Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эмдигиче бир түс баа ала элек. Ошол окуя, анын сабактары жөнүндө кабарчыбыз Бекташ Шамшиев Кыргызстандын экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаровду кепке тарткан.

- Акылбек мырза, ошол 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды элдик көтөрүлүш, ыңкылап, бийликти басып алуу, айрымдар болсо кылмыштуу иш катары баалап жүрүшөт. Сиздин баамыңызда ал күндү кандай атаса жарашат?

Акылбек Жапаров: - 24-мартта революция болду. Аны парламент де ырастап атайын мыйзам кабыл алган. Президент жарлыгы менен ал күндү дем алыш деп жарыялаган. Анын бара-бара тарыхчылар да аныктап чыгар. Ал күнү эч ким куубаса деле президент качып кетпедиби. Өкмөт кызматын таштап кетти. Тарыхыбыз 2000, андан көп деп жатабыз. Бирок бир да журт эгеси башын калкалап, элин таштап качып кеткени болбоптур. Элдин көпчүлүгү мыйзамсыз башкарууга, үй-бүлөлүк башкарууга баш ийбестигин билдирип, каршы чыгышкан. Шайлоонун акыйкат өтпөгөнүнө нааразы болгон калк көтөрүлгөн. Демократиянын чоң белгиси шайлоо го. Биздин Кочкордо 16 миң ашуун киши “баарына каршыбыз” деп бюллетендерди чийип ташташса Жогорку сот аны тааныбай, жокко чыгарып жатпайбы. Катуу суукта көчөдө нааразылык билдирип 7 миң 8 миң киши турса бул жактагылар А.Жапаровдун тууган-уруктары,100-200 мас кишилер турушат, деп мыскылдашпадыбы. Барып сүйлөшүүдөн коркушкан.

- Акылбек мырза, ошол күндөн бери 4 жыл убакыт өттү. Бул аралыкта сиз иштеп аткан өкмөттүн экономикалык жаатта айтарлык кандай иш жасаганын бөлүп белгилей аласыз?

Акылбек Жапаров: - Ыңкылапка ишенгендер көп болду. Колу-башы сынгандар болду. Анан эми азыр “мен ыңкылапка катышкам” дегендер аябай көбөйүп кетти. Ошентип бирөөлөр жасаган ыңкылаптын үзүрүн көргөндөр деле арбын чыгууда. Анан элдин алдына барганда мен бул аралыкта эмне иш аткарганыбыз жөнүндө уялбагыдай отчет бергим келет. Биз эки жарым жылда бюджетти 2 эсе көбөйтө алдык. Киреше жагы 2,5 эсе көбөйдү. Мындай темп КМШ өлкөлөрүндө мурда болуп көрбөгөн көрүнүш. Мына биз ички дүң продуктту 2 эсе көбөйттүк. Мурда 100 миллиард сом болсо азыр 200 миллиарддан ашуун. Азыр 214 миллиард деп болжолдоп жатабыз. Бирок кризистин кесепетинен ал 200 миллиард сомдун тегерегинде болуп калышы деле мүмкүн. Муну эч ким жокко чыгара албайт да. Мен каржы министри кезимде болгон министрликтердин коммерциялык банктардагы атайын эсептерин жаптырткам. Бул жерде суроо туулбай койбойт. Салыктардын саны азайып жатса бюджеттин киреше бөлүгүнө кирип жаткан каражаттар кайдан келди деп. Коррупцияга жол берген системанын бузулушунан ушул иштер жасалды. Мурун деле ушул акчалар бар болчу. Каржы министри кезимде байкадым, мисалы, жол курулушуна 160 миллион сом бөлүнсө анын көбү өз ара эсептешүү иретинде, күйүүчү май же башка кымбат буюм түрүндө кетчү. Жолчулар айлык албай, кымбатбаа солярканы кантип сатам менен алектенип, акча жок, баары кагазда калып келген. Азыр акча Алай менен Акталаага чейин жетет. Акча жеткенден кийин экономикалык жандануу байкалып калды. Азыр күч органдарынын өзүнчө эсептери жок. Мурдагы бийлик тушнда алардын өзүнчө атайын эсептери болуп, алар ишкерлер менен жөн адамдарды кыстап эсебине акча түшүртүп, анан аны будамайлоо менен алектенишчү. Азыр коммерциялык банктарда бир да министрликтин, күч кызматтарынын атайын эсептери жок. Баары казынага киргизилген. Жалгыз Коргоо министрлиги менен Ысык-Көл облустук администрациянын атайын эсеби калды эле. Алар кандай кесепеттерге алып келерин эми көрүп жатабыз.

- 2005-жылдын 25-мартында азыркы президент, анын катарында турган сиз аянттагы элдин алдында үй-бүлөлүк башкаруу системасын жоюу жөнүндө кеп кылдыңыздар эле.

Акылбек Жапаров: - Министрби же депутатпы, айтор бийликте турган кызмат адамы өзүнө-өзү бекем турса, мыйзам чегинде иштесе үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбейт. Анан кээ бир Кемчонтойлор келип калып же өз ишин билбейт, же мыйзамды жакшы билбейт, анан өз ордун сактап калыш үчүн алдастап тууганына чыга баштайт. Үй-бүлөлүк башкаруу системасынын мифи ушул жерден башталат. Ар ким өз ишин мыкты билсе ага эч ким телефон чалып буйрук бере албайт. Мына мен каржы министри болуп турган үч жыл ичинде бюджетке бир да кишини киргизген жокмун. Анын баарын түз президент, анан 7-премьер-министр менен иштешип жатам, алар менен акылдашып, маселе чечип келатабыз. Кыргызда “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” дейт. Бизде аны таптакыр жокко чыгарып койгон болбойт экен. Бизде азыр ошондон да ушундай иштер болуп жатса керек. Кыйладан бери арыла албай келаткан кемчилигибиз өкмөт, президент, Жогорку Кеңештин аралашып кетиши. Мына президенттик администрациянын төртүнчү жетекчиси менен иштеп жатам. Аларга айтам, мына өкмөттүн жылына 400 жакын токтому чыгат экен. Ошонун 40 президенттин түздөн-түз буйругу, тапшырмасы, милдетин аткарууга багытталгандар. Калганын өкмөттүн өзүнө коюш керек го. А бизде өкмөттүн буйругуна чейин алдырып алып, президентке билгизбей, кайсы бир чиновник “менин уруксатым жок булар эмне кылып жатышат”, деп тоскоолдук кыла баштайт. Ушундай бюрократиялык кемчиликтен арыла элекпиз. Экономикада эки-үч жерден кабыл алынган чечим өмүрү ишке ашпайт.

- Бийлик алмашканы 5-жылга кетип баратат. Нааразылыктар күчөп баратат. Дагы бир ыңкылаптын болуп кетишинен чочулабайсызбы?

Акылбек Жапаров: - Коркунуч ар жактан чыга берет экен. Каржылык кризис, анан жакында өткөн кырсыктуу окуя. Булардын арты жакшылык менен эле бүтсүн, деген тилегим бар. Анткени тирешүүгө кетип калсак биз кайра ордубузга келе албайбыз. Жаныбызда Ооганстан турат. Тажикстандын сабактары турат. Бир бөлүнсөк кайра бирикмейибиз тозок болот. Азыр мен “Жайсаң” деген китепти окуп жатам. Ушу кыргыз кантип урууга бөлүнгөнү жазылыптыр. Ошондон алыс болушубуз керек. 5 жыл болду президент эл алдында отчет берет. Эгер эл колдоп шайлагысы келсе шайласын, болбосо өзү каалаганды шайлашы керек. Ыңкылапка жол бербештин эки жолу - мыйзамдуулук менен акыйкаттык. Ушул шайлоону бузбай, бурмалабай өткөрүшүбүз керек. Илгери мен социал-демократиялык партиянын штабын жетектеп турганда айрым участоктордо А.Атамбаев жеңип чыкса үстүнө Акаевди ортосуна Атамбаев менен Текебаевди кошуп, акырында Акаевдин атын жазып кое бергендей кылбаш керек. Жеңсек, чындап 50% же 60 -70% жеңсек ал акыйкат, чыныгы жеңиш болсо анда андан ары экономикалык өнүгүү болуп кете берет. Эгер бурмалоолор болсо анда революциялар дагы боло берет.

- Акылбек мырза, маегиңизге ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG