Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Күйүүчү май дагы кымбаттады


Базарда чийки мунай 72 долларга чейин кымбаттады

Базарда чийки мунай 72 долларга чейин кымбаттады

Эки жума ичинде Кыргызстандагы күйүүчү май 1,5-3 сомго кымбаттады. Адистер дүйнөлүк базардагы мунайдын баасы кымбаттаганына байланыштырып жатышат. Өлкө жарандары күйүүчү май эми дагы жогорулайт деп чочулап турушат.

Жай келгенден бери Кыргызстанда күйүүчү май баалары эки-үч ирет көтөрүлдү. Мурдагыдай кескин жогорулабаганы менен 40-50 тыйындан көтөрүлүп отуруп, мурдагыдан 1,5-2 сомго кымбаттады.

Адистердин белгилөөсү боюнча буга дүйнөлүк базарда чийки мунайдын кымбатташы себеп, белгилүү болгондой бир ай мурда эл аралык биржаларда бир баррели 45 доллар болуп жаткан чийки мунай 72 долларга чыккан.

Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү майларды ташып келип, сатып жаткан “ГазПромнефтьАзия” компаниясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Өмүрбек Сатаевдин пикиринде чийки мунай базарда мурдагыдай кескин кымбаттабайт.

Бирок күйүүчү майдын кымбатташына кыргызстандык керектөөчүлөрдүн нааразылыгы күч. Негизинен дүйнөлүк базарда чийки мунай кайрадан арзандай баштаган учурда күйүүчү майдын баасы өтө акырындык менен төмөндөгөндүн ордуна баасын көтөрүп, кескин кымбаттатып жиберген ишкерлерге жарандар нааразы.

Алардын бири бишкектик айдоочу Тилек Акматовдун айтымында бир жумада эки сомго жогоруласа, оруп-жыйуу учурунда дагы кымбатташы мүмкүн.

Мурдараак мунай баасы арзандаган тушта Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы бир топ ылдыйлаган. Жогорку октандык Аи-98 үлгүсүндөгү бензиндин литринин баасы 21 сомго, дизелдик күйүүчү майдын литри да 21-22 сомго чейин төмөндөгөн.

Ушул тапта Бишкектеги май саткан бекеттерде жогорку октандык Аи-98 үлгүсүндөгү бензиндин литри 27 сом 50тыйын, Аи-96 үлгүсүндөгү 23 сом 50 тыйын, А-93-92 үлгүсүндөгү 22 сом , А-80 үлгүсүндөгү бензин 19 сом 50 тыйын турат. Бул Бишкектеги күйүүчү майлардын баалары.

Ушул тапта Ош, Жалал-Адат аймактарында күйүүчү майдын баасы да жергиликтүү май бекеттерде 2-3 сомго кымбаттады. Айдоочулар баанын кымбаттаганына нааразы болушса, май сатуучулар товары мурдагыдай өтпөй жаткандыгына кабатыр.

Кыргызстандагы мунай базарында дээрлик Орусиянын “ГазПром” ишканасынын алдындагы “ГазПромнефтьАзия” компаниясы монополист болуп эсептелет. Ушул ишкананын басма сөз кызматынын жетекчиси Өмүрбек Сатаев жыйым-терим учурунда күйүүчү майлардын баасын жогорулатпай, бир калыпта кармоого аракет кылып жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

Өлкөнүн “Нефтетрейдерлер” биримдигинин президенти Базарбай Мамбетовдун пикиринде орусиялык компаниянын күйүүчү май базарындагы күчтүү таасиринен улам Кыргызстандагы баалар башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан.

-Бүгүнкү күндө күйүүчү май Кыргызстанга Орусиядан гана апкелинип жатат, анын баасы кымбат. Учурда апкелинген майдын бир литри бардык чыгашасы менен бизге 21-22 сомго түшүүдө. Ошентсе да көпчүлүк компаниялар Кыргызстандагы оор кырдаалды эске алып өздөрүнүн чыгашасына карабай, арзан сатууга мажбур болуп жатышат.

Ал эми байкоочулардын айтымында, күйүүчү майдын арзандашы кыйын. Анткени Кыргызстандын өзүнүн нефти өндүрүүчү “Кыргызнефтигаз” акционердик ишканасы айына 5-6 миң тонна гана күйүүчү май өндүрөт. Бул өлкөнүн түштүгүн камсыздай албайт. Алар былтыр болгону 80 миң тонна күйүүчү май өндүргөн.

Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстанга күйүүүчү майды сатууга 2001-жылы эле тыюу салып, бажы төлөмдөрүн көтөрүп койгон. Аткезчилик жол менен кирип жаткан май базар баасынын өзгөрүүсүнө таасирин тийгизе албайт дешет адистер.

Жергиликтүү эксперттердин айтымында, күйүүчү майга баанын кымбатташы мунайга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү жана Казакстан жана Орусия өкмөттөрүнүн күйүүчү майдын башка өлкөлөргө чыгаруу өлчөмүн азайтуусу менен байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG