Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Айрым жеңилген партиялар биргелешип күрөшөт


Айрым утулуп калган партиялар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. 2010-ж., 12-октябр.
Айрым утулуп калган партиялар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. 2010-ж., 12-октябр.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодо марага жетпей калган айрым партиялар кээ бир бекеттердеги добуштарды кайра саноону талап кылып жатышат. Башкалары шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган тыянактарга күмөн санаган жыйырмадан ашуун партиялар эми жалпы улуттук конгресске биригип, акыйкат, чындык үчүн бирге күрөшмөй болушту. Ал эми жеңген партиялар шайлоонун жыйынтыктарын тааный турганын билдиришүүдө.

Уурдалган добуштар кайра саналабы?

“Замандаш”, “Акыйкат”, “Каганат”, “Ак санат”, “7-апрель жаштар кыймылы”, “Кыргызстан союз элдери”, “Республикалык элдик партия” жана “Эгемен Кыргызстан” партиялары 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын көбү башка партияларга өтүп кетти деп эсетешет. Ошондуктан алар БШК чыгарган тыянактарга күмөн санашууда. Аталган партия өкүлдөрү өздөрү байкоо салган он чакты шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра саноону талап кылып жатышат. Эгер талаптары аткарылбаса мыйзамга каршы келбеген митинг, пикеттерди өткөрүп, жол тосконго чейин барышарын айтышууда.

“Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракунов добуш саноодогу мыйзам бузуулар боюнча БШК менен Башкы прокуратурага кайрылуу жолдонгонун кабарлады. Анын пикиринде “Замандаш” 200 миңдей добуш алган.

Муктар Өмүракунов маалымат жыйынында, 12-октябрь.


- Шайлоонун жыйынтыктары боюнча биздин күмөнүбүз бар. Тыянактарды жокко чыгарайын деген оюбуз жок. Бирок биз БШКга, прокуратурага кээ бир участкалар боюнча кайрылып жатабыз. Алардын жыйынтыктары туура эмес, анткени биздин жана башка партияга берилген добуштарды үчүнчү партияга салып койгон. Экинчиден, партиялар ортосунда этикалык кодекске кол койгонубуз менен айрымдары ал талаптарды аткарган жок.

Бир топ жылдан бери иштеп жаткан жана 7-апрелден кийин жаңы түзүлүп маарага жетпей калган партиялар да бул шайлоодо акчанын күчү чоң роль ойногонун белгилешүүдө.

Алар шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн белгилешкени менен жер-жерлерде мыйзам бузуулар катталганын айтышууда. Маселен “Эгемен Кыргызстан” партиясынын өкүлү Таалай Айдаров буларга токтолду:

- Биз өтпөй калдык деп эч качан намыстанбайбыз. Биз ушул шайлоонун кандай өткөнүн көрүп туруп ичибизден кан өтүп атат. Алыскы жактан келген байкоочулар жер-жерлерде болсо ошондо шайлоо таза өтмөк. Жер-жерлерде шайлоо таза өткөн жок.

"Биз тааныйбыз"

7-апрелде бийликке келип, бирок шайлоодо жеңишке жетишпей калган “Ак Шумкар” партиясы добуш берүү маалындагы мыйзам бузган фактыларга карабай БШК жарыялаган жыйынтыкка макул экенин билдирип чыкты.

Темир Сариев добуш берүүдө, 10-октябрь.


Партия лидери Темир Сариев элдин тынчтыгы үчүн нааразылык иш-чараларды уюштурбай турганын билдирди:

- Утулуунун өзү ачуу болот. Биз утулдук, биздин деле ичибиз ачышып турат. Мага миңдеген кишилер телефон чалып, ыйлап да жатышат. Бирок канчалык ачуу болсо да, айрым шайлоо учаскаларында одоно мыйзам бузуулар болсо да Кыргызстандын келечеги үчүн шайлоонун жыйынтыгын тааныдык деп айттык. Бул биздин тынчтыкты, биримдикти сакташ үчүн жасаган кадамыбыз.

Анткен менен жеңген партиялар шайлоо таза өткөнүн белгилешип, БШК чыгарган жыйынтыктарды тааный тургандарын билдире башташты.

“Ар Намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев:

- Шайлоо салыштырмалуу таза өттү. Негизинен анын жыйынтыктарын тааныйбыз.

Ал эми шайлоодо көпчүлүк добуш алган “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров:

- Биз жыйынтыктарды тааныйбыз. Анча-мынча мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар болду. Бирок мурдагыдай болбой, таза эле өттү деп эсептейбиз. Утулганды да, утканды да билиш керек. Биз өз күчүбүз менен өттүк, аны элдин баары билет.

Ал эми революциячыл “Ата Мекен” партиясы шайлоодо жеңген беш партиянын ичинен эң аз добуш алды.

Партия бүгүн шайлоо жыйынтыгын тааный тургандыгын айтып, билдирүү таратты. Анда 10-октябрдагы парламенттик шайлоо негизинен тынч, мурдагы добуш берүүлөргө салыштырмалуу ачык жана акыйкат өткөнү белгиленген.

Ошондой эле эски адаттарды бир заматта жок кылуу мүмкүн эместиги, айрым жерлерде майда-барат мыйзам бузуулар болгону, бирок ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегени бул билдирүүдө айтылат.

Жеңилгендер биригет

Ошентип, жеңилген партиялар чындык, акыйкат үчүн биргелешип күрөшмөй болушту.

Бул үчүн жыйырмадай партия жалпы улуттук конгресске биригишет.

Шайлоо алдында бириге албай калган себебин “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов ар кандай амбициялар болгондугу менен түшүндүрдү.

Аликбек Жекшенкулов


- Кыргызстанда бүгүнкү күндөн баштап чоң саясий күч жаралды. Жалпы улуттук конгресс пайда болду. Биз ушул күнгө чейин саясий күч, партия жана бийлик акыйкат, калыс шайлоо өткөзөт десек, тилекке каршы андай болгон жок. Азыр кандай бийлик болот, кандай коалиция түзүлөт белгисиз. Эгер биздин көз караштарга туура келбесе биз оппозиция болобуз.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында оппозициялык күчтөр Бириккен элдик кыймылын түзүп, кийинчерек ал тарап кеткен. Эми да Улуттук конгресс акыйкат болбосо мыйзамга каршы келбеген бардык аракеттерди көрөрүн айтышууда.

- Митингге чыгабыз, жолдорду тособуз. Бардык мыйзам ченемдүү аракеттерге барабыз, - деди А.Жекшенкулов.

Ошентип, эгерде анын сөзү чын чыкса, Кыргызстан жакын арада митинг, пикеттерден айрылбайт көрүнөт. Алардын алгачкысы болуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнүн "жалпы шайлоочулардын 5% добушун алганына карабай Жогорку Кеңешке өтпөй калдык" деген нааразылыгынан улам шейшембиде нааразылык жыйындарга чыгышы болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги болсо өз чечими мыйзамга ылайык болгонун билдирүүдө.

Шейшембиде кечкурун “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым лидерлери БШКнын төрагасы Акылбек Сариев менен сүйлөшүп чыгышты. А. Сариев “Азаттыкка” бул жолугушууда аларга 5 пайыздык чек болгон көрсөткүчтүн мурда жоромолдонгондой 142 миңдей эмес, 150 миңдей добушка чейин көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө бергенин билдирди.

XS
SM
MD
LG