Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Кумтөр алтын кенин иштетүү 2019-жылга чейин узартылды


“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы 1998-жылы цианидден жабыркаган барскоондуктарга акчалай компенсация төлөнүп бүткөндүгүн жарыялады. Барскоондуктар болсо компенсация айыл чарбасына келтирилген зыян үчүн гана төлөнүп берилгенин айтышып, уулуу заттан зыян тарткан адамдардын ден соолугу үчүн бир тыйын да төлөнбөгөнүн белгилешүүдө.

“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы бүгүн өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу журналисттерге маалымат берди. Ага ылайык ишкана 2009-жылы Кумтөр кенинен 16,3 тонна алтын казып алып, мамлекетке 3 млрд. сомго жакын салык төккөн. Мындан тышкары геологиялык чалгындоолордун натыйжасында Кумтөрдө тастыкталган жана болжолдуу запастар көбөйдү. Бул негизинен борбордук карьердеги, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш участокторундагы кендер болуп эсептелет.

Аталган ишкананын вице-президенти Андрей Сазановдун маалыматы боюнча Кумтөр кенинен алтын казып алуу планы 2019-жылга чейин узартылды, буга 1992-жылы түзүлгөн келишим негиз берген:

- Кенди иштетүүнү 2019-жылга чейин узартуу өткөн жылдын аягында бекитилген. Бул боюнча өзүнчө келишим деле түзүлгөн эмес. Анткени биз кыргыз өкмөтү менен 2009-жылы 24-апрелде түзгөн келишим боюнча компаниянын ишин кеңейтүүгө жана улантууга өзүнчө келишим талап кылынбайт.

Аталган ишкана 1998-жылы Барскоон суусуна төгүлгөн цианиддин кесепетин жоюу үчүн Жети-Өгүз районунун тургундарына 4,4 млн. доллар төлөп берген. Компаниянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Керим Шатманов “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, бул акчага далай долбоор бүтүрүүгө болмок деген оюн билдирди:

- Бул деген 4,4 млн. доллар. Эгерде бул акчаны туура пайдаланган болсо Жети-Өгүз району өтө чоң долбоорлорду ишке ашырса болмок. Тилекке каршы, бул көп акча өтө көп колдорго сиңип жок болду. Акча жергиликтүү бийлик аркылуу берилген. Бүгүнкү күнгө барскоондуктардын алдында "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын карызы жок. Алар тараптан да эч кандай арыз-дооматтар боло элек.

Керим Шатмановдун айткан сөздөрүн Барскоон суусуна төгүлгөн цианидден улам саламаттыгын жоготкон адамдардын укугун коргоочу “Карек” бейөкмөт уюму жокко чыгарды. Аталган уюмдун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын айтуусунда, ишкана төлөгөн компенсация айыл чарбасына келтирилген зыян үчүн гана берилген, ал эми уулуу заттан зыян тарткан адамдардын ден соолугу үчүн бир тыйын да төлөнгөн эмес:

- Булар айтып жаткан акча таптакыр өзүнчө. Барскоон суусуна уулуу зат төгүлгөндөн кийинки 1998-99-жылдарда такыр түшүм алынбай калган. Ошондо өкмөттүн айыл чарба тармагынан бир канча өкүлдөр текшерип чыгып, канча түшүм алынбай калганын аныктап, акт түзүшкөн. Ошол актынын негизинде гана алынбай калган түшүмдүн компенсациясы берилген. Муну эч кандай адамдын ден соолугу боюнча маселеге аралаштырбаш керек.

Эркингүл Иманкожоеванын маалыматы боюнча “Карек” бейөкмөт уюмуна цианидге ууланган 300 киши кайрылган, бул убакытка чейин алардын төртөө жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Өздөрүнүн саламаттыгы Барскоон суусуна Кумтөр ишканасынын күнөөсү менен төгүлгөн уулуу заттан ууланганы үчүн начарлаганын белгилеген барскоондуктар ишкананы ар бир адамга 1 млн. сомдон төлөп берүүгө милдеттендирүүсүн өтүнүп сотко кайрылышкан. Бишкектеги Октябрь райондук сотунда бул иш ноябрь айынан бери аягына чыкпай келе жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG