде өлгөн деп эсептейсизби?” деп сурайт Шерниязов тергөөчүдөн. Ошону менен экөөнүн ортосундагы сөз бүтөт. Сурак токтоп, аны экспертизанын жыйынтыгынан кийин чакыртышарын айтып кое берет.

Кабарчынын: “Эмне үчүн сизди суракка чакыртышты?” деген суроосуна Б. Шерниязов: “Анткени менин телефонумда Садыркуловдун номуру болгон. Ошон үчүн”деген Б. Шерниязов.

“Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетели Садыркуловдун өлүмүнө байланшытуу буга дейре “Ата Мекен” партиясынан Өмүрбек Текебаев да суракка алынган.

“Өлкө кедерине кеткенден кетип барат. Кайда барба жумушсуздук, жарык жок, салык өсүүдө, кылмыш күчөөдө, мыйзам иштебейт, коррупция “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илүүдө”. Саясый атаандаштар куугун-сүргүнгө алынып, республика полицейлик жандарм өлкөсүнө айланууда. Эл мындай жашоого тоюп бүттү. Демек жакшылык күтүүгө болбойт. Ошондуктан оппозициянын айрым талаптарын Бакиев канааттандыруу аркылуу шайлоого барат. Оппозицияны эми алдаш кыйын. Анткени оозу далай ирет күйгөн. Ал бүгүн президенттин бир да сөзүнө ишенбейт. Бирок кокус президенттикке талапкер болуучу оппозиция лидери жалгыз түндүктөн болсо Түндүк-Түштүк маселеси кайрадан от алып, жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Экинчиден Маскөө жана Бишкек Вашингтон менен келишимге келип, Ганси авиабазасы өз ордунда калат” деп айтты бүгүн ушул эле “Дело №...” гезитиндеги “Курманбек Бакиев кимди мураскор кылат?” деген интервьюсунда доктор Жеңишбек Назаралиев.

Ал андан ары президенттикке талапкер катары Бакыт Бешимовго артыкчылык берерин, ал туруктуулугу, билимдүүлүгү, жакшы тарбиясы жана дүйнөлүк абалды терең түшүнгөндүгү, бир канча чет тилдерде сүйлөй алгандыгы менен башкалардан кыйла айырмаланарын, эгер Бешимов шайлоого чыкса Түндүк-Түштүк кагылышуусу да болбой тургандыгын айткан.

Гезит мындан тышкары М. Садыркуловдун жана аны менен кошо болгон деп шектелип аткан адамдардын калдыгы Маскөөдөгү экспертизадан өтүп, жыйынтыгы чыгып келгенин, маскөөлүк адистер өлгөн кишилердин калдыгы Садыркулов, Слепченко, Сулаймановго таандык деп белгилегенин, бирок Башкы прокуратура аны азырынча ачык шардана кылбай жаткандыгын, анткени өлгөн адамдардын жакындарынын талабы боюнча дагы бир экспретиза Бишкектин өзүндө жүргүзүлүп атканын, анын бүтүмү апрелдин ортосунда аныкталарын, Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу суроолорго ошондо гана толук жооп берилерин жазды.

XS
SM
MD
LG