Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. БЭК бул чечимин саясий куугунтукту токтотуу чакырыгына карабай, А.Жекшенкуловдун камакка алынышы, сүйлөшүүдө бийлик оппозициянын талабын уккусу келбегени менен түшүндүрдү. Сүйлөшүүлөрдүн токтошу эмнеге алып келет?

Кыргыз оппозициясынын Бириккен элдик кыймылы бийлик менен сүйлөшүүлөрүн токтотконун 11-мартта кечинде, Аликбек Жекшенкуловду бир ай убактылуу тергөө абагында кармоо боюнча сот чечими чыккандан кийин, билдирди.

Бириккен элдик кыймыл – же БЭКтеги – лидерлердин бири, “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар бийлик менен конструктивдүү сүйлөшүү болооруна ишенбей калышты.

Бийликте болсо, тетирисинче, оппозиция тууралуу “адатынча эле бийликти каралагандан башкага жарабай калганын айгинеледи” деген ой айтылат. Парламенттеги президентчил “Ак жол” партиясынын депутаты Ибрагим Жунусов “Азаттыкка”: “Алар мурда “Бийлик жолугушууга бара албайт, бийлик бизден коркот” дешчү. Эми бийлик жолугушууга барып жатканда, мындай нерсе таап жатышканы туура эмес., - деди. - Мындан оппозиция конструктивдүү диалогго барууну эмес, эптеп эле бийликке жетүүнү көздөп жатат деп түшүнсө болот”.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы ушул ишембиде өтмөк. Биринчи айлампасы шейшембиде өткөн. Ал бүтөөрү менен эле ички иштер министри Молдомуса Конгантиев аны “жакшы өттү” деген таризде оюн билдирген эле.

Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы учурунда
“Алар бизден сураган ар бир кылмыш иши боюнча биз кеңири маалымат бере алдык деп ойлойм, - деген эле министр. - Эгерде кимдир бирөө сүйлөшүү максатына жетпеди дей турган болсо, анда алар эмне үчүн ага катышышты? Мен алардан ушинтип сурамакмын. Бул өңдүү жолугушууларга мамиле түз болсо, максатка да жетсе болот. “Саясий куугунттук” деген ойлор да жоголмок. Андыктан, сүйлөшүү максатына жетти деп ойлойм”.

Саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоев болсо оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүгө болгон акыркы аракети бийлик тараптын күнөөсү менен токтотулду деп эсептейт. Анын ишениминде, сүйлөшүү учурунда бийлик тараптын үстөмдүк позициясынан оппозициянын көңүлү калды:

- Оппозиция түңүлдү, эл да түңүлдү. Бул бийлик менен жакшынакай олтуруп, сүйлөшүүгө болбой турганына азыр оппозициянын да, элдин да көзү жетти. Эми оппозиция, албетте, элге таянат, эл менен сүйлөшөт.

Жыргалбек Турдукожоевдин пикирин саясий аналитик Кубан Абдымен да колдоп, сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышы, эң оболу, бийликтин утулуп калганын ырастайт деди, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып:

- Муну оппозициянын “биз сүйлөшүүгө даярбыз” деп айтканына каршы күчтөрдүн жеңилиши деп айтсак болот. Себеби президент өзү сүйлөшүүгө барууга ыкласын билдирип жатат, ал эми анын кол астында иштегендери болсо сүйлөшүүлөр өтпөй калышы үчүн бүт аракетин жасашты. Муну Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышынан жана сүйлөшүү учурунда ага катышкан оппозиционерлердин жакын туугандарына күнөө коюлуп, тергөөгө чакырылаары тууралуу билдирүүнүн жасалышынан билсе болот. Бул оппозициянын нааразылыгын жаратты.

Кубан Абдымен эгерде бийлик менен оппозиция мунаса таба албай, сүйлөшүүлөр мындан ары өтпөй кала турган болсо, анын арты жалпы өлкө үчүн оор болуп калаары ыктымал, дейт.

“Коомчулукта азыр сын көз караш күчөп баратканы байкалат. Андыктан 27-мартта өтө турган нааразылык акциялар чынында эле чоң элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн”, - деди саясий аналитик Кубан Абдымен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG