Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргыз эли кедей, билими жок, аракка өч, китепке жок.


10-декабрда “Кыргызстан маданияты” жумалыгы кайрадан жарык көрдү.

“Кыргызстан маданияты”

10-декабрда “Кыргызстан маданияты” жумалыгы кайрадан жарык көрдү. “Күнтаажы” деген рубриканын астында Кыргыз эл баатыры, эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун “Жаабарс” романынан Абибилла Пазыловдун котормосунда үзүндү жарыяланды.

Ошондогу 9-баптан бир шилтем үзүндү: "Бектурдун “Жаабарс планы” чынында жумуштун шыр илгерилешин шарттады.Уюштуруучулары ушунчалык көрөгөчпү, айтор уюштуруудан эч кандай кемчилик байкалбады го.Ушу тапта тоолуктар эңкейген карысынан эмгектеген чүрпөсүнө чейин илбирстерди аткылоонун акыбетинде сомду сомдой, долларды доллардай соломокту күсөдү”-деп жазуу менен маркум Чыңгыз Айтматов илбирстердин тукумун курут кылган көйгөйлүү маселени көтөргөн.

Ушул жумалыкта адабиятчы Мамасалы Апышевдин эгемендик доорундагы улуттук адабиятка кеңири баяндама кылган “Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы”деген 4 беттен турган көлөмдүү аналитикалык сын макаласы жарык көрдү.

Анда залкар жазуучулар Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун соңку чыгармаларынан баштап, Абдиламит Матисаковдун, Бекмурза Жекембаевдин,Каныбек Иманалиевдин жана башка жазуучу-акындардын эгемендүүлүк доорундагы чыгармалары талдоого алынган.

Улуттук адабиятта ар түркүн багыттагы аракеттер арбын экени, азырынча изденүүлөр азыраак болуп, жаңы чабыттарга чыгуу далалаты да чабалыраак болуп жатканын адабиятчы Мамасалы Апышев сынга алган.

“Азыркы доордо пайда болгон коммерциялык адабияттарды эске албай турган болсок,улуттук адабияттын таанымал өкүлдөрү калыптанып калган инерциялары менен гана иштеп жатышкансыйт,”- деп жазат автор.

“Телевизор, компьютер менен чоңойгон бала менен китеп окуп чоңойгон баланын айырмасы асман менен жердей”-деп айткан ушул жумалыкка берген маегинде Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.

Ушул жумалыкта Кыргыз эл акыны, төкмө ырчы Тууганбай Абдиевди шакирттери, замандаштары эскеришти.

“Кургак акыл айтчу эмес. Жүрүм- туруму менен акыл-насаат үйрөткөн инсан эле,- деп эскерет Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков.

“Эми а кишинин орундун толукташ кайда? Миңибиз чыксак да, бучкагына тең эмеспиз. Оозеки чыгармачылыктын анык чебери болчу,”-деп каңырыгы түтөп, устатын эскерет төкмө акын Жеңишбек Токтобеков.

“Кыргызстан маданияты” гезити белгилүү адабиятчы, сынчы, жазуучу Салижан Жигитовдун “Эл байыса, турмуш оңолсо гана адабият да оңолушу мүмкүн” деген акыркы маегине орун берди.

“Кыргыз эли кедей, билими жок. Аракка өч, китепке жок. Окубайт. Билим алып алган кыргыздар башка тилдеги адабияттарды окуйт.Себеби, башка тилдеги адабияттар кыргыз адабиятынан алда канча мыкты. Алардын жазуучулары биздин жазуучулардан төөлүк өйдө,”- деп маркум Салижан Жигитов кыргыздарды бир күйдүрүп, намыстантып сынга алган.

Ушул жумалыкта адабият, маданият маселелери гана көтөрүлбөстөн, жаратылышты коргоо, экология көйгөйлөрү тууралуу да кеп болгон. Анда Кемин райондук айлана-чөйрөнү корго комитетинин төрагасы Абийрбек Акыкеев “Кемин району радиациялык калдыктардын көрүстөнүнө айланабы? деп суроо койгон.

“Аргументы и факты”

Жумалыктын Кыргызстанга арналган тиркемесинде Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга дагы 15 млн.доллар инвестиция берип жатканын, анын 3 миллиону эле мамлекеттик кызматкерлерди техникалык жабдуулар менен жабдууга, аларды колдоого, калган 12 млн.доллары өлкөнүн мамлекеттик бюджетине жумшалаары баяндалган.

Ошондой эле Орусия Кыргызстандагы өзүнүн аскер-аба базасын чыңдоого 1 млрд.700 млн.рубль каражат бөлүп, Канттагы аскер-аба базасынын курулушуна, ремонтуна бул акча жумшалаары маалымдалган.

“Московский комсололец Кыргызстан”

Ушул жумалыктын 10- декабрдагы жаңы санында өлкөнүн мектептериндеги коррупция өөрчүп кеткени сынга алынган.

Ошондой эле жаңы бажы салыгына байланыштуу Кыргызстанга чет элден келген автоунааларынын баасы көтөрүлгөнү, өлкөдөгү таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоор сунушталып жаткандыгы тууралуу кеп болот.

Ушул жумалыкта Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эч себепсиз эле жумушка келбей жүргөндүктөрү да сындалган.

Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында сибир жарасы бодо малга кайрадан жугуп, эпидемия коркунучун жаратып жаткандыгы баяндалат.

“Кыргыз караван”

Бул гезит эгемендүүлүк алгандан берки өлкөнүн мамлекеттик катчыларын парадга тизди. Акырында ”Алакандай Алатоонун идеологиясын жүргүзө албаган мамкатчыларды жоюп эле жибергенден өтөөрү жок көрүнөт” деп макаланы жыйынтыктайт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG