Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Топоздун тукуму майдаланып, асылдуулугу жоголууда


Топозду Санта Клаус, Аяз атасынын унаасы катары да тааныла баштады.

Топозду Санта Клаус, Аяз атасынын унаасы катары да тааныла баштады.

Кийинки жылдары өлкөдө топоз баккандар арбып баратат. Бирок анын тукуму майдаланып, мамлекеттик деңгээлде асылдандыруу маселеси чечилбей келүүдө.

Башка үй жаныбарларына караганда топоз тоютту көп талап кылбайт. Башка мал учуп кете турган аска зоолордо топоз багыла берет. Себеби алар бийик тоолуу, тик капталдуу жайыт чөбүн жакшы оттойт. Алыскы жайыттарда кышкысын кээ бир жылдары 50 градуска жакын суук болгондо да топоз чыдайт дешет адистер.

Бир түндүн ичинде топоз 70- 80 км. алыстыкка кетип калат. Алар күйүкпөйт, күч-кубаттуу болот. Үй жаныбарларына караганда топоздун канында - эритроцит көп. Ошондуктан канынын курамы боюнча кийиктикине жакын келет. Эритроцит бийик тоолордогу кычкылтек аз жерлерде күйүкпөй, кубатын кетирбей кармап турат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында топоздун тукуму майдаланып, асылдандыруу маселеси чечилбей келүүдө.

- Топоз ири уйлардын жарым этин гана берет. Бирок эти абдан даамдуу келет. Топоздун эти башка малдыкына караганда көп сакталып, анын сүр эти пайдалуулугун жоготпойт. Этинин майы өтө күчтүү. Бул мал союз убагына салыштырганда 1,5 эсеге көбөйүп кетти. Кеңеш доорунда республика боюнча болгону 40 миңге жетпеген топоз багылчу. Анын ичинен 20 миңге жакыны Нарын облусуна тийиштүү эле. Азыр ал үч эсеге арбыды. Бирок тукуму майдаланып, асылдуулугу начарлады.

Кеңеш доорунда асыл тукум топоздор атайын мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, букаларын алмаштырып турушкан. Маселен, агездеги Алайдан, Оштун бир топ аймактарынан түндүккө, Ат-Башы, Кара-Кужурдан түштүккө алып барып айырбаштап турушкан. Атүгүл Алтайдан букаларды ташып жеткиргенин айтып эскеришет.

Топоздун эркегин бери дегенде эки жылда бир алмаштыруу кажет. Азыркы күндө жыйырма жылдан бери айрыбашталбай жүргөндөрү бар. Анан кантип топоз чарбасы өнүгөт?” -деп кейиди Кемел Ашыралиев.

Мындай пикирге өлкөнүн айыл, суу чарба министрлигинин мал чарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мамаев макул эмес. Анын айтымында топоз чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик атайын иш-чаралар жүргүзүлүп, Кытай, Монголия, Иран, Индиядан топоздун букаларын алып келүү долбоорлору ишке ашканы турат.

Ал эми публицист Жолдошбек Зарлыкбековдун пикиринде топоз багууну оңой көргөндөр жетекчилер топоз чарбачылыгына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурбай келүүдө.

-Аны багуунун оңой жагы бул. Чөп чаап даярдабайсың. Жайыттарда жүрөт. Ага жылуу сарайдын деле кереги жок. Баш калканч бастырма жасап, алардын санагын алууда же союшка кармоодо убактылуу айдап киргизип койсо тура беришет. Бала кезде Кара-Кужурда топоз көп болоор эле. Кеңеш доору кыйраганда чарба жетекчилери өздөрү топоздорду менчиктеп алышып, талкалап бүтуштү. Ушундай асыл малды кыргыздар кор туруп, койдой союп, көңүл бурбай коюшту.

Топоздун жаңы туугандан кийинки ууз сүтүндө 15 пайыз майлуулук болот. Ал эми уйдун уузунда болгону 4 пайыз май бар. Топоздун музоосу ошондуктан абдан чыйрак болуп өсөт. Кытай республикасындагы Кызыл Суу кыргыз автономиялуу облусунда топозду да уйдай саап, сүт алышат.

Ал эми Кыргызстанда топоз саагандар Алай-Кууда, Ат- Башынын кээ бир аймактарында бар дешет. Чынында топоздун сүтүндөй майлуу сүт жок. Анын сүтү ден соолукка пайдалуу экенин адистер белгилеп жүрүшөт.

Өлкөнүн базарларында учурда уй этинин бир килограммы 180-200 сомдо сатылып жатса, топоздукун 150-160 сомдон алса болот.

Ошондой эле топозду Санта Клаус, Аяз атасынын унаасы катары да тааный баштады. Себеби Кыргызстанда өткөн “Санта Клаус жана анын достору “ эл аралык эки фестиваль учурунда тоо- ташта жүрүүгө ылайыктуу топоз кокусунан тандалып алынган эмес. Анткени ал жер жүзүндөгү эң байыркы жаныбарлардын бири болуп саналат.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG