Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Жакырчылык бар жерден кургак учук кетпейт


Түрмөдө отурган адамдын кургак учукту жугузуп алышы көз ачып-жумганча.

Түрмөдө отурган адамдын кургак учукту жугузуп алышы көз ачып-жумганча.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка кабылгандар 1996-жылы он үч миң болсо, 2010-жылы беш миңге азайганын маалымдоодо. Талдоочулар өлкөдөгү жалпы социалдык-экономикалык абал жакшырмайынча, кургак учук чегинбей турганын белгилешүүдө.

Кургак учук илдетинин курчуган мезгили 1996-2000-жылдар болгон. Жүз миң адамга алып эсептегенде, анын 127си кургак учук менен ооруган. Соңку маалыматтарга караганда кургак учукка кабылгандардын катары мындан он жыл мурдакыга салыштырганда бир кыйла азайды.

Кургак учукту изилдөө институтунун директору, профессор Автандил Алишеров кургак учук менен ооругандар арасында мигранттардын арбын экенин белгилейт:

- Жаңыдан ооругандардын санын каттап, алардын ким экендигин дареги боюнча тыкыр иликтеп көргөнбүз. 2008-жылы ооругандардын 240 Орусияда жана башка четте жүргөн жарандар экени аныкталды. Ал эми 2009-жылы болсо кургак учук менен ооругандардын 450 мигрант болуп чыкты. Салыштырып көргөндө Кыргызстанда кургак учукка кабылгандарды жүз миң адам боюнча эсептеп караганда токсону ооруйт деген маалымат болот. Мына дүйшөмбү күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинде кеңешме болот, ошондо отчет беремин. Ошондо министрликтин көңүлүн миграция маселесине бургум келет. Өкмөткө кат менен кайрылуубуз керек болууда. Тышкы-ички мигранттардын абалына көңүл бурбасак болбойт. Мына жакында Оштогу кургак учук ооруканасында бир аял төрөттөн кийин өлгөндүгү тууралуу ызы-чуу болбодубу. Иликтеп көрсөк ал аял Алма-Атыда беш жыл жашаптыр мигрант болуп. Өзүнүн ооруп калганы боюнча дарыгерлерге кайрылганга мүмкүнчүлүгү болбоптур. Акыры төрөр алдында кургак учук ооруканасынын реанимациясына түшүп, төрөтү оор болуп каза тааптыр. Мындай мигрант аялдардын канчасы каттоого алынбай, көмүскөдө жүргөндөр канча.

Автандил мырза адис катары “Кургак учук менен катталгандардын катары азайды” деп бекем айта аларын баса белгиледи:

-Биринчиден, коомчулуктун ден соолукка карамдуулугу жагынан аң-сезими ойгонду, өстү демекчимин. Экинчиден заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз болуудабыз. Мындан эмнени айткым келет, кандай оору болсун, дарттын себебин тактоого, алда канча эрте аныктоого жетиштик. Ошол эле мезгилде оорунун себептерин тактай алганга жетишип калдык.

Автандил мырза коомчулукта жугуштуу оорунун алдын алуу же болбосо сакайууга болгон аракеттин байкалганы, кургак учуктун жайылышына бөгөт коюуга канчалык бир деңгээлде огожо болгонун айтат:

- Ооруган адам абдан маалыматтуу болууда. Жөтөлгөндө эле азыр “мен туберкулез менен ооруп калдым окшойт” деп ойлошот. Азыр жаңы ыкма менен иштеп жатпайбызбы. Жөтөлгөн адамдын какырыгын дароо алып, микроскоп менен карап, кургак учуктун жугуштуу таякчаларын аныктай алганга жетиштик.

Профессор мырза абакта отургандардын басымдуу көпчүлүгү кургак учук менен ооруп жатканын да айта кетти. Анткени, жаза аткаруу жайлары сыз, эскилиги жеткен. Экинчиден тамак-аш маселеси да начар болуп жаткандыктан, абактагы ооруп жаткандарды дарылоодо медициналык жардамдын күчү анчейин эмес.

Саясатчы Топчубек Тургуналиев экс-президент А. Акаевдин тушунда ак жеринен айыпталып, түрмөгө түшкөндө бул жакта кургак учук менен ооругандардын саны абдан көп экенин көргөн. Ошол себептүү түрмөгө түшкөн адам бул жугуштуу дарттан соо калбайт деп эсептейт.

- Мен түрмөдө отуруп, кургак учук менен ооругандардын катары абдан көп экенин көрдүм. Бир эмес беш-алты жолудан абакка кайра-кайра киргендерде кайдагы ден соолук. Анан дагы аларды тууган-туушкан, ата-энеси кечип койгон. Демек сырттан тамак-аш келбейт деген сөз. Булар түрмөнүн баландасы менен кана жашашат . Бир тобу, он-он бештейи биригип алып, тамекиге нашаны же дагы башка баш айландырма заттарды аралаштырып, ороп бири-бирине сунуп шимишет. Мында, албетте, жугат. Арык, алсыз абалда илкип басып жүрүшөт. Болуп да 30-40 жаштагы жаш курактагыларды кургак учук оорусу курчаган.

Топчубек Тургуналиев түрмөгө камоонун ордуна альтернативдүү жазалоо ыкмаларын киргизүүнү туура көрөт.

Төрт жылдан бери түрмөдө отурган Акылбек аттуу жигиттин кургак учук менен ооруганына эки жыл болду. Анын айтымында, түрмөдө жаткан кишиге дарыланууга жетиштүү шарттар жок.

- Бул жердин дарыгерлери мени кургак учук менен ооруп калганымды айтышты. Бирин-экин дары беримиш болушат. Жаткан жерим түрмө болсо кайдагы жакшы дарыны талап кылмак элем. Учурда абалым оор. Эркинен ажыратылгандардын абактагы укуктары бардык учурда корголо бербейт. Болбосо дары-дармектер тиешелүү жайлардан жакшы эле бөлүнөт имиш.
XS
SM
MD
LG