Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

“Ыңкылаптын жаштары” эмнеге таарынат?


“КелКел” жаштар уюму, Март - 2005

“КелКел” жаштар уюму, Март - 2005

Кыргызстанда “март ыңкылабы” алдында активдүүлүгүн көрсөткөн “КелКел”, “Бирге” уюмдарынын бирөө да азыр толук иштебейт. Ыңкылапка салымы бар жаштардын айрымдары азыр жетекчилик алардын суроо-талаптарына кулак салбай калганын айтышат.

КМШ аймагында ыңкылап болгон үч өлкө: Грузия, Украина, Кыргызсанда коомдук өзгөрүүлөргө жаштар салмактуу салым кошкондугу айтылып келет. Айрым серепчилер “Кмара”, “Пора”, “КелКел” уюмдарынын окшоштуктарын белгилеп, сырттан күчтөр жаштарды саясий технологиялардын жардамы менен курал катары колдонду деп келишет.

Кыргызстанда жаштардын “КелКел” уюму ыңкылап алдында, 2005-жылы 10–январда, жигердүү беш жаштын демилгеси менен түзүлгөн. Уюмду түптөгөндөрдүн бири, жаш активист Маматказы Капаров “КелКелге” саясий технологдордун эч бир тиешеси болбогонун айтат.

“Азыркыга чейин мындай талаш-тартыштар көп болуп келет. “Сырттан Америка колдогон”, “саясий күчтөрдүн алдында иштеген жаштар” деп айтып калышат, - деди ал “Азаттыкка”. - 24-мартка чейин бизге эч кандай колдоо болгон эмес. Мисалы, биз кандай өнөктүк өткөзсөк да өзүбүздүн жаныбыздан акча чыгарат элек. Эсеп-кысаптарыбызды жүргүзгөн өзүбүз шайлаган финансисттерибиз бар болчу. Акырында отчет бердик. Эсептеп келсек, 24-мартка чейин өзүбүздүн жаныбыздан чыгарып, үч миң АКШ долларын сарптаппыз. Башында жаштардын укуктарын коргоо боюнча долбоорлор жазып алып, кээ бир фонддорго барганбыз. Эч ким бизге жардамга келген эмес. Бирок 24-марттан кийин аябай көп донорлор “биз силер менен иштешели“ деп келишти”.

Март окуяларынан кийин жаштардын ыңкылапка болгон салымын эске алып, бийлик өкүлдөрү аларды Конституциялык реформа боюнча иш–чараларга активдүү катыштырганы менен, кийинчээрек жаштар унутта калган.

Ушул себептенби, айтор, 2005-жылы 14-декабрда бир нече жаштар уюмдары биргеликте кыргыз элине, президентке “Бийлик жаштарга!” аттуу кайрылуусун жолдоп, жаштарды саясатка активдүү тартуу боюнча сунуштарын айтышкан. Бул үчүн Жогорку Кеңешке талапкерлерди каттоодо жаш курак чегин 22 жашка түшүрүү сунуштарын киргизишкен.

Кайрылуудан эч майнап чыкпаганын “Бирге” жаштар кыймылынын ошол кездеги активдүү мүчөсү Нурила Батыраелиева төмөнкүчө түшүндүрөт: “Бул сунуш да эске алынган жок. Буга бир гана себеп бар деп ойлойм. Көрсө, бул бийлик реформа жасаганга өзгөчө деле көңүл бургусу келген эмес экен. Ошондуктан сунуштарды, жаштардын оюн ишке ашырбады”.

Ыңкылап алдында жаштар уюмдарынын активдешүүсүн саясаттагы мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, жаш серепчи Шайыр Жураев “жоогазын ыңкылабына” жаштардын салымын ашыкча белгилөөнүн кажети жок, дейт.

“Бир жагынан алганда, чындыгында, жаштар өтө активдүү роль ойногон, - дейт ал. - “КелКел”, “Бирге” жаштар уюмдары негизинен сутденттерден турган. Бирок, ошол эле учурда, биз артты карап, ошол март окуяларын анализ кылганда, жаштардын ролун өтө эле кооздоп көрсөтүүдөн качышыбыз керек. Себеби, чын чынына келгенде активдүү роль ойногонуна карабастан, менимче, 24-марттагы окуялардын натыйжасына Бишкекке сырттан келген адамдар көбүрөөк салым кошту. Бул жерде жаштар уюмун өзүнчө бир бөлүп, алардын ролу башкача болгон деп көрсөтүү туура эмес болот”.

Шайыр Жураевдин белгилешинче, 2005-жылы жазда коомчулукта карама-каршылык, саясий күрөштөр күчөгөн жана жаштар бул жараяндарга кошулуп калган.

Серепчинин пикиринде, бүгүнкү күнү саясий технологиялардын ролу күчөп, жаштарда саясий технологдордун куралы болуп калыш коркунучу бар.

“Жаштарды кандайдыр бир башка максаттарда колдонуу коркунучу дайым бар. Бул оппозицияга да жаштарга да тиешелүү”.

2005-жылы март окуяларынын алдында Кыргызстанда активдүү иш алып барган “КелКел”, “Бирге” уюмдарынын бирөө да азыр толук иштебейт. Азыр абал ошол кездеги окуяларды эске салып жатканы айтылууда. Бирок “КелКелдин” мүчөсү Маматказы Капаров мындай болушу дээрлик мүмкүн эмес деди.

“Азыр “КелКел” активдешет деп айта албайм. Себеби уюм өзүнүн учурунда өзүнүн ишин аткарды. Биздин мүчөлөрдүн ар бири өз жолун таап кеткен. Алардын кайра чогулушу кыйыныраак болсо керек деп ойлойм”, - деди М.Капаров.

XS
SM
MD
LG