Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Медакадемия соцтармакта пикир жазууга чектөө киргизди


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги медициналык академияда иштеген кызматкерлерге жана студенттерге социалдык тармактарда пикир жазууга чектөө киргизилди. Мындай чечимди кабыл алууга окуу жайдын мурунку кызматкери Таттыгүл Дооталиеванын учак кырсыгында өлгөндөрдү мазактап Фейсбукка жазган билдирүүсү негиз болду. Бул тууралуу медакадемиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Маалыматка караганда, мындан ары аймактар, улуттар аралык, диний кастыкты козутуучу пикирлерди соцтармактарга жазгандарга чара көрүлөт.

16-январдагы учак апаатынан соң Фейсбуктагы Таттыгүл Дооталиева аттуу колдонуучу мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн, өз жеринде жашашы керек болчу” деген өңүттө пикир калтырган. Бул коомчулукта нааразылык жаратып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети териштирип, эскертүү бергени маалымдалды. Медакадемия жетекчилиги Дооталиеваны кызматтан кетирди.

Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган учак апаатынан кырк чамалуу адам жашоо менен кош айтышты. Арасында Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тургундары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG