Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Маматказы Капаров: Ыңкылаптан ар ким өз пайдасын алды


Маматказы Капаровду “Мен чындыкты билгим келет!” акциясынан кармап баратышкан учуру, 23-март, 2005

Маматказы Капаровду “Мен чындыкты билгим келет!” акциясынан кармап баратышкан учуру, 23-март, 2005

Кыргызстанда ыңкылап алдынан “КелКел”, “Бирге” жаштар уюмдары пайда болушун айрымдар тарыхый зарылдык катары баалашса, кээ бирлери муну “сырттан келген саясий технологдордун кезектеги оюну” деп аташкан. Март окуяларынын төрт жылдыгын утурлай “КелКел” уюмунун активдүү мүчөсү Маматказы Капаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - КелКел” уюмуна атты сиз тапкан экенсиз. Эмне себептен ушинтип атадыңыздар?

Маматказы Капаров: - Биз башта “КелКелди” беш адам (Маматказы Капаров, Казбек Абралиев, Чынара Айтбаева, Жамиля Жээнбаева, Тимур Абылаев) баштаганбыз. Ошондо ар бирибиз өзүбүз билген аттарды жазганбыз. Мен “КелКелди” сунуштагам. Жанагы Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычынан” кийинки “Келкел” деген китеби бар да. Бул атты тандаганымдын себеби “келкелдин” мазмунун которгондо, бул – жаңылануу, кайра жаралуу дегенди туюндурат экен да. Ошол убакта биздин, жаштардын, жашоосу, жалпы Кыргызстандын жашоосу жаңыланууга муктаж деп ушул атты тандаганбыз.

“Азаттык”: - “КелКел” 2005-жылы 10 –январда түптөлүптүр. Март ыңкылабына дейре үч ай иштепсиңер. Сиз башында “КелКелге” мүчө болуп киргенде, алдыга кандай максат койдуңар эле?

Маматказы Капаров: - Бизде башта ыңкылап жасоо максатыбыз деле болгон эмес. Башта түптөлгөнүбүздө, өзүбүзгө студенттердин укугун коргоо максатын койгон элек. Укук бузуулар №1 унивеситет шайлоо округунда башталган. Ал жерде жаштардын, студенттердин укугу бузулган. Биз ошондо студенттердин укугун коргоо боюнча өнөктүктү баштаганбыз. “КелКелди” алгач уюм катары каттоодон өткөрүү оюбуз деле болгон эмес. Бул убактылуу эле өнөктүк болгон да. Башында “Тынч каршылык билдирүү жарандык кыймылы” деп атаганбыз. Шайлоо бүткөнгө чейин эле иштейбиз деген максат болгон.

“Азаттык”: - Ыңкылаптан бери төрт жыл өттү. Өлкөдөгү бүгүнкү ал-акыбалга карата кандай ойдосуз?

Маматказы Капаров: - Кыргызстан үчүн бир кадам болсо дагы, өзгөрүү болду деп ойлойбуз. Менин жеке оюмча, биз өзүбүздүн ошондогу максатыбызга жеттик. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болду. Бир гана жери, менимче, туура эмес адамдар тандалып калды. Бийликке, кайра ошол эле тегеректеги адамдар келишти. Себеби, андан башка бизде альтернатива жок болчу. Башка жаңы адамдар келсе, балким, башкача болмок.

“Азаттык”:
- Ыңкылап өз максат-мүдөөсүнө жеттиби?

“КелКел” аянтка карай жүрүш учурунда, 24-март, 2005
Маматказы Капаров:
- Ыңкылап максатына жетти. Андан кийинки өнүгүү жолу, балким, кайра эле ошол бойдон калып, туура эмес кетип жаткан учур болсо керек.

“Азаттык”: - Учурунда айтылды эле, азыр деле “КелКелди” четтен келген саясий технологдор түптөгөн деп айтышат. Ушул нерсе канчалык деңгээлде чындыкка коошот?

Маматказы Капаров: - Азыркыга чейин мындай талаш-тартыштар көп болуп келет. “Сырттан Америка колдогон”, “саясий күчтөрдүн алдында иштеген жаштар” деп айтып жүрүшөт. 24-мартка чейин бизге эч кандай колдоо болгон эмес. Мисалы, биз кандай өнөктүк өткөрсөк да өзүбүздүн жаныбыздан акча чыгарчубуз. Эсеп-кысаптарыбызды жүргүзгөн өзүбүз шайлаган адамдарыбыз бар болчу. Акырында отчет бердик. Эсептеп келсек, 24-мартка чейин өзүбүздүн жаныбыздан үч миң АКШ долларын коротуптурбуз. Башында жаштардын укуктарын коргоо боюнча долбоорлор жазып алып кээ бир фонддорго барганбыз. Эч ким бизге жардамга келген эмес. Бирок 24-марттан кийин аябай көп донорлор “биз силер менен иштешели“ деп келишти.

“Азаттык”: - Ыңкылапка жаштардын салымы, анын ичинде “КелКелдин” салымы чоң экендиги айтылып калат. Ал эми ыңкылап жаштарга эмне берди? Мисалы,“КелКелге”?

Маматказы Капаров: - Эгер биздин арабыздагы жаштарды ала турган болсок, айрымдары алдына койгон максаттарына жетти деп ойлойм. Кээ бирлери азыр бийликтин өкүлү болуп калышты. Бийликти максат кылбагандары өздөрүнүн жолдору менен кетишти. Бир кадамга болсо да жаштар үчүн өнүгүү болду десем болот. Бардык жерде эле ушундай экен. Мына Украина, Грузияны деле алсак, “Кмара”, “Пора” уюмдарынын жаштарынын айрымдары бийликке келип, дагы бирөөлөрү ордунда калышты, башка тармактарга кеткендери да болду. Ар ким ар кандай пайда алды.

“Азаттык”: - Ыңкылаптан кийин Кыргызстандагы бир нече жаштар уюмдары бийликке кайрылуу жолдоп, жаштарды саясатка активдүү тартуу боюнча сунуштарын айтышкан эле. Мисалы ЖКке талапкерлердин курагын 22 жашка төмөндөтүү талабы бар болчу. Ал сунуштар эске алынбады. Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Маматказы Капаров: - Кайсыл бийлик болбосун, аларга активдүү жаштардын кереги жок. Азыр деле бизде аябай активдүү жаштар бар. Бийлик аларды саясатта өздөрүнө атаандаш катары көргүсү келбейт. Бийлик эч качан жаштарды саясатка жакындаштыргысы келбейт. Эгерде өздөрүнө керек болсо, колдонушу мүмкүн.

“Азаттык”: - “КелКел” уюмуна ыңкылап алдында клон да уюштурулганы бар. Ушул туурасында эмнелерди айта аласыз?

Маматказы Капаров: - Клон боюнчабы...? “Келкелдин” аты чыга электе эле ага клон чыгарышкан. Биз 15-январда Интернетте өзүбүз тууралуу маалымат бердик. Себеби, маалымат каражаттарына бизге эч кандай жол жок эле. Көп өтпөй эле 18-январда “Кабар” маалымат агенттигинде “КелКелдин” клону маалымат жыйынын берди. Биз бешөөбүз (чыныгы “КелКелди” түптөгөндөр) бири-бирибизге чалып, ким маалымат жыйынын өткөздү деп сурап калдык. Өзүбүз да билген жокпуз. Ал бийлик тарабынан түзүлгөн клон уюм болду. Алар кай жерде болбосун бизден мурун барып, биз жасачу иштерди кылышчу. Кандайдыр бир маалыматтык агым да болгон да. Бизде кандай план болсо, алар бизден бир саат мурун ошого жетишип калчу. Мисалы, февраль айында “Акипресс” малымат агенттигине саат 12.00 маалымат жайынын берели десек, алар саат 11:00 белгилеп коюшуптур.
Биздин уюмдун лидери - Чынара Айтбаева болсо, алардын уюмунун лидери –Айсулуу Айтбаева деген кыз эле. Фамилияларынан бери окшоштурушкан.

“Азаттык”: - “КелКел” уюму ыңкылаптан кийин өзүнүн ишмердигин анча активдештирген жок. Буга эмне себеп болду?

Маматказы Капаров: - Ыңкылапка чейин баарыбыздын башыбызды бириктирип турчу нерсе болгон. Ыңкылап болуп өттү. Андан кийин кандайдыр бир деңгээлде өнүгүү болду. Андан 1-2 жылдан кийин кайра эле башка нукка түштү.

“Азаттык”: - Айрым саясий аналитиктер азыркы кырдаалды кайра эле 2005-жылдагыга салыштырышат. “Келкел” кайра активдешпейби?

Маматказы Капаров: -
Азыр “КелКел” активдешет деп айта албайм. Себеби уюм өзүнүн учурунда өзүнүн ишин аткарды. Биздин мүчөлөрдүн ар бири өз жолдорун таап кеткен. Алардын кайра чогулушу кыйыныраак болсо керек деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG