Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Орозбек Молдалиев: Оппозиция бириксе коомчулук колдошу мүмкүн


Оппозиция бир лидердин алдына баш кошуп, үй-бүлөлүк башкаруу системасына чогуу күрөшүүнү максат кылууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” түз обосунда ушул маселе боюнча ой бөлүштү.

- Орозбек мырза, оппозиция бир лидердин алдына баш кошууну максат кылганы коомчулукта ишенбөөчүлүк менен кабыл алынып жаткансыйт. Бул оппозициянын буга чейинки пикир келишпестиктеринин натыйжасынан улам болушу мүмкүнбү?

- Мунун бир топ себептери бар. Биринчиден бизде харизмасы бар лидер жок болуп жатат оппозицияда. Экинчиден сөз көп, иш жок болуп жатат. Үчүнчүдөн сөздүн түз жана кыйыр маанисинде элден алыс туруп атышат. Бишкекте гана аракеттер болуп, аймактардагы аракеттери солгунураак. Мындан тышкары булардын биригүүсүнө бийлик жардам берип, бийлик алардын арасынан “тандап” берип жатат.

- Мисалы...

-Мисалы үчүн кылмыш иштерин козгоп, элдин көңүлүн оппозиционерлерге буруп атат. “Баланчага кылмыш иши козголуптур,” деген мамиле да өзүнчө бир реклама. Эми биригели деген аракеттер көп болуп, биригели деп айтып эле ошол боюнча тарап кетип атышат да. Албетте, бүт оппозиция бириге албайт, бирок оппозициянын бир белдүү тарабы биригип кетсе, алар аймактарда таасирин күчөтө алса, ошондо алардын иштери ийгиликке жетишип, коомчулук колдоп кетүүсү мүмкүн.

-Азыртан айтыла баштаган маалыматтар боюнча оппозиционерлер “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди лидер кылганы жатышат. “Азаттыкка” берген маегинде “Акыйкат үчүн” кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов да лидер болууга Өмүрбек Текебаев татыктуу деп билдирди. Сиз Жекшенкуловго кошула аласызбы?

- Кимди лидер кылуу – оппозициянын өзүнүн чече турган маселеси. Албетте, Өмүрбек Текебаев – лидер болууга татыктуу жигит. Анын көптөн бери түптөлүп калган социалисттик “Ата Мекен” партиясы бар. Өткөн шайлоолордо “Ата Мекен” партиясынын рейтиңги чоң болгон. Ар кандай себептер менен парламентке түшпөй калса да, бул партиянын талапташтары башка партияларга караганда көп. Анын үстүнө жаштардын арасында да партиянын таасири чоң. Албетте, ал такшалып калган саясатчы. Ар кандай кемчиликтер кимде жок, башкаларга салыштырмалуу саясий тажрыйбасы жагынан да саясий лидер болууга Өмүрбек татыктуу жигит.

-Өмүрбек Текебаев түштүктө колдоо таба албайт, деген каршы пикирлер да бар. Ошол эле учурда бүгүнкү күнү түштүк деле кландык башкаруудан тажап бүттү, деп айткан адамдар да чыгууда. Бирок Текебаевди түндүк колдоп береби? Анткени Төө-Ашуунун бери жагынан да мыкты азаматтар бүгүн оппозицияда, анын үстүнө алар толук бир пикирге келише элек, келүүсү да азырынча күмөн?..

-Текебаевдин түштүктө колдоосу жок, дегенге кошулса болот. Анткени түштүктүн эли административдик ресурстун таасирине көп кирип кетип жатат, муну менталитет менен түшүндүрсө болот. Ал эми Төө-Ашуунун бери жагы тууралуу айтсак: оппозициянын баары эле Бишкекте чогулган. Бирок “Текебаевди колдобогула, ага кошулбагыла” деген сөз түштүктөн айырмаланып, түндүктө жок.

- Бирок ар бир аймактагы эл өзүнүн уулун колдоого аракет кылган менталитет да кыргызда башынан эле бардыгы айтылып жүрөт?..

- Мына биригүүнүн себеби ушундан улам келип чыгып жатат. Эгерде оппозиция бириксе, бир лидерди колдойлу десе, эл колдоп берет.

- Сиз түштүктүн эли административдик ресурска ыктап кетип жатат, деп айтып кеттиңиз. Бул жерде мен сизге кошула албайт элем, анткени мурдагы бийликке каршы козголоң түштүктөн башталган эле. Бул жерде атайылап бийлик тарабынан түштүктүн кулуну болгон Курманбек Бакиевге Өмүрбек Текебаевди каршы коюу аракети жасалып жаткансыйт?..

- Өмүрбек Текебаев башынан эле оппозицияда жүрөт. Экс-президент Акаевдин тушунда да, азыр деле элдин таламын колдогон чакырыктар менен чыгып жүрөт. Ал конкреттүү мамлекет башчыларына каршы эмес, Конституциянын, мыйзамдардын жана демократия жоболорунун бузулуп жатканына каршы чыгып жатат. Ошол үчүн аны эл колдоп жатат.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG