Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Кыргызстанда журналисттер 7-ноябрда кесиптик майрамын белгилешти. Өлкөдө бул күн Маалымат жана басма сөз күнү катары жарыяланган. Билимин Советтер союзу урагандан кийин алып, бүгүн болсо кыргыз медиа чөйрөсүндө алдыңкы катарга озуп чыккан жаш журналисттердин тобу калыптанууда.

Жаңы маалымат технологиялары бүгүнкү кабарчы-репортерлордун ишине жаңыча өзгөчөлүктөрдү киргизип, кошумча талаптарды койду. Окуя болгон жерден түз репортаж, аны заматта компьютерде терип, интернетте жарыялоо, окуяны сүрөткө же видеого тартып калуу, - мунун баары бүгүнкү журналисттин колунан келчү кадимки эле иши.

Аида Касымалиева (Aida Kasymalieva) азыр Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстан жана Казакстан

боюнча редактору болуп иштейт. Буга чейин Аида “Азаттык” радиосунда кабарчы жана “Азаттык плюс” теле берүүсүндө алып баруучу, продюсер болуп эмгектенди.

- Мен журналист катары интернет сайттарда жакшы сүрөттөрдү, радио болсо жакшы үндөрдү, ал эми теле болсо мыкты кадрларды көргүм келет.

Аиданын оюнда, көпчүлүк жаш кабарчылар арасында журналистика жөнүндө натуура ой калыптанып калганы байкалат.

- Менимче, айрым жаштар журналистикага туура эмес көз-караш менен келишет. Мисалы, белгилүү болууну каалашат... Чынында, журналистиканын башкы максаты – адамдарга маалымат жеткирүү экенин унутуп коюшат, - дейт Аида Касымалиева.

Гулнура Торалиева болсо буга чейин Коомдук саясат институтунун программалар Директору, Бишкек Пресс-клубунун директору болуп иштеди. Азыр болсо Дүйнөлүк ВВС Корунун регионалдык медиа-координатору, медиа-эксперт. Азыркы жаш журналисттерге, анын пикиринде, улуу муундагы

журналисттердин билими жетишпейт.

- Башкача айтканда, улуу муундагы журналисттердин, менимче, азыркыларга караганда, дүйнө таануусу кененирээк. Алар өздөрүнүн макалаларында окуянын тарыхындагы, же адамдын өмүр баянындагы маанилүү жагдайларга кайрылып, журналистиканын бир топ ушул өңдүү ыкмаларын кеңири колдонушат. Алар кайсыл бир окуяны же акыбалды сүрөттөшсө, сөзсүз түрдө мурдагы мезгил менен азыркыны салыштырып бергенге аракет кылышат. Ал эми жаш журналисттерди жаңы технологияларды колдонууга коркпой тике карагандыгы өзгөчөлөнтүп турат. Алар бир топ мобилдүү, динамикалуу жана оперативдүү.

Аида Касымалиева да, Гулнура Торалиева да азыр 24 жашта. Алар өздөрүнүн мындай жаш курагына карабастан журналистиканын бир топ жанрларында иштеп, такшалышты. Бул эки журналист тең учурда жаш журналисттер арасында аналитикалык макалаларга кызыгуу жоголуп баратканын, а балким, аналитикалык макалаларды жазууга жөндөмдүн жоголуп баратканын белгилешти. Кыргыз журналистикасындагы жаштар арасында унутулуп бараткан жанрлардын дагы бири катары Гулнура Торалиева журналисттик иликтөөнү атайт.

- Албетте, азыр журналисттик иликтөө деген жанр өнүкпөй жатат. Бүгүн Кыргызстанда бул жанр менен иштеген дээрлик бир да журналист жок. Бул жанрда иштөөнүн өзү журналисттин өмүрүнө коркунуч келтирет, анын үстүнө көп акча каражатын да талап кылат. Андыктан жакын арада бул жанр өнүгө тургандай эмес, - деди Гулнура Торалиева.

Кыргыз медиа чөйрөсүнө өзүнүн жаңы гезитин тартуулаган Султан Каназаров да чыгаан жаш журналисттеринин катарында. Ал да

буга чейин “Азаттык” радиосунун кабарчысы, кийин жаштар редакциясынын редактору болуп иштеген. Анын айтымында, учурда олуттуу маселелерди көтөргөн кыргыз басылмаларына окурмандардын санынын аздыгы башкы проблема бойдон калууда.

- Менимче, бул баардык эле ММКга башкы проблема. Анткени басылманын окурмандарынын саны канчалык көп болсо, каржылык жана башка маселелери да ошого жараша жеңил чечилет. Ал эми “коркутуп-үркүтүү”, “басым”, - булар баары бир экинчи пландагы маселе. Биринчи планда рыноктун тардыгы турат, - деп эсептейт Султан Каназаров.

Кыргызстандык белгилүү журналист Султан Жумагулов болсо кабарчылардын жаңы муунунда аны кубандырган да, өкүндүргөн да жактары бар экенин белгилеп өттү.

- Азыр абдан тың, изденген жаш журналисттердин тобу келатат. Алардын арасында кыздар көп. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш деп айтмакмын. Тилекке каршы, улуу муундар ал жаштарыбызды чоң, калыс, чынчыл журналистиканын өрнөктөрүндө тарбиялай албай жатышат. Себеби алар коммунисттик, бир беткей журналистикадан өсүшкөн. Университеттерде да журналистикага эскиче окутуп жатышкандыктан, жаштар эски көчтүн арты менен кетип калып жатышканы өкүндүрөт, - дейт журналист Султан Жумагулов.

Кыргыз журналистикасы, негизи, эч кандай өзгөчө үнү жок, журналисттер жөнүндөгү жалпы жаңылыш пикирди тастыктап, бирөөлөрдү курулай сөз менен жаманатты кылып жаткан жаштарга деле бай. Бирок журналистиканын жаңы дүйнөлүк багыттарын издеп, окурман, көрарман, угармандарды ойлондурган көйгөйлөрдү ачып, чыныгы журналистиканын көчүн улантып жаткан жаш кабарчылар да жок эмес.


  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG