Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Эл каттоо акыркы жолу 1999-жылы жүргүзүлгөн. Бул сапар эл менен кошо турак-жайды да каттоо жүргүзүлгөнү жатат. Бул иш чара 24-марттан 2-апрелге чейин созулат.

Быйылкы жылкы эл каттонун эң негизги өзгөчөлүгү калк менен кошо турак жай дагы каттоого алынат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери атайын окуудан өтүп, камылга шайма-шай дешүүдө.

Бишкек шаардык статистика башкармасынын жетекчиси Сейфудин Сейитбековдун айтымында эл каттоо учурунда эки барак берилип, биринде жеке инсанга таандык 18 суроо болсо, экинчисинде турак жайдын ал-абалы, шарты тууралуу сөз болот.

Улуттук статистикалык комитеттин 2200 регистратору атайын окутулуп, алар тарабынан өлкөдөгү калк жашаган жана жашабаган турак-жайлардын тизмеси түзүлдү.

Эл жана турак-жайды каттоо үчүн 127 млн. сом каражатты бюджеттен бөлүп берүү каралган. Бул ишке бери жагы 15 миңден ашуун адам тартылат. Алар турак-жайлардын кандай материалдан курулганы, бир адамга канча чарчы метр тиешелүү экени, сейсмикалык абалынын баарын аныкташмакчы.

Бишкек шаардык статистика башкармасынын жетекчиси Сейфудин Сейитбековдун пикиринде миграциянын чордону болгон борбордо эл каттоо кыйынчылыкты туудургандыктан атуулдардын жеке номурлары ойнотулуп, утушка бир бөлмөлүү үй коюлуп жатат.

Ошол эле мезгилде иштин жүрүшүндөгү негизги кыйынчылыктар Кыргызстандын калкынын ички жана тышкы миграциясы менен байланыштуу болоорун адистер белгилешүүдө.

“Кыргызконцеп” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин пикиринде эл каттоо менен турак жайды каттоону бирге жүргүзүү мыйзамга туура келбейт.

-Кандай гана маалымат болбосун, ал конфиденциалдуу болот. Анүстүнө кандай гана маалымат болбосун ал конкреттүү эмес, жалпыланган түрдө гана алынат. Мыйзам боюнча, турак жайды мамлекеттик регистр каттоого алат. Машинаны болсо МАИ каттайт. Статком элдин гана санын так каттоого тийиш. Бирин-бири дубляж кылып, кайталай беришеби? Мындай тажрыйба башка бир дагы мамлекетте жок,- дейт Эмил Үмөталиев.

Бул калкты жана турак жайды каттоо иш чарасын өткөрүүгө БУУнун калктын жайгашуусу боюнча фонду 150 миң АКШ долларынан ашык жардам көрсөттү.

Калктын санынын көбөйүшү, көчүп жүрүшү, жаш курагы, турмуш шарты жана башка жагдайы мамлекеттин экономикалык жана социалдык саясатын аныктоодо өтө маанилүү болуп эсептелет дешет адистер.

Ал эми каттоо учурунда үйүнө киргизбей, маалымат берүүдөн баш тарткандарга мыйзам чегинде администрациялык айып салынаарын Бишкек шаардык статистика башкармасынын жетекчиси Сейфудин Сейитбеков эскертти.

Ар бир мамлекетте 10 жылда бир эл каттоо болуп турат. Кыргызстанда акыркы ирет элдин саны 1999-жылы такталган. Бирок өлкө сыртында убактылуу иштеп же окуп жүргөн атуулдарынын эсеби анын жакын туугандары аркылуу эч кандай документи талап кылынбастан эле алынат.

1999-жылы март айында жүргүзүлгөн эл каттоодо Кыргызстандын калкынын саны 4 млн. 882 миң экендиги такталган. Ал эми алдыдагы эл каттоодо өлкө жарандарынын саны 5 млн. 250 миң болоору алдына ала болжомолдонуп айтылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG