Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кошоктош өкмөттөр кош бийликти жаратпайбы?


Жаңы Өкмөттүн алгачкы жыйыны 16-июнь, 2010
Жаңы Өкмөттүн алгачкы жыйыны 16-июнь, 2010

Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн өткөөл мезгилдин өкмөтү менен бирдей эле мурдагы убактылуу өкмөттүн декреттерди кабыл алуу укугу сакталып калууда. Муну укуктук чалкештик жана кош бийлик катары мүнөздөгөн “Жарандык коом жана демократия үчүн” бирикмеси түзүлгөн укуктук жагдайды тактап берүү үчүн сотко кайрыла тургандыгын жарыялады.

Жаңы баш мыйзам кабыл алынгандан кийин Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кызматтарынан чегингендиктерин жарыялашкан. Бирок ошол эле учурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө жана ыңкылапчыл максаттарды ишке ашырууда чыгарыла турган декреттер үчүн добуш берүү укуктарын сактап калышкан.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова мындай жагдай бийликтин укуктук талаага киргендигин тастыктабайт деп эсептейт:

- Референдум өткөрүлүп, Роза Отунбаевага ишеним көргөзүлгөндүгүнө карабастан бизде ал киши дагы деле президент катары эмес, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы катары декреттерге кол коюп чыгарып жатат. Бизде болсо чоң суроо туулуп жатат. Бул Убактылуу Өкмөт дегендин макамы кандай? Баш мыйзам боюнча эч кандай статусу жок. Эгерде конституциялык макамы жана укуктук негиздери болбосо алардын мыйзам чыгарганга акысы барбы?

Жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамды күчүнө киргизүү боюнча жободо Президент Роза Отунбаева мамлекет башчылыкты аркалоо менен бирге эле өткөөл мезгилдин өкмөтүн жетектөөнү да мойнуна алат. Конституциялык Кеңешменин катчылыгынын жетекчиси Данияр Нарынбаев мыйзам чыгаруу бийлигиндеги боштукту толуктоо үчүн мурдагы Убактылуу Өкмөттүн декреттерди бекитүү укуктары сакталып калгандыгына токтолду.

- Өкмөт эки баштуу болбойт. Өткөөл мезгилдин өкмөттүнүн функциясы бул – экономика, социалдык тармак, каржы тармагы. Мыйзам чыгаруу укугун Убактылуу Өкмөт өзүнө ыйгарган болчу. Мына ошол жагы ошол бойдон калды. Жаңы Жогорку Кеңеш келип иштеп баштаганда гана аталган бийлик-укуктар ошолорго өтөт. Ага чейин Убактылуу Өкмөт өтө зарыл учурда чогулуп, мыйзамга өзгөртүү киргизгенге дагы деле укуктуу.

Бирок укук таануучулар мамлекет укуктук талаага киргенден кийин декреттерди чыгаруу токтотулуп, баш мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик бийлик органдары гана калышы керек деп эсептешет. Бирок Убактылуу Өкмөттүн укук коргоо жана сот органдары боюнча координатору Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарына кызматтан кетпей тургандыгын жарыялаган. Анын жардамчысы Анарбек Кайназаров муну ынкылапчыл кызыкчылыкты коргоо менен байланыштырды:

- Шайлоого барам деп анан кызматта олтуруп алса, анда мыйзам бузуу болуп калмак. Бирок бул киши шайлоого барбайм, жаштар барсын мен өткөзүп бердим деп олтурбайбы. Техникалык Өкмөткө ар кандай кишилер келди. Революциянын максаттары ишке ашпай калышы мүмкүн. Өзүбүздүн жеңишибизди уурдатып койбойлу деген негизде ал киши кетпей олтурат да.

Ошол эле учурда Азимбек Бекназаровдун мындай аракеттин сынга алган саясатчылар да аз эмес. “Айкөл Эл” саясий партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Азимбек Бекназаровдун аракеттинен мыйзам бузуучулукту гана эмес адамгерчиликке туура келбеген жосунсуз жорукту көрдү:

- Азимбек Бекназаров – бул өзүм билемдик кылып, басмачы катары олтурат кабинетте. Анткени эч кандай жарлык чыккан жок да бул киши боюнча. Ал адам жаңы өкмөттүн курамына кирген жок да. Кээ бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөлөрү өздөрү эле элдин ишениминен эбак эле кетишкендигин сезип турушат. Шайлоого барып элдин добушун ала алышпайт. Анан ар кандай сөздөргө жамынып алышып эле кабинеттерин кучактап олтура беришет.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” бирикмеси өткөөл өкмөт менен Убактылуу Өкмөттүн иш алып баруусунун укуктук негиздүүлүгү чечилбей турган болсо анда жалпы эле бийликтин мыйзамдуулугу боюнча маселе талашка айланып кетиши мүмкүн деп тынчсызданат. Ошондуктан аталган бейөкмөт уюм тактык киргизүүнү талап кылаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG