Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

АКШда Ооганстандагы күчтөрдү көбөйтүү маселеси каралууда


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

АКШнын Коргоо министри Жим Мэттис Ооганстандагы Америка аскер күчтөрүнүн санын көбөйтүү маселеси боюнча жакын арада президент Дональд Трампка сунушун айтарын билдирди. Ал президент Трамп Ооганстандагы 16 жылга аяк баскан кармашты жөнгө салуу багытында армия генералдарынан маалымат күтүп жатканын Абу-Дабиде ырастады.

Американын Ооганстандагы башкы командири Жон Николсон февралдын башында ооган күчтөрүн машыктыруу жана аларга кеңеш берүү үчүн бир нече миң аскерге муктаж экенин айткан. Бирок ал аскерлердин санын так айткан эмес.

Мурдагы президент Барак Обама АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн санын кыскартып, коопсуздукту камсыздоо милдетин ооган аскерлерине өткөрүп берүүнү жактап келген. Натыйжада Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 8400гө чейин кыскартылган.

XS
SM
MD
LG