Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

СПИД Кыргызстанда 294 адамдын түбүнө жетти


СПИДке каршы жаштардын акциясы
СПИДке каршы жаштардын акциясы

СПИД дартынын таралышы акыркы жылдары коркунучтуу темпте өсүп келе жатат.

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы катталган. Бул дартка чалдыккандардын саны андан бери өсүүдө. ВИЧ инфекциясы адамга үч жол менен - жыныстык катнашуу, энеден балага жана кан аркылуу жугат.

Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Шонкоров ВИЧ илдетин ийне аркылуу жугузуп алганын айтат:

-Азыр 33 жаштамын. 2000-жылы анализ тапшырып ВИЧ бар экенин билдим, 9 жылдан бери ВИЧ инфекция менен жашайм. Мурун жаш кезимде баңгизатын колдончумун, ийне аркылуу жугузуп алдым деп ойлойм.

Учурда Нурлан Бишкек шаарында “Матрица 2005” аттуу коомдук уюмунда иштейт. Ал бул уюмда коркунучтуу дартка чалдыккан адамдарга жардам берүү максатында иштеп келатат:

-2002-жылдан бери ВИЧ инфекция боюнча уюмдарда иштеп келатам. Өзүмө окшош адамдарга жардам берип, ар кандай долбоорлорду жазып, өндүрүү боюнча. Дискриминация деген бар да, эл арасында дагы эле терс көз караштар бар ВИЧ инфекцияланган адамдарга. Көп адамдар бул илдет кандай жол менен жугарын, чындык маалыматты жакшы билишпейт. Ошондуктан туура эмес көз караштар, туура эмес түшүнүктөр бар. Ошону менен каршы күрөшкөнгө аракет кылабыз.

Дүйнө жүзү боюнча ВИЧ инфекциясын жугузуу коркунучу түрмөдө отургандардын арасында жогору турат.

Социалдык-экономикалык абалдын оордугунан, жаштардын арасында баңгизат колдонгондордун саны өсүп жатканынан, жумушсуздуктан улам Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен ооругандардын саны өсүп жатканын айтышат адистер. Статистикага ылайык, ушул жылдын 1-ноябрына карай ВИЧ инфекциясынан 294 оорулуу каза тапкан, ал эми 2625 адам бул илдет менен катталган.

Алардын бири Юра аттуу жигит ВИЧ илдетине чалдыкканын абакта отурганда билгенин айтат:

- Менин ВИЧ менен ооруганымды бир жыл мурда абакта жатканымда билдим. Кайдан жуктуруп алганымды билбейм. Биринчи укканымда аябай жаман кабыл алдым. Ал жактан чыккандан кийин ушундай уюм бар экенин угуп, бул жерге келдим. Келгенимде мага моралдык жардам көрсөтүштү, толугу менен текшерүүдөн өттүм. Бирок азырынча дарыланып баштай элекмин, дарыланууга даярданып жатам. Келечекте жумушка орношуп, үй-бүлө курам деген планым бар, - деди Юра.

Иммундук таңсыктык абалга кабылган адамдарда оорунун белгиси пайда болгончо бир топ убакыт өтүшү мүмкүн. Дарыгерлер оорунун агымы кошумча оорулар менен айкалышып өткөндүктөн, ВИЧ илдетине кабылган адамдардын көпчүлүгү оорунун биринчи стадиясында дарыгерлерге кайрылбаганын айтышат.

Жугуштуу оорулар боюнча адис дарыгер Назгүл Султанова бул оорунун белгилерине токтолот:

-ВИЧ болгондордо өзүнчө стадиялар бар. Биринчи белгилерден болуп бездери чоңоет. Адам өзүнөн-өзү денеси ысыйт, ал эч кандай дарылаганга баш ийбейт, адам салмагын жоготуп арыктайт. Бул вирус иммундук системаны кыйратат. Жыл өткөн сайын организм ар кайсы инфекцияларга туруксуз болуп калат. Аба аркылуу жуккан инфекцияларды организм бат кабыл алышы мүмкүн. Ангина, вирустук инфекциялар менен бат-бат ооруйт. Кайра-кайра терисине ириң оорулары болот.

Учурда ВИЧ илдетине чалдыккан адамдарды антиретровирустук дарылоо ыкмасы колдонулат. Назгүл Султанова оорулуу үзбөй дарыланышы керектигин айтат:

-Убагында тамактанып өзүн карап жүрсө, ВИЧ инфекцияланган кишилер көпкө чейин иммундук системасы күчтүрөк болот. Буларды антиретровирустук терапия менен дарылайбыз. Дарыгер дарыны жазгандан кийин, оорулуу ошол дарыланууга берилиш керек, өзү ишениш керек дары ичип баштаганда үзбөйм деп. Эгерде дарыланууну баштаганда ичпей коюп, кайра улантса, анда вирус мутация болуп, өзгөрүп кетиши мүмкүн, анан ал дарылар вирусту кабыл албай калат. Ошондуктан бул дарыны ичип баштагандан баштап колдон келсе үзбөй ичсе жакшы болот.

Нурлан Шонкоров бул илдетке чалдыккан адамдар ооруп калганын билген учурда оор абалда болоорун түшүнөт. Ал мындай учурларда өзүндөй акыбалда калган адамдарга жардам берүүгө аракеттенет:

- Өзүнүн оорусу жөнүдө жаңы билген адамдар аябай эле кыйын абалда болушат. Биринчи күндөрү ишенбейт, кабыл албайт. Ошондой адамдарга болор иш болду, эми чөкпөй, өзүн колуна алып, жашоосун оңдогонго жардам бергенге аракет кылабыз. Жакшы кабыл алган дарыгерлер бар, ошолорго жөнөтөбүз, - деди Нурлан Шонкоров.






XS
SM
MD
LG