Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу Мамнун Хуссейнге көңүл айтты


Кыйраган учак
Кыйраган учак

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистанда 40тан ашуун адамдын өмүрүн кыйган авиакырсыкка байланыштуу өлкөнүн мамлекет башчысы Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан жазылган телеграммада апаатта набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, мындай кырсыктар кайталанбоосун тилеген.

7-декабрда Исламабаддан 70 чакырымдай түндүктө жайгашкан Хавелиан шаарынын жанында учак кулап, 40тан ашуун адам каза тапты. Адистер буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун айтышты.

XS
SM
MD
LG