Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Кыргызстан СПИД менен күрөшүүнүн жаңы жолун издөөдө


1-декабрга карата ВИЧ/СПИД илдети менен катталгандардын саны өлкөдө 2671 адамга жетти.

Адистер реалдуу көрүнүш мындан эки эсе көп деп болжошууда.

Бүгүн СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнү Бишкекте жаштар көбүрөөк орун алган окуу жай, парк жана эс алуу жайларда СПИДге каршы күрөшүүгө үңдөгөн акциялар болду. Акция жаштарга маалымат таратуу, аз да болсо бул илдет тууралуу айтып берүү максатында уюштурулган. “ВИЧ/CПИДге каршы 15 мүнөттүк тилектештик” деп аталган акцияны “Youth Power” жаштар борбору уюштурду.

Анара: - Силер баарыңар бул жыныстык катнаш аркылуу жугат деп жатасынар да? Кыргызстанда бул илдетти жуктуруп алуунун кайсы жолу көбүрөөк тараган?

Студент: - Баңгизат колдонгондор көп. Бир жолу колдонгон ийнелерди башкалар да колдонуп, ошондон жугат.

Суроолорго туура жооп берген студенттер уюштуруучулардан футболка жана ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат жазылган китепче белекке алышты. Жаштар ушундай акцияларды көбүрөөк өткөрүү илдет менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет деп ойлошот.

Бакыт: - Албетте ушундай акцияларды көп өткөрүш керек. Анын үстүнө ооругандардын көбү жаштар болуп жатпайбы. Ошондуктан натыйжасы жакшы болсо керек деп ойлойм.

Кайрат: - Бизде кризис болуп жатканда баары бир жоюлбайт болуш керек. Сойкулук дагы деле жүрө берет. Жашоо оңолсо балким өзү менен кетер. Ал эми жаштар ушундай акциялардан аз да болсо маалымат алабыз.

Арафат: - Азыркы учурда Кыргызстанда ушул илдет менен күрөшүүдө эч кандай натыйжа бере элек деп ойлойм. Анткени өлкөнүн түштүк тарабынан инфекциялар келип жатат. Биринчиден бул Африкада чыкканда Кыргызстанга жетпейт деп ойлогом. Бирок кыргыз элинин тагдыры ушундай го, бул жакка да оорунун келгенине ыраазы эмеспиз. Бул менен күрөшүш керек.

“Youth Power” жаштар борборунун мүчөсү Таттыбүбү ВИЧ/СПИД жана анын жугуу, андан сактануу жолдору тууралуу жаштардын көбүндө толук маалымат жок экенин билдирди:

- Биз сураган студенттердин 50 пайызы бул илдет туураалуу билишпейт экен. Көптөрү кичинекей бала сыяктуу эле бул жаман нерсе экенин гана билишет. Биз ичинде маалымат камтылган кичинекей китепчелерди таратабыз, кыска болсо дагы андан маалымат ала алышат.

Республикалык “СПИД” бирикмесинини деректиринин орун басары Айгүл Исмаилованын айтымында, ушул илдетке чалдыккан адамдардын саны боюнча Чүй облусу алдыда турат. Бул аймакта ай сайын 20-30 адам катталат. Алардын көбү баңгизат колдонуп, ийне аркылуу жугузгандар. Бул оору атайын лабораториядан аныкталгандыктан көптөрү ооруну алып жүргөнүн билишпейт. “Ошондой эле өлкөдө ВИЧ/СПИДди алып жүргөн адамдарга мамиле өзгөрбөй, басмырлоо күч болгондуктан көптөрү ачыкка чыгуудан коркушат”, - дейт Айгүл Исмаилова:

- Ооруга кириптер болгондун баары тең негизинен стигма, басмырлоого келип такалышы – маалыматтын туура эмес берилишинен келип чыгат. Элдин ою боюнча ВИЧ/СПИДди жугузуп алгандардын баары эле жаман жол менен жүрүп жугузуп алгандай сезилет. Арасында кокусунан жугузуп алгандар да бар да. Ошондуктан аларга гумандуу түрдө мамиле кылышыбыз керек.

Адистердин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын санынын көбөйүшүнө миграциянын күчөшү да себеп болгон.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева кош бойлуу аялдардын жана эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ/СПИДди азайтуу боюнча мыйзамдык базаны чыңдоо зарылдыгын белгилеп келет.

- Бизде ВИЧ/СПИД боюнча жакшы эле мыйзамдар кабыл алынган. Башкысы, алар жакшы иштеши керек. Эмгек мигранттары арасында аны жоготуу боюнча көп иштерди жасаш керек. Ошондой эле кош бойлуу аялдар каттоого турганда сөзсүз түрдө ВИЧ боюнча анализ тапшырышы зарыл.

Глобалдык фонддун коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Элден Калчакеев мигранттар арасында иш алып баруу максатында жаңы долбоор иштелип жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

- Биз жаңы долбоорду колдоп жатабыз. Бизде мигранттар көп, бирок СПИД тууралуу маалыматы жок. Ошондуктан ушул багытта да иштейли деп пландап жатабыз. Негизинен маалымат таратуу жагы каралат.

Адистер дүйнө жүзүндө бул дартка чалдыккан адамдардын саны соңку сегиз жыл ичинде азайса, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарында, тескерисинче, көбөйүп жатканын белгилешүүдө. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдардын саны ушу тапта 33,5 миллонго чукулдап барган. Ал эми Кыргызстан бул илдет менен тегерк үстөл, мекеме ичиндеги талкуулар менен гана чектелбестен, көчөдө, жаштар арасында акцияларды өткөрүп, маалымат таратуунун жаңы, натыйжалуу жолдорун издеп келет.

ВИЧ/СПИДге каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG