Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

“Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков жана БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун уулу Эрниске Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, суракка алынууда.

“Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков бир жумадан бери Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына суракка чакырылууда. Буга 2007-жылдын майында жеке ишкер Сабыр Жапаровдун берген арызы себеп болууда.

Сабыр Жапаров “Хундай –Галопер” үлгүсүндөгү Жип автоунаасын Бабырбек Жээнбеков 2004-жылы бир жумага Таласка айдап кеткен бойдон бербей жана 10 миң АКШ долларын карызга алып кайтарбай качып жүрөт деп сотко кайрылган.

Бабырбек Жээнбеков Сабыр Жапаров аталган машинаны 2004-жылы көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн эмгек акы катары өзүнө алууга ишеним каты менен кошо берген деп билдирди. Учурунда Башкы прокуратура бул ишти тергеп, Бабырбек Жээнбековдун күнөөсү жок деген токтом чыгарган.

Ушундан улам Бабырбек Жээнбеков бул иштин кайра козголуп жатышын өзүнүн учурдагы саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат.

Ошондой эле БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун уулу Эрниске дагы кылмыш иши козголуп, суракка алынууда. Буга жеке ишкер Темирбек Селпиевдин Эрнис Бекназаров “Лексус” үлгүсүндөгү үч Жип автоунаасын алып келип берем деп алган 115 миң АКШ долларын эки жылдан бери бербей качып жүргөнү себепкер болгон.

Жеке ишкер Темирбек Селпиевдин айтымында аласа акчасын Эрнис Бекназаровдон өндүрүп алалбагандыктан, аргасыздан укук коргоо органдарына кайрылган.

Бирок арыз боюнча иликтөө кечеңдетилип жатат деп доочулар маалымат каражаттарына жарыя кылышты.

Оппозиция өкүлдөрү болсо бул иштин козголушуна Азимбек Бекназаровдун саясый ишмердүүлүгү негиз берди деген пикирде.

ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов болсо бул эки доочу Темирбек Селпиев менен Сабыр Жапаровдун арызы Бишкек шаардык ички иштер башкармасына жолдонгондугун билдирди.

“Эмне себептен арыздар каралбай, иликтенбей создуктурулуп жатышын иликтеп, жыйынтыгын чукул арада билдиребиз. Мыйзам чегинде чара көрүлөт”- деди Бакыт Сейитов.

Мурда иликтеген мындай иштердин кайра козголушуна саясый көз караштар башкы себеп деп, оппозиция өкүлдөрүнүн жакындарына жасалган куугунтук катары баалап жатышат.

Оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол жана ИИМ министри Молдомуса Конгантиев негизи жок эч бир кылмыш иши ачылган жери жок дешип, мындай дооматтарды четке кагышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG