Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Учурда Будапештеги Борбордук Европа университетинде илимий сапарда жүргөн жаш окумуштуу Сайрагүл Матикеева “Азаттыктын” Прагадагы студиясында болуп, бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандагы өнүгүүсүнүн оош-кыйыштары боюнча ой бөлүштү.

-Бейөкмөт уюмдар деген институт Кыргызстандын турмушуна киргенине мына бери дегенде 15 жыл болуп калды. Бир жагынан алар өлкөдөгү түрдүү жараяндарга бир топ эле салымын кошконун эксперттер белгилеп келишет. Сиздин илимий ишиңиз менимче жергиликтиүү деңгээлдиги алгачкы илимий эмгектердин бири болсо керек. Иликтөөңүздүн жүрүшүндө кандай тыянакка келдиңиз? Илимпоз катары бейөкмөт уюмдардын атуулдук коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз?

-Атуулдук коом деген түшүнүк 90-жылдардан бери, айрыкча 95-жылдарда илим изилдөө чөйрөсүндө, анан эл аралык уюмдардын чөйрөсүндө абдан кызуу талкууланган темага айланып кетти. Чет өлкөлөрдө, Кыргызстандын өзүндө деле, мурдагы совет мамлекеттеринде да көптөгөн эмгектер пайда болду. Аларда Кыргызстан атуулдук коомду көз карандысыздыкка жеткенден кийин гана кура баштады, буга чейин жок эле деген пикирлер айтылат. Бирок чындыгында биз баарыбыз билебиз да кыргыздын тарыхында атуулдук коомдун кыргыздын өзүнө тиешелүү гана улуттук формасы бар болчу. Ашар, журтчулук дегендер атуулдук коомдун формасы эле да. Бул – биринчи жагы.

Экинчиден, бей өкмөт уюмдар чындыгында 91-жылкы көз карандысыздыктан кийин айрыкча Кыргызстандын геосаясий жактан маанилүү ордуна, анан келечектеги стратегиялык ордуна карап, кызыккан донор мамлекеттердин атайлап жүргүзгөн саясатынын негизинде пайда болгон уюмдар. Чындыгында ошондой. Чет өлкөлүк адабияттарда “planted democracy”, “planted institution” деген аныктама бар. Өзүмдүн изилдөөмдүн экинчи этабында мен эмне үчүн Чыгыш Европа мамлекеттеринин тажрыйбасына кайрылып атам.

Себеби дегенде, демократиянын бир институту катары бейөкмөт уюмдар адегенде Чыгыш Европа мамлекеттеринде практикаланып, апробациядан өтүп, анан ошол апробациядан өткөн модель Кыргызстанга окшогон мурдагы совет мамлекеттерине сунушталып, анан ал жакта ийгиликтүү жүрүп кетти.

Мен “Бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанда атуулдук коомдун калыптанышына кошкон салымы” деген темадагы кандидаттык диссертациямды 2005 –жылы жактадым. Ошондо 2005-жылга карата бейөкмөт уюмдар саны 7 миңден ашып калган эле. Ал эми 2008-жылдын сентябрдын статистиканы караганда,11800гө жетиптир.

Бирок бул жерде бир маселе бар да, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам аркылуу жөнгө салынат да. Ушул мыйзамдын негизинде бейөкмөт уюм деп коомдук бирикмелер да аталат. Коомдук бирикмеге болсо диний уюмдар да, ар кандай кызыкчылыктагы клубдар да кирет. Ошондуктан бул жерде классификация маселесинде чатак бар.

-Өзүңүз айтып жатасыз, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар саны 11 миңден ашуун деп. Сиздин баамыңызда, ошолордун баары эле эффективдүү иштеп атабы, баары эле карманган багытын сактайбы, Уставдык документтеринде белгиленген максат-милдеттердин баарын аткарышабы? Себеби алар ар кандай багытта, бири социалдык, экинчилери адам укугун коргоочулар, маданий багыттагылар да бар?

-Бейөкмөт уюмдардын негизги миссиясы -мамлекеттин алы жетпей аткан социалдык маселелерди чечкенге жардам берүү. Бул идеалдуу түрдөгү - миссиясы. Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын Уставдарын карап көрсөңүз ошентип эле жазылган. Ал жагында сөз жок. Мен ошол 2001-2004-жылдардын аралыгында бейөкмөт уюмдардын өздөрүнөн, эл аралык уюмдардан, өкмөттөгү, партиядагы адамдардан эксперттик сурамжылоо жүргүзгөм.

Андан кийин статистиканы иштеп чыгып карасам, Кыргызстанда ушул мезгилде түзүлгөн уюмдардын 20 пайызга жакыны эле чындап иштеп аткан экен. Калган 80 пайызы бир жолу каттоодон өткөн, анан 1-2 жолу грант алган кичинекей сандагы, аны кайда кетиргенинин дайыны жок. Ошону менен жабылып калган. Жөн эле аты бар заты жок уюмдар көп экен.

Бирок ушул тенденция андан бери төрт жылдан ашык убакыт өттү, дагы эле сакталып турат. Баардыгы эле чындап социалдык проблемаларды чечкенге багытталбайт, максаты ал эмес. Каржы тартып келиш үчүн, ал каржыны жеке кызыкчылыктарына пайдалануу максатында эле түзүлгөн уюмдар абдан көп биздин арабызда.

-Бирок кандай деп ойлойсуз, саны 11 миңден ашкан бейөкмөт уюмдарды бир жагынан жумушчу орундарын жараткан бирикмелер катары кароого болобу Кыргызстандын шартында?

-Мисалы, эгерде ошол сандагы бейөкмөт уюмдардын баардыгы иштегенде, мүмкүн, ар биринде үчтөн адам эмгектенгенде да жумуш проблемасын чечкенге жардам берип атат деп айтсак болмок. Бирок биринчиден булардын 80 пайызы кагаз жүзүндө болгондуктан, элестетсеңиз, дээрлик эч кимге жумуш берген жок.

Экинчиден, бейөкмөт уюмдардын долбоорлору көбүнчө кыска мөөнөткө эсептелинген. Жарым жылга, 1-2-3 айга, үч жылга чейин. Ишке алынган адамдардын саны болсо, долбоордун каржысынын көлөмүнө жараша аныкталат. Ошондо көп болсо эффективдүү иштеп аткан бейөкмөт уюмдарда деле ашып кетсе, мүмкүн 5 адамга иш орду бар.

Ал деле туруктуу эмес. Анан бейөкмөт уюмдардын дагы бир чоң проблемасы - салык маселеси. Көпчүлүгү салык маселесин легалдаштырып албагандыктан, буларда иштеген адамдардын көбүнүн пенсияга кете турган салымдары төлөнбөйт.

-Бейөкмөт уюмдардын эң белгилүүсү адам укугун коргоо багытында иштегендер. Сөз эркиндигин коргоо багытында да бир нече активдүү уюмдар бар. Ушулардын ишмердүүлүгүн сиз илимпоз катары кандай баалайсыз?

-Кыргызстанда акыркы мезгилдерде бир тенденция пайда болду да. Айрыкча 2005-жылкы “Жоогазын” ынкылабынан кийин. Ошонун алдында, андан кийин өкмөттүу эмес уюмдар бир чети аябай жакшы кылды деп ойлойм. Себеби бейөкмөт уюмдар элдин саясий маданиятынын, саясий активдүүлүгүнүн жогорулашына салым кошкон иш чараларды жүргүзүп отуруп, ушул ыңкылапка дагы салымын киргизишти.

Экинчи жагынан, айрым жерлерде саясий партиялардын ролдорун алып жиберген учурлар да болуп кетти. Ушундан соң саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын ортосунда талаш пайда болду. Ким эмнени аткарат.

Бейөкмөт уюмдардын маңызы бул социалдык эле институтпу, же саясатка аралаша алабы деген суроонун айланасында талаштар пайда болду. Мен айтат элем, бейөкмөт уюмдардын арасында жакшы иштегендери адам укугун коргоо боюнча, анан балдардын укугун коргоо боюнча уюмдар.

Булар чындыгы көп иштерди алып барат. Мен көптөгөн мисалдарды келтире алам. Мисалы, “Кылым шамы” уюму элдин оозунда. Менимче Уставга жазган миссиясын так аткарып аткан уюмдар ушул багыттагылар болуусу керек. Ошондой эле гендердик саясат, аял -эркектердин тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн уюмдарды да белгилеп кетсек болот.

-Мындай статистикага кызыгып көрдүңүзбү, бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга жылына канча грант алып келүүдө?

-Бул маселе мага да кызык болду. Чындыгында өлкөгө канча акча тартып келишет, анын канчасы салыкка кетет, канчасы максатка кетет деп изилдеп көрдүм. Бирок чындыгында бир да уюмдан маалымат алалган жокмун. Бул жашыруун сыр өңдөнөт. Мен бул маселеге башка жагынан да аракет кылып көрдүм, донор уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын гранттар боюнча кулактандырууларын карап көрдүм, канча суммадан канча суммага чейин берилет экен деп. Бирок анда деле так маалыматтар жок. Мисалы 1 миң доллардан 10-15 миң долларга чейин деп койгон. Бирок ким канча алды белгисиз. Ачык -айкындуулук жок, эсептөөгө мүмкүн эмес.

-Азыр президенттин “Акжол” партиясы көзөмөлдөгөн парламентте бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөөнү, тескөөнү күчөтүш керек. Ошону үчүн мыйзамдык базаны чыңдаш керек, мыйзамдагы боштуктарды толтуруш керек деген демилгелер чыккан учурлар болду. Ошондой мыйзамдар кезинде Казакстанда, Орусияда талаш-тартыштарды, эл аралык коомчулуктун сын пикирлерин жараткан. Илимпоз катары жогорудагыдай демилгеге кандай баа берет элеңиз?

-Бейөкмөт уюмдардын башкаларга, мисалы саясий партияларга салыштырмалуу институт катары калыптануу жараяны ортолоп калган кези. Саясий партияларрга караганда өкмөттүк эмес уюмдар эмнени кылса, кандай иштесе болорун билет. Кыскача айтканда, институт катары калыптанып калды.

Эми институт катары ошол ордун бекемдеп, мындан ары өнүгүү проблемасы калды. Өнүгүү мыйзамында бар го, акырындап-акырындап тандалуу жараяны жүрөт. Өкмөттүк эмес уюмдардын арасында азыр тандалуу жараяны башталды. Бул деген чабал, эптеп элдин арасында, эсепте жүргөндөрү кетет, иргөөдөн өткөндөрү калат дегендик.

Ал эми парламенттин мыйзамдык демилгелери жөнүндө. Ооба, бул албетте Орусиянын жана Казакстандын тажрыйбасына окшошуп кетет, ошол жактан келген шамалдын желаргысы тийгендей.

Экинчи чети, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган, Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери убакыт өзгөрдү. Менимче, парламентте бейөкмөт уюмдардын иштөөсү жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору талкуулаганы туура болот. Бирок талкууда сөз бейөкмөт уюмдарды тыюу жөнүндө эмес, мыйзамга айрым бир тактыктарды киргизүү жөнүндө жүрүш керек. Мисалы классификация маселесин чечүү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG