Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Бишкекте Санта Клаус веб-сайты ачылды


Бишкекте орус жана англис тилдеринде ачылган " Кыргыз Санта Клаус" веб-сайтынын бетачаары болду. Бирок жаңы маалымат булагында кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү байкалбайт деген пикирлер да айтылууда.

Өлкөнүн туризм боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашевдин айтымында бул жаңы веб-сайт-маалымат булагынан Санта Клаустун тарыхы, анын бир туугандары, китепканасы, өнөктөштөрү жана Кыргызстан Санта Клаустун мекени болуп калышы тууралуу бардык кызыктуу маалыматтарды табууга болот.

Кыргызстандын коомчулугунда Санта Клаус жөнүндө ар түрдүү суроолор, күдүк ойлор пайда болгондуктан Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен бир айдын ичинде маалымат булагы түзүлгөн. Себеби Санта Клаус кыргызстандыктар үчүн өгөй болгондуктан, былтыр кыргыз жергесинде Санта Клаустун биринчи эл аралык фестивалы өткөрүлүп, дүйнө коомчулугу Кыргызстанды жер шарынын киндиги катары тааныган.

Ошондуктан жаңы жылды куттуктоо, балдарга белек-бечектерди таратуу үчүн санта клаустарга Кыргызстандан старт берилиши керек деген ой-пикирлердин айтылышы да себеп болгон дешет сайтты түзүүчүлөр.

www.kyrgyzsanta.org сайты бир нече бөлүмдөрдөн туруп, балдардын жан дүйнөсүнө ылайык шөкөттөлгөн. Анда Санта Клаус тууралуу түрдүү маалыматтарды табууга болот. Былтыр Кыргызстанда өткөн эл аралык фестиваль, Сантанын бир тууугандары, китепканасы, ага байланыштуу окуялар, фото жана видео материалдар да орун алган. Санта Клауска жазган балдардын кызыктуу каттары, Сантанын кызмат көрсөтүүсү, өнөктөштөрү тууралуу дагы маалыматтарды табууга болот.

Бирок “Аалам” гезитинин редакторунун орун басары Айгүл Бакиеванын айтымында жаңы ачылган Санта Клаус маалымат булагында кыргыз өңү, өзгөчөлүктөрү жана боектору анча байкалбай калган. Жаңы жыл, Аяз Ата тууралуу кыргызча ырлардын текстин жана обондорун да киргизип койсо дурус болоор эле.

Өлкөнүн туризм боюнча мамлекеттик агентигинин билдиргенине караганда, 5-февралдан 8-февралга чейин Кыргызстанда Санта Клаус, Аяз Аталардын эл аралык экинчи фестивалы өткөрүлөт. Ошондуктан бул жаңы ачылган маалымат булагынан ушул фестивалга байланышуу суроолорго да жооп тапса болот. Ошондой эле бул саамалык өлкөгө чет элдик туристердин көп келүүсүнө, кызыгуусуна өбөлгө болот дешет адистер.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG