Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Кыргыз-словак эгемен мамилеси


Сыйлуу коноктуу тоcуу салтанаты, 1-апрель, 2010
Сыйлуу коноктуу тоcуу салтанаты, 1-апрель, 2010

Словакиянын президенти И. Гашпаровичтин Бишкектеги сапарында эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланды. Ошол эле учурда коомчулукта Евробиримдиктин чакан мүчөсүнүн жетекчисинин расмий сапарына коңшу Казакстан болгон визиттин “уландысы” катары баа бергендер да бар.

Расмий тараптардын тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү өкмөт үйүндө жүрдү. Эки тараптуу жолугушуулар аяктагандан кийин президенттер журналисттерге чыгып маалымат беришти.

Кыргызстандын президенти сүйлөшүүлөр кызыктуу жана жемиштүү болгондугун белгилеп, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкуулангандыгын, өкмөттөр аралык комиссиянын кийинки жыйыны кыргыз жергесинде өтөөрүн айтты:

- Биздин алакаларды кайрадан түптөөнүн кереги жок. Биздин алакалар жыйырманчы кылымдын 20-жылдарынан бери түптөлүп, терең тамырланган. Эми эки эгемен өлкө катары биз ал алакаларды учурдагы укуктук-нормативдик документтердин негизинде түзүшүбүз керек.

Словакия президенти Иван Гашпарович жолугушууларда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жааттардагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнүн жолдору талкууланганын, ошондой эле глобалдык каржы каатчылыгына, анын кесепеттеринен арылууга байланышкан маселелер да көтөрүлгөнүн айтты:

- Биз сиздердин республиканын глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, айрыкча Ооганстандын маселесин чечүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалайбыз. “Бишкек демилгесин” Улуттар уюму да колдойт. Биз эки жана көп тараптуу кызматташуу, коопсуздук, тычтыкты бекемдөө жана бул проблемаларды чечүүдө биздин эки өлкө кандай салым кошо алаары тууралуу сүйлөштүк”

Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык 90-жылдардын ортосунан башталып, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алакагында уланууда. 2009-жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу эки жарым миллион АКШ долларынан ашкан. 2008-жылдагы Нурадагы жер титирөөдө словак өкмөтү Кыргызстанга жүз миң доллардан ашуун материалдык көмөк көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын башчысы, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева – Словакия социалистик доорду башынан кечирген Чыгыш Европадагы жаш мамлекеттердин бири. Кыргызстан бул өлкө менен алакасын кеңейтип, айрыкча соода-экономикалык байланыштарын чыңдоосу зарыл деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Соода-экономикалык көлөмдү өстүрүү керек. Бузула эле дың тармактар көп. Президент Гашпарович бул жолку расмий визитин Казакстанга жолдогон болчу. Мен бул иш сапарды - президент Гашпаровичтин ошол Казакстандын жанында дагы бир кичине мамлекет бар экен, ал өлкөгө да кире кетейин деген мүнөздөгү иш сапары деп эсептейм.


Словакия мамлекети Кыргызстандын эгемендигин 1992-жылы таанып, кийинки жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык алакалар түзүлгөн. Буга чейин Словакиянын эки президенти (М.Ковач – 1996 жана Р.Шустер - 2003) Кыргызстанда расмий иш сапарда болушкан. 2003-жылы Кыргызстандын ал кездеги мамлекет башчысы А.Акаев Словакияга иш сапар жасаган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG