Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Тилим-дилим: Кыргыз тилине кимдер кыянаттык кылууда?


Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгы белгиленердин алдында ал кездеги жоюла элек тил комиссиясы бүтүндөй республика боюнча мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялаган.

Бирок байкоочулар, жогору жактан ишарат болмоюн өз алдынча демилге жасап көнбөгөн мамлекеттик мекеме-ишканалар мына ушул үч айлыктын шылтоосу менен эптеп-септеп болсо да бир нерселерди жасамыш болуп жаткансыйт дешет.

Анда адегенде түрмөккө жардам берип жаткан кесиптешим Жазгүл Жамангулованын баянына чогуу көңүл буралы.

Ж. Жамангулова: - Кокус кыргыз тилинде кайрылып калсаңыз, сизге Чүй облусунун администрациясынан баштап айыл өкмөттөрүнүн кенже кызматкерлерине чейин орус тилинде гана жооп беришет деп айтышат. Бирок “андай деле эмес, акыркы кездери облустун мекеме-ишканалары иш кагаздарын, жарнамаларын кыргызчалатууга аркет кылып жатат” деген кабарды угуп, Токмоктогу электр тармактар ишканасына баш бактык. Бирок мындагы абал менен чындап таанышып чыгып, кубанарлык деле көрүнүштү байкаган жокпуз. Жадаглса бир барак орусча сөздү кыргызчалатканга котормочу таппай, туш-келди чапкылап жүргөн мекеме жетекчилерин четтен тапса болот. Кыргыз тилинин абалына өзүнчө изилдөө жүргүзүп жүргөн тил күйөрманы Сайкал Түлөкабылова электр жана газ менен калкты тейлөөчү мекемелерге, ооруканаларга кирип, тилдин чыныгы абалы менен таанышып, ушу тапта бир дагы кызматкер (өздөрү кыргыз болуп турса дагы) кыргызча сүйлөйүн, кыргызча иш алып барайын деген ойдон алыс экендиктерин өз көзү менен көрүп көңүлү калган.

Кабарчынын байкоосунда, Чүй аймагынын басымдуу бөлүгүндө тил мыйзамынын аткарылышы кыйын. Анткени мында жашаган жарандардын улуттук сезимдери өчүп калган, эне тилдин тагдырына күйүп-бышуу деген эч кандай аракет жок.

Чүй облус админстрациясынын башчысынын орунбасары Самарбек Күчүковдун айтымында, кыргыз адегенде өзүнүн табийгый орду кайда экенин таап алып, улут экенин сезмейинче бир нерсеге жетүү өтө оор. Кааласа бардыгын жасаса болот, бирок кыргыздардын өз тилине каалоосу жоктугу, кайдыгерлиги бир эле тил эмес, баарына кесепетин тийгизүүдө.

Ал эми бишкектик мектеп окуучулары Канат менен Айгүл кадимки эле “барчубуз”, “келчүбүз” деген кыргыз сөздөрүн көптөн бери “барчук”, “келчүк” деп сүйлөп келатышат. Бирок качан, кимден үйрөнгөндөрүн өздөрү билишпейт.

“Кутбилим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаев бир кезде кыргыз тили деп башын сайган К. Тыныстанов, Ж. Абдрахманов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков сыяктуу залкарлардын балдары менен неберелери бүгүн өз эне тилдерин билишпейт, сүйлөй алышпайт. Бул көрүнүш маркумдардын да, алардын урпактарынын да шору.

Бишкек шаарынынын Ленин районундагы №165- балдар бакчасынын башчысы Дүйшөкан Жаңыбаеванын сөзү боюнча, ансыз да аз калган кыргыз балдар бакчаларына кыргыз ата-энелер балдарын бергиси келбейт жана балдарынын орус балдар бакчаларында тарбияланышын каалашат.

XS
SM
MD
LG