Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Атамбаев: Кыргызстан таза шайлоолордун өлкөсү экенин тастыктоого тийишпиз


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, 11-декабрда өтүүчү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык тууралуу маалыматтарды укту.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдар тарабынан Референдумду жана шайлоону уюштуруу, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Ал эми БШК төрайымы шайлоо участокторунун даярдыгы тууралуу маалымат берип, шайлоо комиссиялары тарабынан бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүлгөнүн кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет алдында негизги тапшырма – шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүнү коомчулукка көрсөтүү экенин баса белгилеп, “Биз дагы бир жолу Кыргызстан таза шайлоолордун өлкөсү экенин, бизде референдум менен шайлоонун тагдырын жарандар өздөрү чечерин тастыктап, көрсөтүшүбүз керек. Эл бийлигинин принциптери –өлкөдөгү туруктуулуктун жана ийгиликтин негиздери” деп билдирди.

Мамлекет башчы ошондой эле өкмөт менен БШКга референдумда жарандардын эркин добуш берүүсүнө бардык зарыл шарттарды түзүп берүүнү жана участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн эмгек акысын жакын арада төлөп берүүнү милдеттендирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG