Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Тынч океандын түштүк жээктеринде цунами коркунучу жаралды


Тынч океандын түштүк жээктеринде 9-декабрда таң эрте 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Соломон архипелагында - Вануату, Папуа-Жаңы Гвинея, Науру, Жаңы Каледония, Тувалу жана Косраэ жээктеринде цунами коркунучу жогору деген эскертүүлөр берилди. Силкинүүнүн очогу океандын түбүндө, 40 чакырым алыстыкта орун алган. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок. Гавай аралдарында цунами коркунучу бар деген эскертүү алынды. Австралия жээктеринде да мындай коркунуч жок экени кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG