Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

8-март постсоветтик өлкөлөрдүн биртобунда аялдар майрамы катары белгиленет. Майрамга туш келген «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары проблемалар жайында кеп козгошту.

Талкуунун катышуучулары:


Рахиля Жусупова,
“Эр Айым” бейөкмөт уюмунун жетекчиси







Гүлнара Дербишева,
парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү.










Дамира Ниязалиева, парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү.









- Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм! Мына, бүгүн сиздердин майрам! Майрам канчага созулушун каалайт элеңиздер? Рахиля айым.

Рахиля Жусупова: - Чындыгында эле бул кубанычтуу майрам. Мырзалардан гүл белекке алыш чынында эле жакшы майрам. Мындай майрамдын бир жылда бир эле болгону мага жагат. Мага ушунусу эле жетет.

Дамира Ниязалиева: - Мага 365 күн болсо жакшы болор эле.

Гүлнара Дербишева: - Мага бир 3 күн эле жетет болчу. Мен элестете берем да, эркектер парз катары ушул күнгө бир жыл бою даярданышат. Болгон даярдык күчүн бир күнгө эле көрсөтүшөт. Ошону бир күнгө эмес, 3 күнгө көрсөтсүн!

- Кыргызстанда кийинки кездери чоң талкууга түшүп жаткан тема кыз ала качуу болууда. Майрам күнү аны козгобой эле коелу дедик эле, бирок Кыргызстанда кыз ала качуу күчөп кеткенин эларалык уюмдар кийинки кездери арбын айта башташты. Рахиля айым, сиздин пикириңизде бул өзү кандай көрүнүш, салтпы, көпкөнчүлүкпү, эмнеге ал көбөйүп баратат?

Рахиля Жусупова:
- Бул тема азыр аябай катуу көтөрүлүп жатат. Кыргыздар үчүн бул анчалык деле маанилүү тема эмес. Атүгүл ал салт сыяктуу болуп калган. Анан жергиликтүү уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар эларалык деңгээлдеги мамиледен улам буга катуу көңүл буруп, иликтей башташты. Илимпоздор, социологдор ушул маселеге арбын токтолуп жатышат. Турмуштан көрүп жүрбөйбүзбү, кээ бирөөлөр качан ала кача турган күнүн алдын-ала белгилешип, анан качып барып жакшынакай эле үй-бүлө куруп жашап жатышат. Айрымдар антип таанышпай-этпей эле көчөдөн бир көрүп жактырып, анан ала качып кетип жатышпайбы. Ошолордун укуктары аябай тебеленип калууда. Азыр бул темага кызыккандар арбын, кино тартылып, илимий иштер жазылып, кылдат иликтенип жатат. Айрым эларалык уюмдар ушл темага арналган долбоорлорду ишке киргизип жатышат. Чын-чынына келгенде, бул өзү аныкталып-такталган маселе эмес. Эларалык укук уюмдары муну аялдардын укугунун тебелениши катары баалашууда. Биз кээ бирде аны айтабыз. Мисалы, айрымдар макулдашып алышып эле ала качып кетишет. Көпчүлүк ала качып кеткендердин турмушу кийин жакшы эле уланып кетет. Бул эми такталбаган маселе. Кыргыздар үчүн бул өзү адаттагы эле маселе болуп калды окшойт.

- Гүлнара айым, сиздин оюңуз кандай? Чын эле бул анчалык чоң эмес, кыргыз коомун дүйнө алдында уятка калтырчу көрүнүш эмеспи?

Гүлнара Дербишева: - Мен антип ойлобойм. Рахиля эже туура айтып жатат. Аны чоң проблема катары, көйгөй катары чыгарып жатышат. Мен бир эле маселени айткым келет. Экономикалык көз караштан карасак, ала качуу үй-бүлө үчүн кичине арзаныраак түшөт. Шарты начар, кедейирээк үй-бүлө болсо ала качууга эки үй-бүлө келишим боюнча эле барат. Андай шарттагы бул салтты мен деле колдойм. Ошондой шарттан улам биз да баш кошконбуз. Советтер Союзу ыдырап, акчанын куну качып, рубль жок болуп бараткан кезде биз ошондой ишке барганбыз. Салтты карап олтурсак, каражатыбыз жетпейт болчу. Бирок аял катары зордук-зомбулук менен ала качууга мен каршымын. Андайды кылмыш иши деп карашыбыз керек.

- Дамира айым, ала качуу жөнүндө сиздин пикир кандай?

Дамира Ниязалиева:
- Ала качуу - бул негизи адам укугун тебелөө. Себеп дегенде, кыз аны тааныбыса, билбесе, малга окшотуп эле көчөдө бараткан жеринен машинеге бүктөп салып кетишсе, анын укугу кордолбогондо кимдики кордолот? Анан бул көйгөй көбүнчө айылдарда болуп жатпайбы. Эмне үчүн? Анткени айылда жаштарга шарт жок. Бири-бирине мамилесин билдиргенге мүмкүнчүлүк аз болуп жатпайбы. Бир айылда жашаганы менен, бирин-бири жакшы таанышууга шарты болбой жатат. Кыргыз жаштары уяңкараак келет. Анан кыздар унчукпай коюшу мүмкүн.Анын үстүнө айылдагы кыргыз жаштарынын деңгээли, менталитет да ошондой болуп жатпайбы. Анан ала качып кетсе болот экен, деп жаш жигиттер кыз ала качып жатышат. Мектеп, үй-бүлө айтыш керек. Бул бир күн эмес, өмүр бою бирге жашай турган кишиңди билип туруп турмуш курбаса болбойт, деп. Көрүп атпайбызбы көп эле кыз-жигиттер турмуш куруп алып ажырашып кетип жатышат. Экинчи жагынан жана Гүлнара айтып кетпедиби экономикалык маселесин. Калың берүү, сөйкө салуу, сеп берүү деген бар. Ошолордон качып жатышат. Эки ата-эне сүйлөшөт да кызга сөйкө салып коюшат. Ал эми кыз башка жигитти сүйүп калса бара албайт. Сөйкө салбаган жигит кантип алып кетет, ала качат. Буга бир жактуу баа бериш кыйын, бирок негизи өзү бул туура эмес.

- Мына бейөкмөт уюмдардын негизги жүгүн кыз-келиндер көтөрүп келатышат. Ошол эле парламентте да кыз-келиндердин үнү чыгып калды. Рахиля айым, ушундан улам коомдук турмушта аялдардын ролу чын эле көтөрүлүп баратышынын белгисин көрө алдыңызбы?

Рахиля Жусупова: - Башта бул маселени биз катуу көтөргөнбүз. Парламентте, аткаруу бийлигинде, сот тарабында жетекчиликте аялдар жок эсе болчу. Мына кыздар айтып жатышат. Парламентте 24 кыз-келин олтурат. Бул бизди аябай кубандырат. Аткаруу, сот бийлигинде аялдар көбөйүп калды, министр аялдар бар. Аялдар катышпаса мамлекетте тең салмактуу өнүгүү болбойт. Себеби аялдар чечкен маселени эркектер чече албайт. Азыр мына социалдык маселени негизинен аялдар чечишүүдө. Аялдар жалаң үй-бүлөнүн эмес, мамлекеттин куту.

- Гүлнара айым, мына сиз эл өкүлүсүз. Парламентте аялдардын көбөйүшүн, дегеле ушул маселенин маани-жайын сезе алдыңызбы?

Гүлнара Дербишева:
- Мен албетте, сезип жатам. Бирок биз дагыле бир стереотиптен кете албай жатабыз. Аялдар бизде социалдык тармактагы маселелерди чечиш керек, дешет. Министр айымдар менен депутат кыз-келиндерге деле ушундай милдет жүктөлүп келатат. Эми биз стратегияны өзгөртүшүбүз керек. Аялдар жалаң эле социалдык маселелерди эмес, мисалы, коргонуу маселесин эмне үчүн чечпеши керек? Эгер аял киши коргоо министри болгондо аскердин тамак-ашы, кийим-кечеси, тартиби оңолот эле. Аялдын колуна тийсе аскерде күчтүүсү күчсүзүн, улуусу кичүүсүн кордогондор токтолмок. Кыз-келиндер жалаң социалдык тармак эмес, андан оор тармактарды да алып, эркектерден сөзсүз озуп кетишибиз керек, деп ойлойм.

- Дамира айым, сизди коргоо министри же ички иштер тармагынын жетекчиси, болбоду эле дегенде коопсуздук комитет төрайымдыгына дайындап койсо ишти эмнеден баштайт элеңиз?

Дамира Ниязалиева: - Менимче, ишти талдоодон башташ керек. Кайсы жерде иш начар болсо ошонун себеп-жөнүн ал жерде иштеп аткандардан сураштан баштоо зарыл, деп ойлойм. Ошондой талдоонун негизинде ишти баштаса туура болот. Анан бул жерде Гүлнара айтып кетпедиби министрликке аялдар барышы керек, деп. Мен да ошого кошулуп кетер элем. Эмнегедир бизде аялдарга бир гана тармакты берип, башкасына бара албайт, деп коюшат. Кыргыз аялдары иштемчил, намыскөй, эркектерден эки эсе көп иштегендер. Аларды коопсуздук кызмат жетекчисине жа башка кызматка коюп койсо, өкмөт башчылыкка деле жарай тургандар. Ошого татыктуу.

- 8-март табият жаңыланып, кулпунуп, кыш жазга орун бошотуп берип жаткан чакка туш келет. Байчечекей гүл ачкан кез. Рахиля айым, 8-март менен качан кездештиңиз, өзүңүздү дүйнөнүн тең жарымын түзгөн ак жоолукчандардын өкүлү экениңизди качан сездиңиз?

Рахиля Жусупова: - Биздин окуучулук күндөр социализм заманына туш келип, 23-февралда биз балдарды, 8-мартта балдар бизди куттукташчу. Ошондо эле сезгенбиз. Анан эң биринчи 8-марты менен мен апамды куттуктагамын.

Гүлнара Дербишева: - Аны качан тосконум азыр эсимде жок. Бирок Рахиля эжеге кошулуп мектепте деп ойлойм. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайына өткөндө мен бул майрамды жакшы эле көрчүмүн. Бирок кийин айылга келип турмуш оорчулугу башка түшкөндө мен аны жаман көрүп калгам. Анан кийинки кездери, ушул беш жылдан бери же жашым чоңойдубу же балдарым чоңойдубу, эми кайрадан аны майрам катары сезе баштадым.

Дамира Ниязалиева: - Айымдарыбыз айтып кетишкендей 8-март мектептен башталды. Биз билчү деле эмеспиз, бирок 23-февралда балдарды, 8-мартта бизди куттуктоолор болчу. Ошол 1-класстан баштап эле энелерибизге сайма сайып, колдон келген белектерди берип келатабыз. Майрамдын мага абдан маанилүүсү – балдарымдын өз колу менен тартып берген сүрөттөрү. Мен аларды күтө турган болдум. Балдарым чоңойгон сайын алардын белектери да чоңоюп, мазмуну да башкача болуп баратат. Ошону күтөм. Жолдошум болсо мен жакшы көргөн гүлдөрдү берет. Гүлдү мен абдан жакшы көрөм. Бул кубанычтуу майрам! Бул күнү жаныбыздагы жакын адамдарыбыздан жакшы нерселерди, белектерди күтөбүз!

- Анда бүгүнкү 8-март күнүндөгү майрамдык талкуубузду жыйынтыктасак. Урматтуу айымдар, дайыма сиздерди майрамдар коштой жүрсүн!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG