Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Президенттин жакындары спорт тармагын дагы ээлеп жатышат


Курманбек Бакиевдин уулу, Дзю-до федерациясынын президенти Марат Бакиев.

Курманбек Бакиевдин уулу, Дзю-до федерациясынын президенти Марат Бакиев.

Кыргызстандын cпорт федерацияларынын айрымдарын президент Курманбек Бакиевдин уулдары, инилери жана жакын санаалаштары жетектеп жатышат.

Жакында эле Кыргызстандын футбол федерациясынын отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп, анда аталган федерациянын президенттигине Айбек Алыбаев шайланды. Бишкек шаардык футбол федерациясын бир жылга чукул жетектеген Айбек Алыбаев президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болуп, президенттик администрацияда иштеп келген. Үстүбүздөгү жылы 25-ноябрда сот департаментинин директору болуп дайындалган.

Футбол федерациясын буга чейин 18 жыл жетектеп келген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин “Азаттыкка” айтымында, ал бул ирет жаштарга кезек берип, жол бошотту.

- Себеби Айбек Алыбаев улан кезинде спорт окуу жайында футбол адистиги боюнча билим алган. Кийин Бишкектеги “Динамо” футбол командасынын катарында ойногон. Орусияда, Сахалинде да айрым футбол командаларынын катарында ойноп, тажрыйба топтогон. Бишкек шаардык футбол федерациясын дагы бир жылга чукул жетектеп, уюштуруучулук жөндөмүн көрсөттү. Анын кыргыз футболунун келечеги үчүн иштеп, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Көп жылдан бери бул футбол федерациясынын башкы катчысы болуп келген Кылычбек Бердибековдун ордуна өлкөнүн футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Нуртазин Жетибаев башкы катчы болуп дайындалды.

Футбол федерациясынын вице-президенттери болуп “Ак жол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Советбек Сакебаев, милициянын генерал-майору Өмүрбек Кутуев жана ишкер Сейит Ааматов шайланды.

Ал эми Амангелди Муралиев болсо футбол федерациясынын укугу чектелген ардактуу президенти болуп калды.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин пикиринде, азыркы бийликтин программасы жоктугунан экс-президент Аскар Акаевдин жолун жолдоп жатышат. Спорт тармагына эки-үч жылда олуттуу салым кошуп, бир топ аракети менен көрүнгөн Бектур Асановду Бээжин олимпиадасынын алдында кызматтан алып коюшканы менен бардык маселени өздөрү каалагандай чечип жатышат.

- Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев да бокс федерациясына жетекчи болуп, кийин Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган. Президент Курманбек Бакиевдин жакындары да спорт тармагын менчиктештирип, айрым федерацияларды ээлеп, кадыр-барк күтөм дегени саясый тайкылык. Бул бардык маселелерди, ал түгүл спорт федерацияларынын жетекчилерин да Бакиевдердин чечип жатышы жакшылыкка алып барбайт.

Ошентип спорт адистеринин баамында Кыргызстандын cпорт федерацияларынын айрымдарын президент Курманбек Бакиевдин уулдары, иниси жана жакын санаалаштары жетектеп жатышат.

Алсак, өлкөнүн күрөш федерациясын президенттин ишкер уулу Максим Бакиев бир жылдан бери жетектеп келатат.

Ал эми улуу баласы, Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкери Марат Бакиев өлкөнүн көзгө атаар мергендерин бириктирген ок атуу федерациясы менен дзю-до күрөшү федерацияларынын президенти болуп саналат.

Ошондой эле президенттин дагы бир иниси Адыл Бакиев өлкөнүн каратэ-до федерациясынын жетекчиси болуп быйыл жазында шайланган.

Спорт федерациясына жетекчи болгон адам олимпиадалык оюндарга, дүйнөдөгү ар кандай чемпионаттарга, мелдештерге барышат. Алар бир мамлекеттен экинчи өлкөгө тоскоолдуксуз өтүүгө укук алышат.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG