Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

БИШКЕКТЕГИ ПИКЕТ ДЕМОНСТРАНТТАРДЫН КАМАГЫ МЕНЕН АЯКТАДЫ


23-мартта Бишкектин Горький аянтында Кочкордон келген шайлоочулардын пикети, Байтик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ыңкылап күрөшчүлөрү» аянтынын четинде бейөкмөт уюмдар менен жаштардын «Келкел», «Бирге» кыймылдарынын демилгеси менен уюштурулган тилектештик жыйыны өттү. Бишкектин ички иштер кызматкерлери кош жыйындын активдүү катышуучуларын кармап алып кетишти.

Бишкектеги Максим Горький аянтында «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү президент А.Акаевдин кызматтан кетишин талап кылгандарды колдоп нааразылык билдирип тургандардын катарына 23-мартта Кочкор менен Жалалаабаттан келген өкүлдөр кошулуп пикет улантылды. Жыйылгандар алдына Бишкектин Биринчи май район прокурору Кубанычбек Абылов баштаган райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, орунбасары келип, Кочкордон келген шайлоочулар мыйзам тартибин сактабай жатышканын эскертип өтүштү:

- Аксакалдар мындай, негизи бул жерде милиция жетечиси, орунбасары турат. Мен райондун прокурорумун. Анан эми, чынын айтканда, өзүңөр билесиңер, мыйзамдын жолун, кандай салыш, мынабу пикетиңер, митинг болобу, ар биринин жолу бар да, туурабы? Администрацияны өз жолу менен мурунтан кабарлап коюш керек, момундай, момундай болуп атат деп. Бул кылганыңар туура эмес.

Күч жетекчилери чогулган элден бираз узап-узабай ички иштер кызматкерлерин шыкай жүктөгөн автобус келип токтоп андан түшкөн милиция кызматкерлери элеттен келген аялдарды кармап күч менен машинеге салышты. Саны жагынан тургандардан эки эсе көп милиция кызматкерлери качып бараткан жеринен 4 аялды кармап келишти.

Кочкорлук шайлоочулар Бишкекке келиш максатын мындайча түшүндүрүштү:

- Мыйзам сактоо деп атасыңар. Мыйзам жок экен да. Эгер мыйзам болсо биз силерге мурда билдирмекпиз. Мыйзам болсо ушундай да кылабы, ушундай да болобу?! Эгер мыйзам болсо, 15 миң кишини эмнеге «өлтүрөт» айланайындар! Биз ошон үчүн келип атабыз, айланайындар!

Бишкектин экинчи бир жеринде - Байтик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ыңкылап күрөшчүлөрү» аянтына бейөкмөт уюмдар менен жаштардын «Келкел», «Бирге» кыймылдарынын демилгеси менен өтчү жыйын катышуучуларын катар тизилген милиция кызматкерлери четке сүрүп таштагандан кийин аларга аралаша түшкөн ак шапке кийген чагымчылар тынч турган жаштарга асылып, чатак чыгарганы келишкенин жашырган жок. Катарда тургандардын бири тажаал аялдарды ички иштер кызматкерлери атайы даярдап алып келгенин айтты. Ызы-чуу бираз басыла түшкөн маалда жыйын башталды.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева эмнеликтен жыйын өткөрүп жатышканын мындайча баяндады:

- Менин сиздерге айтайын дегеним, ушу тапта бүт кыргызстандыктар нааразылык билдиришүүдө, элдин чыдамы түгөндү. Баткендеги, түштүктөгү, Кочкордогу, Таластагы, Аксуудагы жана башка жерлердеги элдин оор турмушу нааразылыкты чыгарууда. Эми болсо президент бардык маселени мыйзам чегинде чечели деп жатат. Ага эл деле каршы эмес, 15 жылдан бери калк мыйзамдын сакталышын талап кылып келатат.

Жыйында айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев сөз алып сүйлөп жатканда милиция кызматкерлери ал жерде тургандарды бир четтен кармап, машинени карай дегдеңдетип сүйрөп жөнөштү. Аянттагы миңдей кишинин 28 адам кармалып, тынч жыйын будуң-чаң түштү да калды.

Кармалгандар Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, административдик иш козголуп, ушул эле күнү кечинде ал Биринчи май райондук соттун көчмө отурумунда каралды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өткөн соттук териштирүүдө №1 университет шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катышкан Болот Мариповго эскертүү берилип, калган катышуучулар Кыргызстан Акыйкатчысынын кепилдиги менен сот залынан бошотулду.

Сот жабык эшик артында өтүп ага ЕККУ өкүлү, журналисттер, эларалык уюмдардын өкүлдөрү киргизилген жок. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган кинорежиссер Болот Шамшиев мурда эле бошотулган. Жыйынга катышты деп айыпталгандардын соттун ачык өтүшүн талап кылган өтүнүчү канааттандырылбады.

Сүрөттө: милиция демонстранттарды камакка алып жатат.

XS
SM
MD
LG