Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

3 - декабрь майыптардын эл аралык күнү. Соңку жылдары Кыргызстанда майыптарга үй-жай куруу, билим берүү жагынан бир катар аракеттер жемишин берди, бирок алар үчүн ишке орношуу, эл аралык уюмдардан жардам тартуу кыйын болууда.

Мамбетакунов Калык Барктабасович, Кыргызстандын майыптар коомунун президенти. 1991-жылдын 5-апрелинде Азиздер

жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармасынын кезектеги пленумунда аталган коомдун борбордук башкармасынын төрагалыгына шайланган. 2005-жылдын сентябрдын кезектеги 16-курултайында өлкөнүн азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти болуп шайланган. Коом үчүн кылган ишинин акыбети кайтып, мамлекет тарабынан көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.


-Калык мырза, азиз, дүлөй жана майып инсандарга мамлекет тарабынан кандай камкордуктар көрүлүүдө? Алар социалдык жактан коргоого алынганбы? Турак жай маселелери кандай чечилүүдө?


- Буга чейин турак жай маселеси боюнча көп жолу тиешелүү жерге кайрылып, оң жооп ала албай келгем. 2006-жылы өлкө президенти К.Бакиев менен менен кезигип калып, турак-жай маселесин айтсам, "Акча табабыз, үй салабыз. Иш кагаздарыңызды даярдап өткөрүңүз" деген. Арадан көп өтпөй турак-жайды тургузууга 100 млн сом бөлүп берди.

Президенттин жардамы менен үстүбүздөгү жылдын 21-январында "Көк-Жар" кичирайонунан 7 сотых жер алдык. Ошентип жакшы жышаан менен башталган иштин алгачкы жыйынтыгы 9 кабаттуу 45 квартиралуу үй болду. Өткөн ноябрь айынын ортосунда үй ээлерине ачкычын тапшырып, киргизип, кубандырдык. Баш аягы бала-чакасы менен жүзгө чукул адам турак жайлуу болушту. Ал эми 6-кичирайондо салынып жаткан үйүбүз жаңы жылга чейин бүткөнү турат. Анда дагы 9 кабаттуу үйгө 45 үйбүлөнү киргизебиз.

2009-2010-жылдарда 9 кабаттан турган 90 квартиралуу үй болот. Ал "Көк-Жар" кичирайонунда жайгашкан, фундаментин казып, даярдап койдук. Буйруса, 2009-жылдын апрель айына карата 135 майып үйбүлөнү үй менен камсыздандырып, кубантканы турабыз. Дүйнөлүк кризис болуп, ушундай кыйын кырдаалда майыптарга жардам көрсөткөндөргө ыраазыбыз.


-Билим алуу алууга дилгир майып балдар арбын болгону менен алар окууну бүткөндөн кийин жумушка кабыл алуу маселелери кандай чечилүүдө?


- Окуйм деп окуй албай жүргөн майып балдарды жакшы түшүнөм. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы социалдык тарапты тейлеген бөлүм бар эле. Аны Күмөн Исакович жетектеп турган учурда ал кишиге барып, окууга умтулган балдардын абалын түшүндүрсөм, туура түшүнүп, Билим берүү министрлигинин жалпы жетекчилигин, ЖОЖдордун ректорлорун чакырып, кеңешме өткөргөн. Анда "майып балдарды конкурсуз окутуу керек" деген маселе каралып, оң чечилген.

Ошондо 1991-жылдын май айы эле. Мына ошондон бери майып балдарга окуу жагынан жол ачылып, бүгүнкү күндө Кыргыз-славян университетинде,Улуттук университетте, Медакадемияда билим алып жатышат. Экономист, юрист, социолог,журналист, психолог, музыкант, массажист кесиптеринин ээси болуп жатышат. Учурда 98 студент окуйт, анын ичинен 47си азиз балдар. Андан тышкары Бишкекте дүлөй балдардын № 21-мектеп интернаты бар. Ошол жерден майып балдар толук кандуу аттестат ала алышат.

Билим алуу жагынан Кыргызстан (Борбор Азия мамлекеттерине салыштырмалуу) 1-орунда турабыз. Бирок азап менен окуп жеткен дипломду иштете албай жатабыз. Себеби каалаган кесиби менен улан-кыздарыбыз кызматка орношо албай кыйналып жүрүшөт. Бул маселе боюнча тиешелүү министрликке, ведомстволорго, ар кайсы компанияларга кайрылсак, ар кайсы шылтоону айтып жатышат. Атүгүл, кээ биринен "соо адамдар иш таппай жүрсө, силерге кайдагы иш?.." деген сөздөрдү угуп жатабыз.

-Кеңеш доорунда майыптар иштеген өндүрүштүк ишканалар арбын эле. Ошол инфраструктураны сактап калдыңыздарбы? Эл керектөөчү кандай товарларды чыгарып жатасыздар? Алардын өтүмү кандай?


-Кеңеш доору менен кошо Кыргызстандын экономикасы кулады: жумушсуздук күчөдү, соода тармагы боюнча коңшу мамлекеттер менен байланыш үзүлдү. Ошол кысталыш маалда биз болгон аракет менен өзүбүздүн өндүрүштүк инфраструктураны сактап калдык. Себеби республикадагы азиз адамдар үчүн алгачкы жумуш шарттары 1928-жылы эле түзүлгөн эле.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 11 өндүрүштүк ишканабыз бар. Анда 800го жакын адам эмгектенет. Жылына өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз менен 350 млн сомго продукция чыгара алабыз. 2006-жылы -16 млн, 2007-жылы -24 млн сомго продукция чыгарганбыз. Эми бул жылдын эсеби менен 30 млн сомго продукция чыгаралы деп жатабыз.

Бул жагынан темп арбып, ишмердүүлүк өрчүп атат. Бирок саны мындан дагы көбүрөөк болсо, оң таасири болмок: майыптар жумуш менен камсыз болмок, жакшы айлык алышмак. Биз чыгарган элге керектүү жууркан, төшөк, эшик-терезе, темир дарбазаларга, кийимдерге мамлекеттик мекемелерден заказ аз болууда.

Атаандаштар дагы арбын болуп,”булардын буюмдарынын сапаты жакшы болмок беле?” деген текебер мамиле кылгандар да бар. Биз жасаган буюмдардын сапаты мыкты болуп, далай сыйылыктарды алган. Жетпегендин азабынан айласыздан элди аралап, баян тартып, комуз чертип ырдап, кайыр сурабай, тиешелүү жумуш орундарында: цехтерде, ишканаларда отуруп элге керектүү продукцияны чыгарышмак.


-Эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк коомдук мекемелер менен байланыштарыныздар кандай? Алардан азын-оолак жардам болуп, “жеңилиңерди жерден, оорду колдон алган” жагдайлар болуп жатабы?

-Хельсинкиде турган эл аралык “Аблис” деген уюм бар экен. Булар бизге сезилээрлик эки жардам берди. Биринчиси Токмоктогу окутуп үйрөтүүчү мекемебизге кийим тигүүчү машиналарды, үтүктөөчү жабдууларды жана башка керектүү техникаларды сатып берди. Экинчиси - Оштогу дыйкан чарбабызга дагы үрөн алууга, айыл чарба өндүрүштүк жабдууларды сатып берип, чоң колдоо көрсөтүштү. Өндүрүшкө, экономикага түздөн түз эл аралык уюмдардан жардам келиши оор иш экен. Окутуу, усулдук иш-чараларга грант бөлгөн учурлар бар.

-Өлкөдө ишкерлиги менен таанылып, бутуна туруп калган инсандар майыптарга көз кырын салып, демөөрчүлүк жардамдарын берип жатабы?

-Бүгүнкү күнгө чейин көз кырын салып майыптарга аз да болсо жардам берип жаткан ишкерлерге ыраазылык билдирем. Бирок салыштырып көрсөк, 1992-1996-жылдар аралыгында ишкерлер жакшы жардам берип турчу.Соңку жылдары алардын иши жылбай калдыбы, тапкан дүнүйөсү өздөрү үчүн өтө кымбат болуп кеттиби же бизге чолоосу тийбей жүрөбү, айтор жардам, демөөрчүлүк солгундап кетти.


-Калык мырза, кечиресиз, майыптардын дагы бир нече түрү, өзгөчөлүктөрү бар эмеспи? Алар дагы ар кандай коом, уюм түзүп жүрүшөт. Аларды бириктирүү демилгеси барбы?


-Учурда Кыргызстанда 112 миң майып адам бар. Анын 18 миңи жашы жете элек майыптар, 94 миңи 18 жаштан өйдө курактагылар. 2 миңге жакыны өз алдынча фонд түзүп алышкан. Кээ бир майып адамдар бир туугандарынын дени сак болсо дагы тизмеге аты-жөнүн жазып алып, фонд түзүп жүрүшөт. Айтор, ушинтип чачыранды болбой, майыптардын башы бир жерге бириксе деген маселе көптөн бери сөз болуп жүргөн.

Өкмөттө, парламентте сөз болгону менен, ага майыптар даяр эмес эле. Анткени, ар бир жетекчи майып өзүнчө жеке иш кылганды каалашат экен. Ошентсе да бул маселе 2008-жылдын май айында чечилип, майыптардын эң чоң жети коомун бириктирдик. Учурда ал "Кыргызстан майыптар ассоциациясы" деп аталат. Ошого президент болуп шайландым.

Бул ассоциацияга 31 миң адам (биздин дүлөй жана азиздер коомунда 9 миң адам бар) мүчө болуп кирди. Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, 21-октябрда эл аралык конференция болуп өттү. Беш мамлекеттин ичиндеги майыптардын маселесин координациялоо да Кыргызстанга тапшырылды. Себеби, биз ассоциацияны түзүп алганыбыз менен башка мамлекеттен алдыга кетиппиз.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG