Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Бурул Усубакунова: 24-марттагы каракчылардын бирөө да соттоло элек


Бурул Усубакунова (ортодо) мародерлуктан жапа тарткан ишкерлер менен, 24-март, 2008

Бурул Усубакунова (ортодо) мародерлуктан жапа тарткан ишкерлер менен, 24-март, 2008

“Жоогазын ыңкылабынан” Бишкекте миңдей соодагер талап-тоноочулуктан чоң зыянга учураган. Андан жапа чеккен ишкерлердин коому да түзүлгөн. Анын жетекчиси Бурул Усубакунова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - 24-март сиздин эсиңизде эмнеси менен калды?

Бурул Усубакунова: -Таңкы саат 04:00 “Мадина” базарына барганымда, өрттөнүп-күйүп жаткан соода түйүндөрү мага жоо чаап кеткендей элес калтырды. Ошондон кийин “Элге ыйман берсе экен” деп калдым. Ишкерлердин ичинде ар кандай толкундоолор болду. Көбү “жакын арада жашагандар эле товарларды алып кетишти” дешти, дагы бирөөлөрү машинелерге жүктөп, ташып кетишкенин айтышты. Жакузи, сууга түшүү кабиналарын, муздаткычтарды киши көтөрүп кире албайт. Бир түндүн ичинде шаардагы “Берекет”, “Гоин”, “Мадина”, “Дордой-Плаза”, “Бишкек-Сити”, дагы башка соода борборлору дээрлик толугу менен талкаланып калды.

“Азаттык”: -“Элдик ыңклаптан” бери төрт жыл өттү. Бул аралыкта сиздерге өкмөт тараптан кандай жардам көрсөтүлдү?

Бурул Усубакунова: -Биз алгач бир жыл бою төлөп бергиле деген талап менен турдук. Андан кийин өкмөттүн буга чамасы жетпей турганын түшүндүк. Бир жылдан кийин митингге биз дагы чыгып, өз талаптарыбызды айттык. Бул акциядан соң, кайрылуубуз кабыл алынып, аябай кыйналып жаткан ишкерлерге эки жарым миллион сом жардам көрсөтүлдү.

Андан соң өкмөт бизге пайызы жок акча берип, талап-тоноодон жапа чеккен ишкерлердин кредиттик союзун түздүк. Ошондо зыянга учурап, эч нерсеси жок калган соодагерлерге төмөндөтүлгөн насыя берип, алардын 70-80% бизнесин кайра түптөөгө жетишти. Алгач жапа чеккен ишкерлер бир жылдык салыктан жана социалдык фонддун төлөмдөрүнөн бошотулду. Жогорку окуу жайларда коммерциялык негизде окуган балдарыбыздын бир жылдык контрагы 50% азайтылды. Анан дагы “аял кишилерди алган стресстен арылсын” деп, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте дарылоо курсун жүргүздүк.

“Азаттык”: -Талап-тоноонун кесепетинен соодасын таштап ишкерликтен кетип калган мисалдар болсо керек?

Бурул Усубакунова: -Андай мисаалдар болду. Орусия атуулдугу менен эки өлкө ортосунда эмгектенип жүргөн адамдар ошол жылы жайында эле кетип калышты. Анан өкмөт төлөп береби деген үмүттө бул жакка келип-кетип жүрүштү. Акыры төлөнбөшүнө көздөрү жетти окшойт – келбей калышты.

“Азаттык”: - 24-марттагы талап-тоноо боюнча канча сот жараянына катыштыңар? Каракчылардын канчасы соттолду?

Бурул Усубакунова: -Талап-тоноого миңдеген кишилер катышканы баарыбызга белгилүү. Бирок алардан бирөө да кармалып соттолгон жок. Өткөн жылы ыңклаптын үч жылдыгына арналган кеңешмеде укук коргоо органдары тарабынан “мынча киши кармалды жана баланчасы соттолду” деп айтылды. Бирок мен ага ишенбейм. Азыркы маалга чейин ал буюмдар кайда кеткени жана ким күнөөлүү экени түшүнүксүз.

“Азаттык”: -Ишкерлер 24-марттын түнү орточо канча акчага зыян тартышты?

Бурул Усубакунова: -Расмий маалыматтар боюнча жалпысынан 1млрд. 300млн. сом зыян келтирилди. Ошол эле маалда биздин уюм тактоо жүргүзүп, чакан жана орто бизнес өзү эле 550 млн.сом жоготконун санап чыктык да, өкмөткө жөнөттүк. Ал эми “Мадина”, “Дордой-Плаза”, “Silk way” сыяктуу чоң соода борборлорго да кыйын болду. Алардын имараттары өрттөнүп, кыйрап, талкаланды.

“Азаттык”: -Акыйкат орнойт, тарткан зыяныбыз калыбына келет деп ишенесизби?

Бурул Усубакунова: -Биз митинг болот десе эле коркуп турабыз. Талап-тоноонун зыянын ишкерлер жакшы эле тарттык. Эртеби-кечпи акыйкат орнойт, биз албасак дагы балдарыбыз биздин эмгегибиздин акысын кайтарып алат деп ишенем.
XS
SM
MD
LG