Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Дүйнө коомчулугу 5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында болгон кандуу окуяны дале кеңири кеп кылышууда. Кыргызстандык адистердин айтымында, маал-маалы менен болуп келаткан уйгур жаңжалынан алчу сабактар көп.

Кытайдын Шинжаң уйгур автономдуу районунда ырасмий маалыматтарга караганда 10 миллиондон ашуун уйгурлар жашайт. Учурда уйгур элинин өз мамлекети болбогону менен тарыхта бул эл үч жолу кубаттуу каганат түзгөнгө жетишишкен. Акыркы уйгур каганатын 840-жылы энесайлык кыргыздар талкалап, уйгурлар түштүктү көздөй, азыркы Кытайдын Шинжаң аймагын карай чегинүүгө аргасыз болушкан. 1944-жылдары уйгурлар көтөрүлүштүн аркасында кыска аралыкта эркиндигине ээ болду делгени менен 1949-жылы геосаясий соодалашуулардын негизинде Кытай мамлекетине биротоло каратылган.

Кытайдын репрессиялык иш-аракеттеринин аркасында чет мамлекеттерге качууга аргасыз болгон уйгурлардын айтымында, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан бери Кытайдын коммунисттик бийлиги негизинен түрк элдери жашаган эски Чыгыш Түркстан элин ассимиляциялоо саясатын катуу жүргүзүп келатат. Бул аралыкта көптөгөн уйгур лидерлери, интеллигенция өкүлдөрү “ашынган түркчүл, улутчул” деген шылтоо менен жок кылынган. 5-июлда чыккан кандуу жаңжал дал ошол көптөн бери жыйналып келаткан уйгур жарасынын жарылышы дешет.

Адистердин пикиринде, сан жагынан кыргыз элинен алда канча көптүк кылган уйгур элинин мындай кейиштүү тагдыры ушул тапта Кыргызстанга өзгөчө чоң сабак боло алат. Өзгөлөрдүн түшүнө эгемендик, эркиндик кирип, ал үчүн колго курал алганга чейин барып атышкан чакта Кыргызстанда эркиндик бааланбай, баркталбай калганын, алакандай жер жең алдынан сатылып атканын айтышат.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, кыргыздарга эгемендик оңой-олтоң гана тийип калды. Ал эми СССР доорунда эле кулчулук, жагымпоздук аң-сезимге, түшүнүккө ээ болуп калгандар аны баалап-барктай албай, тилине, аны менен кошо мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туудурушууда:
Аскарбек Мамбеталиев

- Биздин эле тууган эл болгон уйгур элин карагыла, кырылып атат. Алардын боштондукка чыгышы күмөн. Аларды кытайлар эч качан боштондукка чыгарышпайт. Ошондуктан биз кыргыздар кара курсакты эле ойлой бербей келечекти, элди, мамлекеттүүлүктү ойлосок. Жаныбыздагы чоң мамлекет чынын айтканда дос эмес. Дос болуп жүрүшү мүмкүн, бирок булар кезеги келгенде басып кирип, жеп жок кылып коюшу мүмкүн. Биздикилер аны ойлобой, мамлекеттүүлүгүбүзгө да шек келип атат окшойт.

Укук коргоочу жана жаш саясатчы Урмат Акуновдун айтымында, эгемендүүлүктү алгандан бери бийликтин бийик бутактарында отургандар аны бааламак түгүл жеке кызыкчылыктарын көздөп сатканга өтүштү. Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны деле дал ошол эгемендикти, мамлекеттүүлүктү баалай албагандар коргой алышпады. Ошондой эле У.Акунов, Нарын облусунундагы атактуу Аксай менен Арпа жайлоолору Кытайга 49 жылга ижарага берилиптир деген маалыматтар тарап атканын, андай боло турган болсо эл көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтат.

Жаш экономист жана саясат изилдөөчү Нурмат Жумакановдун пикиринде, Шинжаң автономдуу районундагы уйгурлардын эгемендүүлүккө жетиши абдан эле күмөндүү. Анткени саны жагынан миллиарддан эбак ашкан Кытай акырындап отуруп уйгур калкын өзүнө сиңирип кеткенге аракет кылат. Андыктан Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүн туура баалай билиши, анын символдору болгон аймактык бирдиги менен тилин коргоосу керек:

- Уйгурлар сыяктуу башка чоң элдер эгемендик ала албай жүрүшөт. Бул жерде биз болсо акыркы 19 жыл ичинде мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдегенге жакшы аракеттерди жасай алышкан жок. Качан андай иштер жасалып атат деп айтсак болот? Качан гана биз 1990-жылдардын башындагы эгемендиктин шамалы менен баштаган реформалар улантылып, аягына чыгарылганда. Ошол максаттарды туура аткарганда балким Кыргызстандын абалы азыр башкачараак болмок. Бирок тилекке каршы ал иштер орто жолдо туура эмес кетти.

Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн кылымдын биринчи жарымында Шинжаң районундагы элдин дээрлик басымдуу бөлүгүн уйгурлар түзгөн. Ал эми хан кытайлардын саны 10 пайызга да жеткен эмес. Кийинчерээк Кытай бийлиги аймакка болгон көзөмөлүн күчөтүп, Шинжаң уйгур автономдуу районуна ички аймактарынан миллиондогон хан кытайларды көчүрүп келе баштаган. Учурда Шинжаңда 20 миллиондой калк жашайт. Алардын 45 пайызы уйгурлар, 40 пайыздайы хан кытайлар.

Тасмада: Бишкек: кытайлык уйгурлар соодасы менен алек

Үрүмчүдөгү калаба Бишкектеги кытайлык уйгур соодагерлерге кандай таасирин тийгизүүдө?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG