Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Мыйзам иштемейинче социалдык акыйкаттык болбойт


Мин-Куш шаарчасында жакырчылыктан каржалган калк көмүр шахталарын казып жан сактап келатат.

Мин-Куш шаарчасында жакырчылыктан каржалган калк көмүр шахталарын казып жан сактап келатат.

20-февраль – дүйнөлүк социалдык акыйкаттык күнү. Эксперттердин пикиринде Кыргызстанда социалдык тармакта мыйзамдар иштемейинче, бюджеттик бөлүштүрүүлөр айкын болмоюнча акыйкаттык орнобойт.

Кыргызстанда калктын 70 пайызы айылдарда жашайт. Элдин жакыр катмарын да басымдуу айыл калкы түзөт. Социалдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, көп кары-картаңдар, майып адамдар жакындары тарабынан колдоого алынбай жалгыз калышкан окуялар аз эмес.

Курамында 40 социалдык уюм турган Кыргызстандын социалдык кызматкерлер ассоциациясы айылдарда болобу, шаарда болобу мына ушундай жалгыз-жарым калган адамдарды чогултуп, аларга жардам берүүнү көздөп жатат.

Учурда ассоциациянын аракети менен Кыргызстандын айрым жерлеринде социалдык үйлөр салынып баштаганын маалымдады “Азаттыкка” Кыргызстандын социалдык кызматкерлеринин ассоциациясынын төрайымы Вера Үсөнова:

- Мына биз азырынча Сокулукка салдык ушундай социалдык үйдү. Кээде кара-картаңдарга, майып адамдарга сүйлөшкөнгө да киши жок болуп калат. Айрыкча айылдарды кыдырганыбызда жалгыз-жарым калган адамдарды көп көрдүк.

Өзү да тагдырдын кырсыгына кабылган Мирбек Асаналиев мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бейөкмөт “Акак” уюмунда мына ушундай балдардын билимин өстүрүүнү максат кылып иштеп келатат:

- Социалдык акыйкаттыктын мына мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мааниси канчалык? Бул эң биринчи окууга, иштөөгө жана маданияттуу жашоого тең укуктуулук. Мына мен жетектеп келаткан “Акак” борбору жогорудагы маселелерди жүзөгө ашырууну максат кылат.

Аталган жыйында Кыргызстандын вице премьер министри Өктөмкан Абдуллаева социалдык теңсиздик адамзаттын ар тараптуу, толук кандуу өнүгүшүнө чоң кедергисин тийгизип келатканын айтып өттү:

- Тилекке каршы, бизде Кыргызстанда социалдык маселелер боюнча кээ бир мыйзамдар бузулган жана айрым мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары корголбой калган учурлар болуп келатат. Акыйкатка жеталбаган мындай адамдар ишенбөөчүлүктөн улам жабыркап отуруп коомдон бөлүнүп калууда.

Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевдин пикиринде, учурда Кыргызстанда жыйылып турган социалдык да, башка да көйгөй маселелердин баарынын ачкычы – коомдо мекенчилдик сезимдин, ыймандуулук сезиминин солгундугунда болуп жатат. А мындай сезим-туюмдар Манасты жараткан кыргыздарда МАНАСка чейин эле болгон эмеспи:

- Жаштарда мекенчилдик, ыймандуулук сезимдерин жандандыруу боюнча билим берүү жана илим министрлиги жакында атайын программаны иштеп чыгат. Бул программаны башка тармактар да колдойт деген ойдомун.

Бишкек гуманитардык университетинин доценти, социология илимдеринини кандидаты Эрик Орозалиев Кыргызстандын социалдык теңсиздикке кабылган коомдук катмарларына карата төмөндөгүдөй илимий мүнөздөмө берди.

Бүгүнкү күндө жакыр турган адамдарды үч катмарга бөлүүгө болот. Биринчи топто басымдуу мугалимдер, доктурлар – негизинен интеллигенциянын өкүлдөрү турат. Булар – кедей болсом да бактылуумун дегендер.

Экинчи топтогулар социалдык акыйкаттыкты жана ага компенсация талап кылгандар.

Үчүнчү топко – акыйкатсыздыкты жүргүзүп жаткан бийликке нааразылык акциялары, митингдер аркылуу чыгып жаткандар кирет.

Адамдардын социалдык жактан теңсиздиги – жүрүп-жүрүп отуруп байлар менен кедейлердин өз өзүнчө бөлүнүп калган армиясын түзүүдө. Мисалы, жакырлар уламдан кедей тартып акыйкатка жеталбай келатса, бай адамдар уламдан байып, байлык- пулу менен бийликке жетип, аны бербей тырышат. Мындай учурда акыйкатсыздык да өсүп кетип жатат.

Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюмдардын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча өлкөдө социалдык мыйзамдар иштемейин жана өкмөттөн каралган бюджеттик каражат ачык болмоюн социалдык акыйкаттык болбойт:

- Жогорку Кеңеш майып адамдар жана кары-картаңдар үчүн мыйзамдаштырылган эл аралык конвенцияны ратификациялабай келатат. Бул мыйзам иштемейинче, социалдык акыйкаттык да орнобойт.

Назгүл Турдубекова ошондой эле Кыргызстандын калкынын психикалык саламаттыгында болуп жаткан мындай мыйзамсыздыкты мисал келтирди:

- Текшерүүлөр көксөткөндөй, психикалык саламаттык тармагына өкмөттөн абдан көп каражат бөлүнгөн экен. Бирок оорулууларга ал каражаттардын аз эле бөлүгү жумшалыптыр. Кайда калган акчалар? Канчалаган социалдык төлөмдөр түшүп жатат өкмөткө... Бирок алардын кайда, кимдерге жумшалып жатканы караңгы...Мисалы, Америкада ар бир иштеген кишинин социалдык төлөмү кайда, эмнеге жумшалганы белгиленип тастыкталып турат...
XS
SM
MD
LG