Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районундагы экинчи штабы Куршап кыштагында жайланышкан. Бирок үйүн БЭКтин өкүлдөрүнө келишимдик негизде ижарага сунуш эткен Жамшид Абдурашидовго органдар ачык кысым жасап, а түгүл аны Куршап айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Калбаев үйүнө ээрчитип барып, имаратты «Ак жол» партиясына бошоттуруп берүүгө мажбурлаган. Мындан тышкары ижарага төлөнгөн 4 миң сом каражат социал-демократтарга кайтарылган жок. Бул туурасында талапкер Атамбаевдин Өзгөн райондук штабынын жетекчиси Алишер Бакышев "Азаттыкка» жарыя кылды.
Алишер Бакышев бул маселе боюнча Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаровго жана аймактык укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылгандыгын, тилекке каршы, алар тараптан таптакыр жооп болбогондугун кошумчалады.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аталган окуяны комментарийлөөдөн караманча баш тартышты. Ал эми «Ак жол» партиясынын саясий Кеңешинин мүчөсү, уюмдун Ош облустук координатору Авазбек Шамшиевдин ырасташынча, бийлик же «ак жолчулар» оппозициянын гана эмес башка талапкерлердин да үгүт иштерин жүргүзүүгө тоскооолдук кылууга кызыкдар эмес.
Аймактык күч органдары өлкө башчылыгына талапкер Алмазбек Атамабаевдин жактоочуларына бут тоскон фактылар каттала электигин билдиришүүдө. Мисалы, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Бириккен Элдик кыймылдын Куршаптагы штабын «ак жолчулар» басып алып, өз кызыкчылыгына иштетип жаткандыгы жөнүндө кабардар эместигин маалымдады.
Ошентип, жергиликтүү серепчилердин баамында, азыр деле 2007-жылкы парламенттик шайлоонун тушундагыдай оппозициялык маанайдагы талапкерлердин штабын тартып алуу же талкалоо, болбосо көчүрүү, ага улай үгүтчүлөрүн коркутуп-үркүтүү жоругу улам күчөп жаткандай. Мындай жышаан Кыргызстан демократиялык нуктан тайып бараткандыгын айгинелеп тургансыйт.