Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймактарды тактоо-тастыктоо боюнча биргелешкен комиссия 15-апрелден тартып ишке киришет. Эки өлкө ортосунда такталбаган жүзгө чукул чек ара аймактары бар. Соңку учурда чек ара аймактарында чыр чатак көбөйүп, ортодогу карым-катнашты оорлотууда.

Өткөн жума күнү Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтүнүн жылдык баяндамасы боюнча талкууда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана бекитүү качан аяктаары тууралуу суроо да берилди:

-Чек ара маселесин чечүү көп убакытты талап кылат. Мына эгемендүү болгонубузга он беш жылдан ашты, чек араны тактоого дагы канча убакыт керек? - деп суроо узатты Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова.

Депутат айымдын суроосуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары, полковник Акылбек Нишанов бул маселе боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө жооп кайтарган:

- Жумушчу тобу иштеп жатат. Жакынкы күндөрү жумушчу комиссиянын 9-отурумунун материалдары боюнча чечим чыгат. Биз азыр бул канча убакытты талап кылат – 2-3 жыл же 5 жыл болобу – так мөөнөтүн айта албайбыз.

Кыргыз-өзбек чек арасында жүздөй талаштуу жерлер бар, алардын эң негизгилери Жалал-Абад менен Ош облусунун тегерегиндеги аймактарга туура келет. Мурдагы президент Аскар Акаевдин Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков эгер эки өлкө маңдай-тескей отуруп, чек араны тактап, чыр-чатакка чекит койбосо, карапайым эл эле кыйналаарын белгилейт:

- Эгерде биз чек араны чечип албасак, бүгүнкү күндө болуп жаткан басып алуу, тартып алуу улана берет. Өзгөчө өзбекстандык чек арачылар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө кирип келип, басмырлап, тинтип ар кандай жоруктарды көрсөтө берүүсү ыктымал нерсе.

Премьер-министр Данияр Үсөнов Жогорку Кеңештин жыйынында акыркы беш жылда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши токтоп калганын, эми кыргыз өкмөтү буга белсенип киришип жатканын билдирди:

- Мына кудай буюрса, апрелде баштап жатабыз. Ар бир метрин жүрүп, чек аранын бардыгын картага түшүрөбүз.

Чек ара мамилеси мамлекеттер ортосундагы алаканын күзгүсү катары аймактагы чектеш элдин мыйзамдык сабаттуулугун көрсөтүп, регионалдык бейпилдиктин кепили болуп саналат. Тилекке каршы, постсоветтик Борбор Азияда, айрыкча Өзбекстан менен чектеш мамлекеттерде чек ара маселеси - саясий куралга айланганын адистер такай белгилешет.

-Чек ара жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн ийгиликке жетпегени – чектеш мамлекеттер эл аралык укуктун негизинде эмес, өлкө жетекчилеринин саясий эркине жараша маселе чечилгенине байланыштуу болуп атат,- деп баа берет саясат таануучу Орозбек Молдалиев.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG