Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Автоунаага бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү нааразылык жаратты


10-декабрдан баштап өлкөдө сырттан алынып келген автоунааларга бажы төлөмдөрү көтөрүлөт. Бул жагдай автоунааларды алып келип сатып ишкерлик кылгандардын нааразылыгын жаратууда.

Сырттан келүүчү автоунааларга бажы төлөмдөрүн көбөйтө турган өкмөттүн чечими10-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Өлкөдө автоунааларга бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү чет мамлекеттерден колдонулган автоунааларды алып келип сатып ишкерлик кылгандарга терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу ушул багытта иш жүргүзгөн жеке ишкер Кубанычбек Салянов “Азаттыкка” билдирди.

“Өлкөдө жарандардын орто статистикалык жашоо деңгээлин эске алып биз, импорттолгон автоунаалардын чегин 15 жылга чейин көбөйтүшүн, ал эми бажы төлөмдөрүн жогорулатууну план ченемдүү жана этап-этап менен киргизишин каалайбыз”,-дейт ишкер Кубанычбек Салянов.

Жеке ишкер Байыш Темиралиевдин айтымында учурда колдонулган бир автоунаанын бажы төлөмдөрү 500-600 доллар болсо, Бажы кодексине өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 2500-3000 доллар болуп калат.

Автоунаа ташып, сатып ишкерлик кылган Кубан Маметовдун пикиринде, бул жагдай өз кезегинде автоунаалардын ошончо кымбаттоосуна алып келет. Ошондо 4-5 миң долларлык колдонулган автоунаалар 8-9 миң доларга кымбаттайт.

Ишкерлер бул чечимди 2009-жылдын башынан тартып күчкө киргизүүнү бийликтен өтүнүүдө. Бул жөнүндө жеке ишкер Азат Ашымов “Азаттыкка” билдирди.


Ушул кезде биздин мамлекетте жалпы жумушсуздуктан улам миң деген жаран чет өлкөдөн автотранспорт каражаттарын алып келип турушат. Биздин арабызда банк кредиттеринен пайдаланган адамдар бар, бул учурда биз тараптан республиканын бюджетине бажы төлөмдөрү түрүндө ири суммалар келип турат”,-дейт Азат Ашымов.


Чет өлкөлөрдөн автоунаа алып келип, сатып ишкерлик кылышкандар нааразылыктарын билдиришип, өз укуктарын коргоо үчүн ар кандай нааразычылык акцияларын өткөрүүгө бара тургандыктарын эскертишти.

Өлкөнүн мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдылда Малдыбаевдин айтымында, Кыргызстанга бир жылда 82 миңден ашуун эски автоунаа алынып келсе, өткөн 10 айда 75 миң автоунаа келген. Автоунаа сатып ишкерлик кылгандарга өкмөттүн чечими бир жылдан бери айтылып, эскертилип келатат.Бул иш-чара өлкөгө жаңы, техникалык жактан коопсуз автоуаалардын келишин шарттайт.

Ошондо 1997-жылдан төмөнкү жылдары чыккан автоунааларга мурда мотор кубаттулугу 1 куб сантиметрге 0,2 доллар бажы төлөмү төлөнсө, 10-декабрдан тартып алар үчүн 1,5 доллар бажы төлөмү чектелүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG