Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

10-декабрь - Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күн. Ушул күндү утурлап, “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, Ноокаттагы, Балыкчыдагы, Петровкадагы тополоң окуялардын иликтөө тергөө иштери, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө бузулуп жаткан адам тагдырлары, саясий куугунтук менен коркутуп-үркүтүүлөрдүн чын-бышыгы жөнүндө сөз болду.

Талкууга катышкандар:

Азиза Абдрасулова, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы

Нурбек Жороев, Башкы прокуратуранын мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жасоо башкармасынын ага прокурору



“Азаттык”: - Алгачкы суроону Нурбек мырза сизге жолдоюн. Өткөн жылы “Фридом хаус” эл аралык уюму Кыргызстанды эркин мамлекеттердин катарынан чыгарып, жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарына киргизди. Буга сөз, басма сөз эркиндиги жана эркин жыйындарды өткөрүү, адам укуктарын сактоо боюнча артка чегинүүлөр негиз берди деп негиздешти. Быйылкы жыл да аяктап бара жатат. Бул боюнча биз абал жакшы жагына өзгөрдү деп айта алабызбы?

Н.Жороев: - Албетте, айта алабыз. Себеби кыргыз мамлекетинин жетекчилиги тарабынан адам укугуна азыр аябай көп көңүл бурулуп атат. Биздин деле Башкы прокуратуранын негизги жумушу адам укугун өз убагында коргоо. Бул тармакта биз көп жумуш жүргүзүп атабыз. “Фридом хаустун” айтканы бул уюмдун өздөрүнүн нерсеси экен.

“Азаттык”: - Демек адам укуктарынын абалы жакшы болсо эмне үчүн “Фридом хаус” эл аралык уюму ушундай жыйынтыкка келди деген ойдосуз, негиз жокпу ага?

Н.Жороев: - Бул боюнча маалымат жок.

“Азаттык”: - Азиза айым, акыркы кезде адам укуктарынын коргоо кескин төмөндөп жатат деп тынчсызданып жатасыздар. Ага негиз берчү кандай көрүнүштөр бар, сиз кандай мисалдарды келтире аласыз?

А.Абдрасулова: - Мен урматтуу Нурбек мырзадан айырмаланып, Кыргызстан 2009-жылдын жыйынтыгында жарым-жартылай эркин эмес, таптакыр эле эркин эмес өлкөгө айланып калуу коркунучунда турат деп түз айтайын. Бул боюнча биз өзүбүздүн отчетторубузда ачык жазып, айтып атабыз. Буга 2008-жылы Кыргызстандын жарандарынын эркин пикет митингдерди өткөрүүгө болгон укугунун чектелиши, журналисттерге болгон кол салуулар, эркин гезиттердин жабылыштары сыяктуу жана кыйноолордун колдонулушу сыяктуу адам укуктарынын артка кетиши негиз берген болсо, быйыл ага кошумча болуп дагы журналисттердин өлтүрүлүшү кошулду.

Милициядан токмок жеген журналист Алмаз Ташиев оорукандан көз жумду
Атап айтканда, Алмаз Ташиевдин милиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлүшү, кыйноонун улам күчөп баратышы. Ошол эле убакта терроризмге, экстремизмге каршы күрөш адам укуктарын сактабастан жүргүзүлүп, сотсуз киши өлтүрүүлөр болуп атат Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартканына карабастан. Жарандар эч кандай далили жок, массалык түрдө кармоолорго кабылып жана узак мөөнөткө - 20 жылга чейин эркиндиктеринен ажырап атат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң жогорку кызмат абалындагы адамдар өлүм жазасын кайра кайтаруу жөнүндө демилге көтөрүп атышат. Эгер ушулардын бардыгы Кыргызстанда калган болсо, анда “Фридом хаус” уюму эмки 2009-жылы Кыргызстанды таптакыр көз каранды мамлекет деп атап койсо болот деген коркунуч бар. Ал эми “Фридом хаус” эл аралык укук коргоо уюму бул жөнөкөй эле уюм эмес, бул уюмдун жыйынтыктарына таянып Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана донор өлкөлөр Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды түзөт.

Булар бири-бири менен түздөн түз байланышта. Ошондуктан, мен ойлойм, мамлекеттик деңгээлде “Фридом хаус” уюмунун, “Эмнсти интернешл”, “Хьюман райтс уотч” сыяктуу эл аралык уюмдардын жылдык жыйынтыктарына Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, Жогорку Сот, же болбосо Президенттик администрация, биздин Секретариат сыяктуу чечүүчү роль ойногон структуралар көңүл бөлгөнү абзел деп ойлойм.

“Азаттык”: - Нурбек мырза, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы дейбизби, 2-3 жылдан бери терроризмге, экстремизмге, диний экстремизмге дагы каршы аракеттерди күчөтүп жатпайбы. Бул, албетте, эл аралык коомчулук дагы кооптонуп турган маселе. Бул боюнча ар бир мамлекет дагы өзүнчө аракеттерди көрүп жатат. Бирок укук коргоочулар мына ушул терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз деген калканч мене катардагы карапайым адамдардын укугун бузган учурлар болуп жатат деп тынчсызданып жатышат. Мисалга, ага Жалал-Абатта жакында эле болгон, Өзгөндө болгон атышууларды, камакка алууларды сотто айтып жатышат. Алардын бул жерде терроризмдин жыты жок, жөн эле терроризмге күрөш дегенге калканч кылып алып карапайым адамдардын укугун бузуп жатышат деп айтып жатышат. Ушул жерлерде мыйзам бузуулар барбы, мыйзамды бузууларга каршы мыйзамдын сакталышына көзөмөл салуу жагы кандай жүргүзүлүп жатат?

Н.Жороев: - Албетте, буларга өз убагында ар бир мыйзамдын, атап айтып кетсек, адам укугунун сакталышына өз убагында Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлүп жатат. Ал эми сиз айтып аткан Жалал-Абат, Өзгөндө алар курал жаракты пайдалануу менен каршылык көрсөткөндүктөн ушундай жыйынтык чыкты. Биз ойлойбуз, бул мыйзамдын чегинде эле болду. эгерде мыйзам бузуулар болсо, ал өз убагында четтетилип чаралар көрүлөт.

“Азаттык”: - Ушул жерден тактай кетчү нерсе болуп жатат. Карапайым адамдар эмнегедир өзүлөрүнүн укуктары бузулуп жаткан учурда прокуратурага көп кайрылышпайт, укук коргоочуларга кайрылган учурлар бар да, буга эмне себеп деген ойдосуз?

Н.Жороев: - Бул маалымат мен ойлойм туура эмес деп. Эмне үчүн дегенде, бизге адамдар дайыма эле кайрылат. Азыр прокуратура органдарына адамдардын көбү эле ишенет. Буга бизге келип түшкөн кат, кагаздар, арыздар далил.

“Азаттык”: - Азиза айым, сиздер көп айтып жүрбөйсүздөрбү, кандайдыр кине менен камака алынган адамдар, тергөө абагында, же болбосо алдын ала сотко чейинки тергөө абактарында мындай бир кыйноолорго дуушар болуп жатат, же болбосо өзүлөрү милиция, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү аларга түздөн түз кыйноо жүргүзбөсө дагы, ошол жерде мурда айыпталып, соттолгон адамдардын тарабынан кыйноого калып жатат, ошого көз жумдуулук бар деп дайыма айтып келесиздер. Ошого негиз болчу кандай көрүнүштөрдү мисалга тарта аласыз?

А.Абдрасулова: - Мен алыс кетпейин, өзүбүздүн “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору 2008-09-жылдагы жыйынтыгы боюнча биз атайын өзүбүздүн отчетубузду жазып, бардык структураларга жөнөттүк, ошонун ичинде Башкы прокурага да. Мен ойлойм булардан кайра бизге жооп болсо керек ошол боюнча. Эми ал жерде биз оюбуздан чыгарган нерселер эмес, конкреттүү адамдар, конкреттүү бизге түшкөн арыздар, өлтүрүлгөндөр, ИВСте, же СИЗОдо кармалып турган убакта, сабалгандар, денесинде көгалалары менен китебибизде бергенбиз.

Тилекке каршы, Кыргызстан эл аралык шартнаме деген бар, жарандык жана саясий укук боюнча БУУнун документи, ошонун факультативдик протоколу бар кыйноолорго каршы конвенсиянын. Кыйноолорго каршы конвенсия өзү дагы биздин ратификациядан өткөн. Ошого карабастан Кыргызстанда, тилекке каршы, кыйноолор уланып келе жатат. Ал боюнча бизде фактылар деле бар. Мына жакында эле “Кылым шамы” борбору пресс конференция өткөрдүк, бул боюнча Свердлов райондук прокуратура иштеп атат. Свердлов районунун 7 милиция кызматкери 17-октябрга караган түнү төрт жаранды кармап, кечке аларды кыйнаган. Ал боюнча биздин маалыматыбыз бар, ал боюнча Башкы прокуратура менен биргеликте иштеп атабыз. Башкы прокуратуранын да маалыматы бар. Бул бир эле мисал.

"Ноокат тополоңу" боюнча 32 жаран соттолуп кетти
Мен мурунку суроого кайра кайтарылгым келип атат терроризм жана экстремизм боюнча күрөштө. Балким Нурбек мырзада маалымат жок болсо керек. Эң биринчи - терроризм, экстремизмге каршы күрөш деген убакта мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп калып атат дагы, ошонун башкы жетекчиси болуп облустук деңгээлдеги прокурордун кызматкери коюлуп калып атат да. Мына Ноокат окуясында Ош облустук прокурордун орунбасары Атай Шакир уулу деген тергөө топту жетектеди, Жалал-Абат, Өзгөн окуясында дагы ошол жигит жетектеди. Эми бул жерде айта кетчү нерсе, Ички иштер министрлиги кирет ага, Улуттук коопсуздук кызматы кирет жана прокуратура кирет. Прокуратура өзү ошону жетектегенден кийин булар автоматтык түрдө өзүлөрүнүн функциясын жоготуп коюп атат дагы, булар иликтөөнүн жыйынтыгын өзүлөрү кийин коргоп калып атышат.

Мисалы үчүн Ноокат окуясындагы 32 адамдын көргөн күнүн мен эшигимдеги итиме да ыраа көрбөйм. Ошолорду противогаз кийгизип, жашы жетпеген балдарды токко тарттырган. Биз муну жашырып аткан жокпуз, ачык айкын, 10 адамдан турган комиссия иштеп, жыйынтыгыбызды чыгарып, Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук кызматына, президентке чейин бердик. Бир уюм ушул туура эмес деген жок. Башкы прокуратура бизден маалымат түшкөндө милдеттүү түрдө текшерип чыгыш керек болчу ошол уруп-сабоолор болдубу-болбодубу.



“Азаттык”: - Нурбек мырза, сизге ушул маалыматтар дайынбы, сиз макулсузбу айтылып жаткандарга?

Н.Жороев: - Ноокаттагы окуя боюнча азыр соттун чечими бар. Соттук кароо бүткөн.

А.Абдрасулова: - Кылгылыктын баарын жасаган прокуратура. Уюмдар аралык тергөө тобун прокуратура өзү жетектеп туруп, өзү ошону уруп-сабагандардын башында туруп, ошону жасашып, сотко өткөрүп берип, эми суудан кургак чыккылары келип атат прокуратура, аны биз жасаган жокпуз, сот деп. Бирок сотко ар бир адамга 7-8ден статьяны коюп камагандын өзү эмне? Ноокатта бир жарым миң адам болгон, жүздөгөн адамдарды кармашкан, алардан акчаларды алышкан. Ошол 32 адамдын 18и ошол күнү Ноокатта болгон эмес.

“Азаттык”: - Прокуратура кызматкерлери күнөөнү коюп, ошол койгон күнөлөрү сотто далилденишин каалап жатат деген ойдосузбу?

А.Абдрасулова: - Ошол соттор менен дагы сүйлөшкөндө, соттор деле адамдар экен, алар айтып атышат бизге эгерде ушул сегиз статья менен келсе биз эмне кылышыбыз керек деп. Сегиз статьяны койгондон кийин Башкы прокуратурага, биз Жогорку Сотко чейин кайрылганбыз. Бүгүн ак да, көк да жок. Биз туура кыйноолордун болгонун, тергөө болгону туура эмес, силердин айтканыңар туура эмес деген жоопту да алалган жокпуз да. “Кулда кулак жок” дегендей эле унчукпай коюп эле кутулуп атышат.

Н.Жороев: - Сизде ушундай маалыматтар болсо, сиз өз убагында кайрылышыныз керек. Азыр ал боюнча соттун чечими чыккан.

А.Абдрасулова: - Кайрылганбыз өз убагында. Башканы айтпайын, Башкы прокурор орунбасары Асангелдиев мырза менен жолугушкам. Ошондо Шакир уулу Атай менен жолугушкам.

Н.Жороев: - Өзүңүз жакшы билесиз бул көз карандысыз...

А.Абдрасулова: - Көз карандысыз болгону менен силер жасап атасыңар ошонун баарын. Силердин берген материалдарыңар менен элдер соттолуп атат.

Өзгөндөгү антитеррордук операция
Ал эми экинчи маселе, Жалал-Абаттагы Өзгөндөгү окуя боюнча. Жалал-Абатта дагы, Өзгөндө дагы эч күнөөсү жок адамдар атылды. Биз изилдеп чыктык. Өзгөндөгү сотко мен башынан аягына чейин катыштым коомдук коргоочу катары, сотто далилденген жок милициянын өлгөнү. Милиция өлдү деген 346-статьяны коюп атат, кайсы милиция өлгөнү далилденген жок. Ал статьяны сот алып салды.

Экинчиси, кимдин колунан курал-жарак алынды. Ким ок атты дегени да далилденген жок. Ал эми бул жерден артынан кууп барып туруп атып салып атпайбы.

“Азаттык”: - Азиза айымдын дооматтарына берер жообуңуз кандай?

Н.Жороев: - Соттун чечими чыккандан кийин бир нерсе деп айтыш кыйын.

А.Абдрасулова: -Соттун чечими жок атылып кетип атат. Аны “внесудебный казнь” деп коет. Бул деген биз талкуулап аткан БУУнун документи.

Н.Жороев: - Жана айтып өтпөдүкпү, алар курал-жаракты пайдаланып карышылык көрсөткөндүктөн ушундай болду.

А.Абдрасулова: -Сотто пайдаланганы далилденген жок.

“Азаттык”: - Нурбек мырза, мен сизге берер дагы бир суроом. Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков азыр жазага тартылып атат. Эгер ага коюлуп жаткан айыптар жокко чыгарылбаса, анын Алай районундагы миңден ашык колдоочулары ат менен жол тосууга чейин барабыз, себеби генералга жөн жерден айыптар коюлуп жатат деп жатышыптыр. Ошондой кайрылууну президентке чейин жолдошту. Бул 2002-жылкы Аксы окуясына окшошуп турат. Ошондой окуя Азимбек Бекназаровду пайда болгон эле да. Андан кийин ушундай кырдаал өзүңүздөр жакшы билесиздер кандуу Аксы окуясына алып барган. Азыр дагы ушундай кырдаал пайда болот деген кооптонуу жокпу. Сиздер алайлыктардын кооптонуп жатканына негиз бар деген ойдосузбу?

Н.Жороев:
- Азырынча Исмаил Исаковдун иши боюнча соттук кароо болуп жатканына байланыштуу бул туурулуу айтыш эрте деп ойлойм. Сот кандай чечим чыгарат, өзүнүн иши.

“Азаттык”: - Буга чейин прокуратура бул иште коюлуп жаткан айыптардын баарын тергеп чыкпадыбы?

Н.Жороев: - Исаковдун күнөөсү барбы, жокпу аны сот аныкташ керек. Азыр акыркы сөз сотто турат.

А.Абдрасулова: - Кечирип коесуңар, бул жерде мындай болуп атат, ишти жасаган прокуратура. Бардык жерде кылмыш иш козгогон, тергөө топторду башкарган, кылмыш ишти козгоп алып барып материалды сотко өткөрүп берген прокуратура. Анан кийин эле сот чечет, биз эч ким эмеспиз, эч нерсени билбейбиз. Эгерде прокуратуранын дооматы болбосо сот ал ишти карабайт. Эң биринчи прокуратура ошол кылмыш ишти коргоп атпайбы.

Н.Жороев: - Азыркы убакта соттук кароо болуп атат.

А.Абдрасулова: - Соттук кароо болгон убакта прокурор катышып атат ошол жерде айыптоочу катары, прокурор сурап атат 8 жыл.

Н.Жороев: - Сотто каралып аткандан кийин кантип биз комментарий беребиз. Кантип эле алдын ала эле соттоп жиберсе, алайлыктар көтөрүлсө деп айтып атпайсызбы. Сот чечим чыгара элек азырынча.

А.Абдрасулова: - Аны мен айтып атканым жок, алайлыктардын кайрылуусу бар, президентке кайрылып атышат, туурабы.

“Азаттык”: - Азиза айым, сиз сөзүңүздү улап кетсеңиз болот, “Эмнести интернешнл” эл аралык уюму Кыргызстанда “абийир туткуну” деп аталган адамдардын саны 98ге жетти деп билдирип жатат. Буга мисал үчүн ушул эле жылы Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен журналисттердин, укук коргоочулардын саны өскөндүгү дагы негиз болуп жатса керек. Сиз кандай деп ойлойсуз, бул чет өлкөгө чыгып кетип жаткан журналисттердин, укук коргоочулардын себеби эмнеде. Чын эле аларга кандайдыр бир негизде ишмердигине, өмүрүнө коркунуч келген учурлар барбы, же өзүлөрүнүн чет өлкөдө жеңил оокат табыш үчүн эле ошентип кетип жатышабы?

Максим Кулешовду милиция кызматкерлери кармап кетип жатат
А.Абдрасулова:
- Жыргаганынан эч ким өзүнүн өлкөсүн, ата-энесин, тууган-уругун таштап кетпейт. Башкасын айтпаганда, Кыргызстандагы интеллигенция, адам укугун коргоп жүргөн, сөз эркиндигине башын байлап жүргөн жигиттер, кыздар кетип атпайбы. Башкасын айтпайын, Максим Кулешов деген жалгыз орус жигити эч кимге деле зыяны жок, жалгыз эле плакатты кармап пикетке чыгып жүргөн. Ошол жалгыз адамдын кандай Кыргызстанга, өлкөгө, коомго кандай коркунуч келди. Ушул жигитти кармап жин ооруларынын клиникасына алып барып, зордуктап укол сайып, өлкөдөн чыгып кеткенге мажбур кылган биздин эле укук коргоо кызматкерлери болду. Ошонун кандай зарылчылыгы бар эле.

“Азаттык”: - Балким ал өзү жалгыз чыгып атып, эл көзүнө көрүнүп, кетип калган жокпу?

А.Абдрасулова: - Жок андай болгон жок. 2009-жылдын мартында ушул жигитти жин оорулары боюнча ооруканага алып барып жаткырышып, укол жасашпадыбы. Анын эч бир зыяны деле жок. Ал жигит жөнүндө сөз кетип аткан жок. Кыргызстандагы адам укугунун абалын айтып атабыз.

Бүгүн бир адам дагы чыгып сөз айта албайт, жүз, миң адам да чыгып сөз айта албайт. Себеби биздин мыйзамдар адам укугун чектеген мыйзам болуп калды. Ошол эле тынч пикет, митингдер жөнүндөгү мыйзамды керек болсо Баш прокуратура көзөмөлгө алса болот эле. Көзөмөлдөөчү орган деп коет, Юстиция министрлиги ошонун каттоодон өткөргөнгө чейин канчалык деңгээлде адам укугун сактайт. Мына азыр ошол мыйзам кабыл алынды.

Бүгүн айтып атышат өлкө башчылары, мамлекетте стабилдүүлүк болуп калды, эл чыкпай калды деп. Мунун өзү коркунучтуу да. Элге ички нааразычылыктарын айтып, ошол өз оюн эркин билдирип турган көрүнүш жок болуп атпайбы. Ошонун өзүн чектеп койду да. Мына журналисттерге канча кол салуулар болуп атат. Журналисттер эмне жыргаганынан кетип атышабы? Журналисттерди өлтүрүү болуп атат. Мына мен бул жерде айтпай кое албайм, эки жыл мурун буюртма киши өлтүрүү менен өлгөн журналист Алишер Саиповдун тууган-уругу бүгүн ошону өлтүрдү деп камаган Абдуфарид Расулов деген жигитти айтып атышат бул өлтүргөн эмес деп. Бул калп деп айтып атат.



Алишер Саиповду атып өлтүргөндөр табыла элек
“Азаттык”:
- Нурбек мырза ушул жерден сиз сөздү улап кетсеңиз, чын эле Алишер Саиповдун өлүмүнүн себеби эмне үчүн ушуга чейин ачылбай жатат. Прокуратурада кандай маалыматтар бар бул боюнча. Андан кийин да милиция тарабынан сабалды деп Алмаз Ташиев каза болду. Ушул журналисттерге кол салуулар боюнча кандай маалыматтарыңыздар бар?

Н.Жороев: - Муну саясатка эч качан байланыштырбаш керек. Азыр тергөө жүрүп атат, тергөө бүткөндөн кийин өзүнүн жыйынтыгы болот.

“Азаттык”: - Жакында эле Кыргызстанга тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриева киргизилген жок. Ага чейин орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев, украиналык журналист Евгений Грибовски, эл аралык укук коргоочулар Марина Габитова, Бахрам Хамроев, Ивар Дали киргизилген эмес болчу. Укук коргоочулар ушундан улам Кыргызстан адам укуктарын басмырлап, сактабаган мамлекеттердин катарына кирип атат, анан кийин чектелүү жабык мамлекетке айланып баратат деп тынчсызданып жатышат да. Ушундай тынчсызданууга негиз барбы сиздин оюңузча?

Н.Жороев: - Мен ойлойм эч кандай негиз жок деп. Мамлекет жетекчилиги тарабынан колунан келишинче адам укугун коргоо боюнча саясат жүрүп атпайбы, мыйзамдар чыгып атат, ушуну так жана толук аткарылышын баарыбыз өз убагында аткарсак эле мен ойлойм жакшы болот деп.

“Азаттык”: - Албетте, мамлекеттин коопсуздугун эл аралык деңгээлде дагы коргоо үчүн тартип коргоо органдары бири-бири менен кызматташып иштеш керек да. Анан Улуттук коопсуздук кызматы эгер ушундай Кыргызстанга эл аралык укук коргоочуларды киргизбей жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды сиздерге да берип кызматташып турсаңыздар керек. “Хьюман райтс уотч” уюму да Кыргызстандын бийлигине билдирүү таратты. Эмне себептен ушундай киргизбей коюлар болуп атат? Эмне коркунуч бар?

Н.Жороев: - Эч кандай коркунуч жок. Бардыгы Кыргызстанда адам укугу корголот деп ишенет.

А.Абдрасулова: - Мындай болуп атат да. Кыргыз айга учуп барганда сураган экен да, “эмнеге учуп келдиң” деп, десе “жөн эле” деген экен. Бизде “жөн эле” киргизбей коюп атышат. Ал эми Нигина Бахриева деген бул эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу, Тажикстандагы Омбудсмендин кеңешчиси. Бул Кыргызстанга жөн эле келген жок кыргызга окшоп. Бул Омбудсмендин кызматкерлерине жана депутаттарга түрмөлөрдөгү жабык жайлардагы адам укуктарынын сакталышы боюнча байкоо жүргүзүүнү кандай жүргүзүш керек, мониторингдерди кандай өткөрүш керек деген бир семинар өткөргөнү келаткан. Жөн эле келаткан жок. Анан ушуну киргизбей коюнун себеби, мен официалдуу түрдө эле айтам өзүмдүн уюмумдун атынан. Себеби бул кыз БУУнун атайын адам укуктарын коргогон кеңешине Ноокат окуясы боюнча атайын билдирүү даярдаганга бизге жардам берип аткан. Ал боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы бар болчу. Ошол себептен гана киргизбей койгон.

“Азаттык”: - Нурбек мырза, быйыл Петровка, Балыкчы окуясы болду. Бул эл аралык деңгээлде карама каршы пикирлерди жараткан окуялар болуп жатпайбы. Азыр соттук териштирүүлөр албетте болуп жатат. Бирок укук коргоочулар айтып жатышат, бул Балыкчы окуясы да, Петровка окуясы дагы коомчулуктун жүрөгүнүн үшүн ала турган, бийликке нааразылыгы болгон адамдардын мизин кайтарыш үчүн ушундай соттук камоолор, соттук териштирүүлөр болуп жатат деп айтып жатышат. Сиз кандай ойдосуз, Башкы прокуратуранын берер жообу кандай?

Н.Жороев: - Мына азыр өзүңүз эле белгилеп айтып өткөндөй, азыр бул окуялар, бул иштер боюнча тийиштүү кишилер жоопко тартылып, сотко өткөрүлүп берилген. Азыр соттук кароо болуп атат. Жана эле айтып өтпөдүкпү, сот чечим чыгаргычакты кандай деп айтасыз. Сот өзүнүн акыркы чечимин чыгарыш керек да.

А.Абдрасулова: - Бул жерде мындай болуп атат да, ушул кылмыш ишти ачып, сот эле текшерип аткандай.

Н.Жороев: - Соттук каралыш болгондон кийин, сот актасын аларды.

А.Абдрасулова: - Кылмыш материалы прокуратура тарабынан козголот. Кыргызстанда сот көз карандысыз деп ким айтып атат.

“Азаттык”: - Азиза айым, Петровка, Балыкчы окуялары боюнча камакка алынгандар да тергөө абактарында ур-токмокко алынды деп айтып атасыз. Сиздин далилиңиз барбы?

А.Абдрасулова: - Далил бар. Биринчиден, Петровка, Балыкчы окуясы дагы саясий буюртма кылмыш иши деп айтып кетемин.

Азаттык”: - Эмне максат менен уюштурулуп жатат деген ойдосуз?

Петровкадагы тополоң
А.Абдрасулова:
- Себеби Петровкадагы окуяда бийлик өзү катачылык кетирген. Ошол 4 жашар кыз зордукталгандан кийин, анын туугандары жергиликтүү милиция кызматкерлерине кайрылганына карабастан, алар эч кандай аракет жасабай койгон. Ал жерде аракетсиздик болгон. Аракетсиздиктин кесепети жергиликтүү элди нааразычылыкка түрткөн. Анан кийин бийлик өзүн-өзү күнөөлөбөстөн жергиликтүү деңгээлдеги бийликтегилерди жоопко тартпастан, ал жерге бара койгон Эркин бөлөкбаев, Сапар Аргынбаевдерди кармай калып атат. Ошол эле Сапар Аргынбаевдин денеси бүт көгала болуп таякталганын мен сүрөткө тартып чыккамын, атайын спецпрокуратуранын катышуусу менен сүрөткө тартып чыккам.

“Азаттык”: - Азиза айымдын айтып жаткан маалыматтарына берер жообуңуз кандай?

Н.Жороев: - Мен бул боюнча айтат элем, бардыгыбыз ММКлардан окуп, бардыгы дайын эле болгон нерсе. Эгерде ушул жерде мыйзам бузуучулуктар болсо анда өз убагында чаралар көрүлүп, өз убагында тиешелүү чечимдер чыккан.

“Азаттык”: - Балким укук коргоочуларга кайрылып, прокуратура органдарына кайрылбай жатышкандыр?

Н.Жороев: - Бизге кайрылгандардын баардыгына өз убагында мыйзам чегинде жооп берилет.

А.Абдрасулова: - Балыкчы боюнча мени таң калдырган нерсе, окуя 23дө болуп атпайбы. Ал эми 21де али боло элек массалык башаламандык боюнча баягы мен айткан мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн. Таң калычтуусу 21-июлда түзүлүп атат.

“Азаттык”: - Балким шайлоодо ар кандай кырдаал болуп кетишинин алдын алган чаралар болгондур?

А.Абдрасулова: - Жок, ал жерде ушул кылмыш иштин ичиндеги материалдан айтып атам мен. Биздин адвокаттарыбыз бул боюнча иштеп атышат. Анан таң калычтуусу 23дө окуя боло электе, 21де атайын мекемелер аралык изилдөө тобу Балыкчыда түзүлүп атат. Анан кийин Балыкчыда ошол топ кийин ушул ишти алып барып атат. Ошонун өзү таң калычтуу.

“Азаттык”: - Тартип коргоо органдары ушундай саясий, же болбосо массалык окуялар болгон учурда шайлоо сыяктуу алдын-ала чараларды көрөт да...

Балыкчыдагы пикетти кууп таркатуу
А.Абдрасулова:
- Эмне себептен ал башка жерде түзүлбөйт, эмне себептен Ысык-Көл облустук прокуратурасы келип Балыкчыда түзүп атат. Ысык-Көл облусу деген бул чоң аймак да, эмне себептен Түптө, Караколдо, Чолпон-Атада түзүлгөн жок да, Балыкчыда түзүлдү.

“Азаттык”: - Сиздин буга жообуңуз барбы?

Н.Жороев: - Биз айтып өтпөдүкпү, азыр бул тууралуу соттук териштирүү болуп атат да.

“Азаттык”: - Нурбек мырза, мурда прокуратура тартип коргоо органда иштеген кызматкерлердин деңгээлин көтөрүүгө катуу көңүл бурулчу эле. Азыр бул жаатта кандай аракеттер көрүлүп жатат. Сиздер кесипкөйлүк деңгээлиңиздерди көтөрүш үчүн кандай курстардан өтүп, кандай аракеттерди көрөсүздөр?

Н.Жороев: - Албетте, бизде жумушчулар өз убагында дээрлик мыйзамда көрсөтүлгөн жоболор менен алынат жумушка.

“Азаттык”: - Курстук негизде кабыл алынабы, же өң-тааныштык барбы?

Н.Жороев: - Өң-тааныштык деп айтуу деле болбойт деп ойлойм. Өзүңөр жакшы билгендей КР мамлекеттик кызматы боюнча мыйзам бар. Мына ошонун тартиби менен кызматка алынат.

“Азаттык”: - Талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG