Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргызстан менен Тажикстандын чегиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен.
Кыргызстан менен Тажикстандын чегиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен.

Тажикстандын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын ортосунда ок атышуу болуп, 23 жоокер каза болду. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы тарабынан Тажикстан менен көпчүлүк аймагы чектешип турган Баткен облусунда чек ара бекеттери жабылды, аймакка кошумча күчтөр тартылды деп айтылды эле. Абалды билүү үчүн аймактагы кабарчыбыз кыргыз-тажик чек арасында болуп кайтты.

Мен азыр Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чектешкен аймагындагы Кызыл-Бел чек ара бекетинде турам. Бул жерде азырынча жол каттамдар мурдагы эле абалда сакталып турат экен. Эч кандай чек арада көзөмөл күчөтүлгөн эмес жана эч кандай кошумча күчтөр орнотулуп, чектөөлөр коюлган эмес. Ал эми кечээки Тажикстандын Рашт аймагында болуп өткөн террордук окуяга байланыштуу чек ара өтмө бекеттеринде эч кандай өзгөрүүлөр байкалбайт.

Чек ара бекетинен өтүп жаткан адамдар кандайдыр бир чектөөлөр жок экенин айтышууда.

- Менин атым Эргешбай. Баткен-Исфара жолунда каттап жүрөм. Жолдон документтер туура болсо кое беришет, баары жакшы.

-Кечээки окуядан кийин өзгөрүүлөр болгон жокпу, чек арадан каттоо жабылды деп айтышты эле. Тажикстандан бул жакка атуулдарын чыгарып атышабы?

-Баары жакшы эле, тиги жакка, бул жакка өтүп жатабыз. Туугандарыбыз барып келип атат.

Тажикстандын Ходжент облусу менен Лейлек районунун чектешкен аймактарындагы өтмө бекеттерде да эч кандай күчөтүлгөн тартип киргизилген жок. Болгону Исфара району жана Ходжент, Канимбадам райондорунун аймактарында бир аз кошумча блок посттор, же болбосо жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр менен аскер кызматкерлери чогуу куралчан турганы айтылып атат.

Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен аймактагы Кызыл-Бел чек ара бекетинде бүгүнкү күндөгү өтүү тартиби, жалпы эле абал боюнча кандайдыр бир маалымат алууга чек арачылар уруксат берген жок.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бизге мындайча маалымат берди:

- Рашт районунда болгон окуя бардыгыбызга маалым. Биздин райондо, шаарларда азыр күчөтүлгөн режимге өткөнбүз. Тажик Республикасы менен карым-катнаш мурдагыдай эле, өтүп кирүүгө жол ачык. Бирок күчөтүлгөн режимде иштеп атышат. Кошумча күчтөр бизге келген жок. Себеби биздин облуста абал туруктуу. Ошондуктан Тажик Республикасы Рашт районуна, тоолорго өздөрүнүн күчтөрүн таштап атат. Биз тарапка алардан сунуш кылышты, өзгөчө абалда карап берүү жагын.

- Ашуулар азыр кандай?

-Азыркы мезгилде ашуулардын бардыгы ачык. Бирок биз тарапка өтө турган жолдордун баары катуу көзөмөлгө алынган. Ал жерден өтүү мүмкүн эмес, кооптонуу жок.

XS
SM
MD
LG