Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Кыргызстанда “жоогазын ыңкылабына” эртең төрт жыл толот. Ушул күнгө чейин өлкөнүн өзүндө да, дүйнөдө да анын чынында эмне болгону тууралуу карама-каршы пикирлер айтылып келет. “Азаттык” эки башка саясий жээктеги талдоочуларга кайрылат.

Алексей Мухин – Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору. Ал мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы үч мамлекетте тең “түстүү ыңкылаптар” Батыштын активдүү кийлигишүүсү менен орун алды деп ишенет.

"Кыргызстанда болгон “жоогазын ыңкылабы” да постсоветтик аймактагы айрым мамлекеттерде болгон окуянын үлгүсү менен ишке ашты, - деди "Азаттыкка" А.Мухин. - Ал үлгү ушул аймакта саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган эле. Тилекке каршы,
Ыңкылаптарды Батыш жасаган деген – жөн гана калп...
Украинадагы, Грузиядагы жана Кыргызстандагы кырдаал бул ойдун туура экенин далилдеди. “Түстүү ыңкылаптардын” натыйжасында түзүлгөн режимдер, биринчиден, тышкы факторлордон көз-каранды болоору айкын болду. Экинчиден, алар саясий жактан туруксуз экенин көрсөтүштү. Үчүнчүдөн, өздөрүндөгү жана аймактагы социалдык-экономикалык абалга да терс таасир этти".

Бирок океандын ары жагында анын пикирине караманча-каршы тургандар көп.

Андрес Ослунд (Anders Aslund) – АКШдагы Жоржтаун университетинин профессору, “Карнеги” корунун буга чейинки башкы эксперттеринин бири болгон. Ал постсоветтик бул мамлекеттердеги абал менен жакындан тааныш. “Кыргызстанда 2005-жылдын мартында болгон окуяларды Батыш даярдаган” дегенге Ослунд кошулбай турганын айтты.

"Бул жөн гана - калп, - деп ишенет ал. - Орусия бүгүн – бул диктатура. Ыңкылап өзүнөн өзү болуп кетиши мүмкүн дегенге алар ишене алышпайт, анткени алар бүт эле нерсе “жогорудан айтылат” дегенге көнүп калышкан. Алар демократиялык күчтөр болушу мүмкүн экенин түшүнбөгөндөн кийин, окуяларга дурус анализ жүргүзүүгө да жөндөмү жок".

Ошол эле учурда профессор Ослунд “Кыргызстанда ыңкылап болду” дегенге такыр кошула албай турганын айтат.

"Менимче, Кыргызстандагы окуяларды Украина же Грузиядагы окуялар менен бир мааниде алып талдаганга болбойт. Украинада, мисалы, азыркы мыйзамсыздыкка карабай, толук эркиндик бар. Грузияда эркиндик жарым-жартылай бар десек болот. Кыргызстанда болсо эркиндик да жок, мыйзамдуулук да камсыз кылына элек. Дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Андыктан “жоогазын ыңкылабы” бүгүн, чынында, “куралдуу төңкөрүш” сыяктуу эле көрүнөт. Бакиев Акаевден эч нерсеси менен озо албады, тетирисинче, Акаевдин көп аракеттери азыркы жетекчиникинен дурусураак болчу".

Ослуддун айтымында, аталган үч мамлекеттин ичинде Украина үчүн элдик көтөрүлүштөрдүн болушуна ал жумурияттагы экономикалык, социалдык оор абал башкы деле себеп болгон жок. Анткени экономикалык жактан бул мамлекет дурус эле алдыда болчу. Анда ыңкылаптын чыгышына элдин чыныгы эркиндикке, демократияга умтулуусу себеп болду. Ал эми Грузия менен Кыргызстан, чынында эле, аймактагы жакыр мамлекеттердин катарында турган. Ошентсе да, ыңкылаптан бери экономикада өсүш болгону деле көрүнбөйт, - дейт ал.

Түстүү ыңкылаптар саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган...
"Башаламандык, менимче, башкы проблема болуп турат. Азыр өлкөдө чечимди ким кабыл алаары түшүнүктүү эле, бирок мыйзамдуулук жок. Чынын айтканда, Кыргызстанда аябай жакшы мыйзамдар бар. Алар 90-жылдарда эле кабыл алынган. Аскар Акаев аябай көптү билген адам, бирок ал үй-бүлөсүнүн эле курмандыгына чалынды. Анын үй-бүлөсү мамлекеттеги негизги ишканаларды ээлеп алганга аракет кылган. Бирок бүгүн деле абал ошол мезгилдегиден жакшырып кеткен жери жок. Менимче, азыр Кыргызстанда бизнесмендерге иштеш аябай оор, анткени алар “оюндун эрежелерин” билишпейт. Акаевдин тушунда деле ушундай болчу. Бирок ал тапта, жок дегенде, мыйзамдуулук жагынан абал дурусураак эле".

Алексей Мухин бирок өз оюнан кайткан жок. Ал Украинада да, Грузияда да, Кыргызстанда да сырттан киргизилген идея иштеп, ошонун негизинде күч менен ыңкылап жасалды деп эсептейт.

Мухин өзү Орусиядагы расмий бийлик менен тыгыз кызматташып келаткан аналитиктерден. Алгач саясий сахнада Владимир Путиндин аты атала баштаганда эле ал “Мистер Путин деген ким?” деп суроо коюп, атайын китеп да жазган. Андан бери Кремлдин негизги саясатын колдоп келатат. Бул жолу да ал “Кыргызстанда эл көтөрүлгөн”, “чыныгы идея болгон” дегенди четке какты. “Элдин атынан сүйлөп эле тим болбой, элдин толкунун колдонушту”, - дейт ал.

"Элдик нааразылыкты туура колдоно билгендик – бул чоң курал, - деп оюн улантат. - Көп учурда бул курал кийин аны колдонгондорго каршы иштейт. Кыргызстанда дал ушундай болду. Кыргызстан менен Орусия, эң оболу, саясий да, экономикалык да өнөктөш өлкөлөр. Андыктан ыңкылаптан бир нече жыл өтүп, кыргыз жетекчилиги өзүндөгү саясий ал-ахыбалга көзөмөл кыла албай калганда, кайра Орусияга ык ала турган чечимге келди (“Манас” аба- базасынын жабылышы, Орусиядан эки млрд.долларлык кредит бөлүнүшү – ред.). Орус жетекчилиги муну жогору баалады. Анткени, жашырганда не, Орусия Кыргызстанда таасирин арттырууга кызыкдар. Андыктан биз эмне жөнүндө сүйлөп жатканыбызды билебиз".

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG