Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Кыргыз киносу Индияда кызыгуу жаратты


Индиянын Мадурай шаарында өтүп жаткан кинофестивалда кыргызстандык 10 даректүү тасма көргөзүлө баштады. Кыргыз тасмаларын атайын комиссия тандап, көргөн эл аларды жылуу кабыл алып жатканынан кабар алдык.

Индиядагы Тамил Наду штатында, байыркы тамилдер жашаган Мадурай шаарында документалдык, же даректүү тасмалар фестивалы ушуну менен 11-жолу өтүп жатыптыр. Кыргызстандык белгилүү режиссерлор Темир Бирназаровдун “Шайтан көпүрө”, “Парз” аттуу, Актан Абдыкалыковдун “Жорткон ит” тасмасы жана андан башка Тынай Ибрагимов, Наргиза Маматкулова, Айбек Дайырбеков, Людмила Гребеншикова, Мурат Алыкулов, Акжол Бекболотов тарткан кыргыз элинин жашоо-турмушу, салт-адаты чагылдырылган бардыгы 10 даректүү тасма шейшембиден тарта Мадурайдагы кинотеатр жана башка коомдук жайларда көргөзүлө баштады.

Фестивалдын уюштуруучуларынын бири Амудхан мырзаны Мадурайга телефон чалып кепке тарттык. Ал адегенде кыргыз тасмалары фестивалга кайсыл сапаттары үчүн тандалганына токтолду.

- Фестивалга катышуучу тасмаларды тандаган комитет эң биринчи кезекте жабык, жарандардын эркиндиги чектелген өлкөлөрдөгү элдин жашоосун чагылдырган тасмаларга артыкчылык берди. Экинчи маселе – бул тасмалардын техникалык сапаты мыкты болушу керек. Мазмунду кандай ачып берген, кандай тартылган деген суроолор чечүүчү роль ойнойт. Таланттуу режиссерлор коомдогу кайсы бир көрүнүш, өзгөрүүлөрдү ойго келбеген бир күтүүсүз жактан ачып бере алышат. Үчүнчү абдан маанилүү жагдай – Мадурайдагы фестивалды көпчүлүгү жаштар, студенттер келип көрүшөт. Алардын дүйнө таануусун, дүйнөнүн ар башка жеринде жашаган адамдар тууралуу көз карашын кеңейтүү жагын да эске алабыз.

Мадурай кинофестивалынын интернет-барагындагы маалымат боюнча, ага катышуучу тасмаларды индиялык жана чет элдик белгилүү кинорежиссерлор, коомдук ишмерлер жана жаш активисттер, студенттер кирген атайын комитет тандайт экен. Кыргызстандык тасмалардын режиссер, же продюсерлери быйыл фестивалга бара алган жок.

Ар бир тасмадан кийин көрөрмандар жана атайын чакырылган эксперттер талкуу уюштурушат. Кыргыз тасмаларында баяндалган окуялар, каада-салт тууралуу эл аралык Ачык коом институтунун өкүлдөрү маалымат берет экен. Баса, кыргызстандык тасмаларды да Индияга дал ушул уюм жөнөткөн. Амудхан мырза Мадурай кинофестивалына катышуу менен кыргыз тасмалары, алардын авторлору индиялык көрүүчүлөрдү Кыргызстан, кыргыз эли менен жакындан тааныштырып жатканын белгиледи.

- Биздин эл Кыргызстан тууралуу көп деле биле бербейт. Башкалар эмес, мен өзүм Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Советтер Союзунан бөлүнүп чыгып, көз карандысыздык алганын гана билчүмүн. Эми ушул даректүү тасмаларды көрүп чыгып, жаратылышы укмуш кооз жер экенин, элинин кулк-мүнөзү тууралуу үйрөнүп билип калдым. Негизи дүйнө элдери тууралуу чынчыл маалымат таратууда даректүү тасмалардын салымы зор. Кыргыздардын биздин тамилдерге окшошуп кеткен мүнөздөрү бар экен, мисалы, бири-бирин колдоп, айыл-айыл болуп бири-бирине жөлөк болуп жашаганы түспөлдөш.

Ошентип, Индиянын Тамил Наду штатында калкы 1 жарым миллион адамга чукул Мадурай шаарында 1 айдай созула турган кинофестивалда кыргызстандык 10 даректүү кыска тасма көргөзүлүүдө. Соңку жылдары негизи кыргыз режиссерлорунун даректүү тасмалары Иран, Орусия жана башка жерлерде конкурстарга катышып, көрөрмандардын чоң кызыгуусуна бөлөнүп, байгелерди утуп келатат. Бул жагынан даректүү тасмалар Кыргызстандын маданий майдандагы элчилик кызматын аркалап жаткандай.

"Азаттыктын" архивинен: "Кыргыз керемети": Кечээ, бүгүн, эртең

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз киносунун бүгүнкү абалына арналды. Назарыңыздарга ошол берүүгө кирген баянды сунуш кылабыз. SA.

"Кыргыз керемети": Кечээ, бүгүн, эртең
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG