Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Бүгүн Чернобыль өзөктүк отундан электр кубатын өндүрүүчү ишканасындагы жарылууга 23 жыл толду. Ага байланыштуу Бишкектеги Юлиус Фучик гүлбагында эстелик ачылды. Алааматтын кесепетин жоюуга Кыргызстандан 3 миңден ашуун адам катышкан.

Ар бир жылдын 26-апрелинде мурдагы кеңеш курамына кирген өлкөлөрдө Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине катышып, радиациянын нур-залалынын кесепетинен ар кандай дарттарга кабылып, көз жумгандарды эскеришет. Бул салтка айланып баратат.

2001-жылы Бишкектеги Юлиус Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынан каза тапкандарга эстелик таш коюлган.

Фучик гүлбагында жаңы эстелик курулуп бүттү, аны бүгүн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, Бишкек мэри Нариман Түлеев жана Украина, Орусия, Белорусиянын Кыргызстандагы элчилери ачты. Алар Чернобылдан айыккыс дартка кабылып, каза тапкандарды эскеришип, гүл коюшту.

Эскерүү митингде мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин толук жоюу үчүн көп жылдар талап кылынаарын, бул алааматтын кесепети чернобылчылар гана эмес, алардын балдарына да каскагын тийгизип турганын жана аларга быйыл 21 миллион сомдон ашуун социалдык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын айтты:

- Чернобыль - бул миллиондогон адамдар үчүн орду толгус кайгы, көз жаш, жоготуулар. 1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыль атом электр станциясындагы жарылуунун каскагын жоюуга үч миңден ашуун кыргызстандык атуул катышкан.

Чернобыль алааматын жоюу иштерине мурдагы кеңеш курамындагы өлкөлөрдөн бардыгы 860 миң адам катышкан. Кыргызстандан Чернобылга барган үч миңден ашуун адамдын жарымынан көбү кийин түрдүү оорулардын айынан каза табышкан.

Чернобылдагы кырсыкка катышкан Муратбек Чекировдун айтымында, мамлекет тарабынан Чернобылга баргандарды социалдык жактан коргоо боюнча төлөмдөр жетишсиз.

- Мен 19 жашымда армияда кызмат кылып жүрүп, Ленинграддан Чернобылга алып барышкан. Жаш кезимде ден соолугум чың жана сергектей эле сезилчү. Жыл өткөн сайын оорукчал болуп баратам. Экинчи топтогу майыпмын. Айрыкча карапайым жоокерлерге ар жыл сайын эч кандай сый-урмат көрсөтүлбөй, унутулуп калуудабыз, «Чернобылчылар» жадагалса ден соолугун чыңдап алганга мүмкүнчүлүктөрү жана каражаты жетишсиз. Чернобылдагы кырсыктын чордонунда жүргөн биз унутта калып, ар жыл сайын четинде эле жүргөндөр сыйлыктарга ээ болуп, медалдар менен сыйланууда , - деп нааразы болду Муратбек Чекиров.

Чернобыль алааматын жоюу иштерине катышкан Мухтар Казатов жаш кезинде бир да жолу ооруган эмес. Ал радиациянын кесепетинен көптөгөн ооруларга кийин дуушар болуп, ден соолугу жылдан жылга начарлап баратканын жана “чернобылчы” десе аларды жумушка албай жатышканын “Азаттыкка” билдирди:

- Ден соолугум жылдан жылга начар десем болот. Бизди 2 саат гана иштетиши керек эле, бирок радиациянын так очогунда биз 4 саатттан иштеп жаттык. Ал эми өлгөнгө аз калгандарды үйлөрүнө жибере башташты. Алар өздөрү билет экен да канча радиация алганда адам өлөөрүн. Бизге эч нерсе айтышчу эмес.

Ал эми “чернобылчы” экенинди жетекчилер билсе эч жерде жумушка да алышпайт. Ошондуктан айласыздан биздин балдар Чернобылга барганын, майып экенин, оорукчал болгонун жаап -жашырып, эптеп оокат кылып жүрүшөт. Алардан төрөлгөн балдар да оорукчал болуп, ден соолуктары начар. Биз алты айда бир жолу ооруканга жатып туруубуз керек. 500 сомдон 2 миң сомго чейин пенсия алып турабыз. Бул дары-дармекке да жетпейт.


Чернобыль кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштерине катышкандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылууга сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган чолпон-аталык Керимжан Белеков ошол учурду эскерип, ден соолугу жылдан жылга начарлап баратканын айтып кейиди:

- Чернобль алааматынын чок ортосунда болгом, ошондуктан ден-соолугу көп жабыркады. Биз барган учурда жуулуп жайылган кирлер ошол бойдон, үйлөр ачык бойдон, короодо автоунаалары токтоп турган бойдон бир дагы тирүү жан жок калган экен. Өтө коркунучтуу учурларды баштан кечирдик.

Чернобыль кырсыгына катышкан Токтор Алиевдин жубайы Саламат Жээнбекова Ош облусунун Кара-Суу районунда Чернобыль кырсыгын эскерүү эки жылдан бери белгиленбей калганынын айтып, үч баласы менен 10 жылдан бери турак жай курууга жер алалбай убара болуп жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Үч балам менен апамдын үйүндө турабыз. Эки жылдан бери жеңилдик, жардам катары берилүүчү көмүр алганыбыз жок. 1999- жылдан бери турак жай куруу үчүн жер алууга арыз жазып, документтерди топтоп берип, архитертурага, мамлекеттик реестрге каражатын төлөп койсок дагы убара болуп, жер алалбай жүрөбүз. Үй-жайыбыз жок, жолдошум абдан оорукчал болуп, пенсиясы эч нерсеге жетпейт.

“Бишкекте чернобылчыларга арнап көп кабаттуу турак үй салуу боюнча өкмөттүн токтому аткарылмак тургай, эч кандай жылыш жок,”-дешип нааразы болгондор да арбын.

Өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Курманкул Жумалиевдин айтымында, Чернобылдагы радиациядан жапа чеккендер социалдык жактан коргоого алынган:

- Ар жыл сайын санаторийлерде «чернобылчылар» ден соолугун акысыз чыңашат. Көмүр, электр жарыгынын жарым баасын гана төлөшөт. Алар үчүн көп эле жеңилдиктер каралган. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тиет. Ошондон улам, Кыргызстанда Чернобылга барган адамдардын 1,5 миңдей балдары дарыгерлердин дайымкы көзөмөлүндө турат.

Чернобыль - бул жалпы адамзаттын кайгысы. Айрыкча анын оор жүгү Украинанын мойнуна түшкөн. Акыркы 10 жылдан бери Украина Чернобылдын көйгөйү менен жалгыз өзү кармашып келатат. Акыркы 20 жылда ал иштерге 150 миллиардга жакын доллар сарпталган. 163 айылдын жана шаарлардын 163 миң калкы башка жактарга көчүрүлгөн.

Чернобылдагы кырсыктан үч жарым миллион украиналыктар жапа чеккен.

Өлкөнүн 10 пайыз аймагы радиацияга чалдыгып, миңдеген гектар айдоо аянттары жарактан чыккан. 2000-жылы 15-декабрында Украина ошол учурдагы президенти Леонид Кучма Чернобыль атом станциясын биротоло токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.
Өзөктүк электр станциясындагы жарылуунун радиациясы Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Хиросима менен Нагасакиге ташталган өзөктүк бомбанын радиациясынан жүз эсе күчтүү болгон.

Станциянын жарылуусунан Украина, Белоруссия жана Орусиянын ири аймактары жабыркаган. Өзөктүк кубат станциясына жакын жайгашкан Припят шаары эң көп жабыркаган жана андан 50 миңдей тургундар башка жакка көчүрүлгөн.

Ушул күнгө чейин Чернобылдагы кооптуу аймак турмуш-тиричилик өткөрүү үчүн эң коркунучтуу бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG