Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

“Азаттык плюс” апта темасынын (“Аялзат”) алкагында кыргыз аялдарынын коомдогу тарыхый оорду тууралуу суроолор менен Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Жеңиш Жунушалиевге кайрылды.

Жеңиш Жунушалиев: Совет доорунда орто кылымдагы жана кийинки эле мезгилде Кыргызстандагы аялдардын ээлеген орду жөнүндө өзбектердин, тажиктердин, түркмөндөрдүн же Иран, Ирактагы аялдарга окшотуп эле “укуксуз, тепсендиде калган, караңгы, начар жашаган адамдар” сыяктуу көрсөтүп келишти. Чын-чынына келегенде, караңгысы туура, жалпы эле кыргыздар караңгычылыкта жашап келбедиби. Татаал турмушта жашаганы деле туура, көчмөндөрдүн бирөө да жыргап кеткени тарыхта көрсөтүлгөн эмес. Бирок “Кыргызстанда аялдар басмырланып келген” деген туура эмес. Аялдарды басмырлоого, укуксуз кылууга шарт жок болчу. Көчмөн эл, бир уруу, бир атанын эле тукуму көчүп жүрөт. Анан өзбектерге окшоп кыргыз аялдары паранжа жамынып кимден жашырынат? Ал эми эркектердин өз орду болгон, мисалы, мал багуу. Үй тиричилигин аялдар кылышкан. Алар бири-биринин ишине аралышууга кыргыздардын адаты боюнча жол берилген эмес.

XIX - кылымдын экинчи жарымында орустардын А.Федченко деген окумуштуусу биздин Алайда болгон экен. Ошол кишинин жазганы бар: “Кара кыргыздардын аялдары элдин, көпчүлүктүн арасында сыпайгерчиликти сакташкан. Ал эми үйлөрүндө оюна кандай келсе, күйөөлөрүнө ошондой буйрук беришет. Күйөөлөрү аларды тынч койсо экен деп эле алардын бардык айткандарын аткарышат”, - дейт. Бул европалык орус окумуштуунун, ал турсун түндүк эмес, түштүк Кыргызстанда болгон кишинин жазганы.

Кыргыздардын өзүн деле алып көрөлү. Кыргыздарга Манастан ыйык киши жок. Манас жекеме-жеке найза сайышта бир гана кишиден жеңилет. Ал киши - кыз Сайкал болгон. Эгерде Манасты аял киши аттан оодара сайганга кыргыздар жол берсе, демек аялдардын ээлеген орду жогору болгон.

Дагы бир нерсени айталы: Жаңыл мырза. Өзү Жаңыл аял. Жаңыл айым эмес, Жаңылбүбү эмес, Жаңыл мырза деп койгон. Аялдын атына эркектерге колдонулчу “мырза” деген сөздү кошкон. Жаңыл мырза өз элинде уруунун башкаруучусу болгон. Демек кыргыздардын коомунда аялдардын статусу Совет мезгилинде жазылгандай эмес, жогору болгон экен.

"Азаттык": Азыр кыргыз коомчулугунда аялзатынын орду жана ролу кандай деп ойлойсуз?

Жеңиш Жунушалиев: Азыркы заманда, азыркы шартыбызда Кыргызстанда аялдардын ролу жогорулай баштады. Үй-бүлөнү ким бакса, ошол өзүнүн шартын таңуулайт. Маселен, илгери атам заманда “матриархат” деген болгон. Эркектер таш куралы менен аңчылыкка барып, эч нерсе атып келе алышкан эмес (азыр мылтык менен да аталбай жүрүшөт, таш курал менен кантип ата алмак эле?). Ошондуктан эркектерге ишеним аз болгон. Ууга кетип көбү кур кол келген, көбү таптакыр жоголуп кеткен учурлар болгон. Үй-бүлөнү негизинен аялдар баккандыктан матриархат орногон. Кийинки мезгилде малчылык, дыйканчылык чыккандан тарта, кара күч керек болуп, эркектердин ролу жогорулаган да патриархат орной баштады. Мен азыр тамашалап айтып калам: эгерде азыркы абал ушул бойдон сакталып кала берсе, анда матриархаттын кайра келишине шарт түзулүп калат. Себеби азыр эркектердин көбү үйүндө баласы менен отурат, аялдары болсо Бэйжинде, Орусияда деги каякта гана жүргөн жок. Демек учурда Кыргызстандын экономикасында менимче эркектерге караганда аялдардын үлүшү көбүрөөк болсо керек.

"Азаттык": Мындай көрүнүш жакшыбы же жаманбы?

Жеңиш Жунушалиев: Бул азыркы шартта туура көрүнүш эмес. Өндүрүш болушу керек. Өндүрүштө эркектердин күчү талап кылынат. Бала багуу эзелтен бери аялзатынын милдети. Анын ордуна аялы сыртка кетип, күйөөсү үйдө балдар менен отурганы азыркы шартта жат көрүнүш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG