Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

"Каркыранын" жигиттери Жалал-Абадда снайперлерге каршы турушту


Түштүктө тополоң болгон күндөрү эки апта бою кагылыштарды токтотуу, эки элди ынтымакка келтирүү иш аракеттерин аткарып жүрүшкөн “Каркыра” жаштар патриоттук кыймылынын төрагасы Абдраим Касымов жана Апрель окуясынын катышуучусу Эмилболот Кыштообаев “Азаттыкка” кеп салышты.

"Азаттык": Абдраим мырза, 7-апрелде Ак үйдүн алдында сиз БТРди айдап чыгып, Эмил мырза болсо чатырдын үстүнөн элди атып аткан снайперди атып түшүргөн эле. Түштүктө тополоң болгон күндөрдө да сиздер чогуу болупсуздар да?

Биз Ошто тополоң чыкканын угуп эле, 12-июнда “Каркырадан” үч жигит, баары болуп Бишкектен самолет менен 89 жигит Жалал-Абатка барып түштүк. Ал жактан колуңарга автомат бербейбиз дешкенде, сексен бири “кетемге” түштү. Биз менен барган 12 бала рецидивист экени да билинди. Биз менен баргандардын ичинде “өзүбүздүн ишибизди кылабыз” дегендер көп экен.

Абдраим Касымов:

"Азаттык": Алар талап-тоноо максатын көздөгөндөр го...

Абдраим Касымов: Анысын билбедик, бирок төртөө качып кетти, таппай калдык. 13-июнда Жалал-Абатка чыгып, шаарды бүт СНБга, милицияга корректировка кылып бердик, снайперлер каерлерге коюлганын байкап...

"Азаттык": Жалал-Абатка да атайын снайперлер коюлган бекен?

Иш жүзүндө Жалал-Абатка 40 снайпер коюлган экен. Беш снайпер кармалды, экөө өлтүрүлдү. Өзбектер да, кыргыздар да телефон аркылуу биз менен байланышканда, айтып атышты – БТР келип 10 кыргызды атып, арыраак барып дагы 10 өзбекти атып, үчүнчү күчтөр элди кагыштырып коюшту. БТРдегилердин үчүнчү күч экени дароо билине бербей, чаң-тополоң көп болуп кеткен...

Эмилболот Кыштообаев:

Эл ошондон улам, бийликке ишенбей калган экен. Ошондо биз “Каркыранын” жигиттери эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп бердик. Элден алган маалыматтарды СОБРга, милицияга жеткирип жаттык.

"Азаттык": Снайперлер кимдер болду экен? ИДУнун, СИДдин жалданма жанкечтилери деген маалымат болбоду беле?

Абдраим Касымов: Бир айтарым, алар кыргызстандыктар эмес. Ак үйдөгү снайперлер кыргызстандык жалданмалар болчу.

"Азаттык": Бакиевчилер болушу мүмкүнбү?

Эмилболот Кыштообаев: Бакиевчилер болушу мүмкүн. Мен буга толук эле ишенем. Себеби Тажикстандан Баткен аркылуу жанкечтилер өттү деген маалымат болгон. Ошолор иштеди. Карапайым элде күнөө жок. Үчүнчү күчтөр элди кагыштырып койду.

Бакиедин минтип айтканы бар эмеспи, Ошко качып барганда: түндүктүктөр силерди “түштүктүктөр” деп жаман көрөт, эмнеге көтөрүлбөйсүңөр деп. Аксакалдар менен сүйлөшүп отуруп ошентип айткан. Бул эми президенттин айтар сөзү эмес эле да. Бул дискте бар.

Бул максаты ишке ашпай калгандан кийин, кыргыз эли менен өзбек элин кагыштырууга барды. Бакиевдер кайра бийликке келиш үчүн ушуга барышты.

"Азаттык": Абдраим мырза, Эмил мырза, кыргыз айылдарына, өзбек айылдарына кантип кирип аттыңыздар?

Абдраим Касымов: Кыргыз аскер күчтөрү өзбектердин баррикадаларын бузуп кирип атышыптыр деген кептер калп. Андай аракет да болмок эмес. Мындай абалды сүйлөшүү жолу менен жайгарбаса, жагдай ырбап кетмек.

Мен айттым, достор, кантсе да мен өзбектерге окшошмун, атам уйгур, апам өзбек кызы, өзбектердин “мен” деген авторитеттери турган махаллага, мен өзүм эле барайын, силер барбагыла деп. Жанымдагы “Каркыранын” калган жигиттери баары кыргыз жигиттер. Айтканыма болбой, сени жалгыз жөнөтпөйбүз деп, мына Эмил Кыштообаев менен Улан Ураимов өзбектердин махалласына кошо барышты.

Азыр эми 10-15 күн өткөндөн кийин ошол өзбек жигиттер айтып атышат, эки кыргыз бала кантип коркпой бизге келди деп. Биз да жакындарыбызды жоготкон элек, ачуу үстүндө ар кандай жаман ишке барып коюшубуз мүмкүн эле депчи. Жүрөгүңөр тоо экен дешип, баа беришти.

Өзбек айылга кирип барып айттык, токтоткула баарын, куралдарыңарды өкмөткө өткөрүп бергиле, биз сүйлөшүү жолу менен чечели деп келдик деп. Ушундай иштер менен беш райондо болдук.

10 миң 14 миң өзбек качкындары турган чегарада да болдук. “Каркыранын” алты баласы болуп бардык ал жакка. Эми өзүңүз элестете бериңиз, алардын ичтен жек көрүүсүн жана биздин балдардын тоо жүрөктүүлүгүн...

Бирок негизинде эки эл урушкусу келген жок, эл чарчаптыр.

"Азаттык": Эмил мырза, дагы чагымчылар иштеп, тополоң чыгып кетишине коркунуч жокпу?

Эмилболот Кыштообаев: Элди аралап жүрдүк мына, бирин-бири талкалайлы деген ойлору жок. Бул жерде шахмат таштарын өздөрү каалагандай ары-бери жылдырып турган өңдүү, бир күчтөр бар экен.

Андыктан коркунуч жок эмес, бар. Түштүк тарапка аскердик көзөмөлдү күчөтүп, тартипти бекемдебесе, бузукулар дагы бузукулук иштерди жүргүзүүгө аракеттениши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG