Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Бурятияда үч кыргыз соодагерин атып кетишти


Россияга барган миңдеген кыргыздар жапыт орус жарандыгына өтүп, соода-сатык менен жак сактап келатышат
Россияга барган миңдеген кыргыздар жапыт орус жарандыгына өтүп, соода-сатык менен жак сактап келатышат

Бурятияда жети кишини атып кетти деп шектелген беш адам кармалды. Киши колдуу мерт болгондордун экөө Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигиттери экени аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров маалымдады.

Эки күн мурда Бурятиянын Жидин районунда ок жеген жети ишкердин өлүгү менен “Истана” чакан автобусу табылган. Кырсыкка кабылгандар Закаменск базарына Иркутскиден товар ташып иштеп жүрүшкөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен алынган маалыматка ылайык, Бурятияда киши колдуу болгон жети адамдын экөө ага-ини Адилбек жана Рахат Жыкыповдор Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары экени такталган. Ал эми Тушназарова аттуу аял Орусиянын жарандыгын алган өзбек улутундагы аял экени айтылууда. Элчи Раимкул Аттокуровдун ырасташынча, жети адамга ок атты деп шектелген Закаменск шаарынын беш тургуну кармалып, алар кылмыш кылганын моюндарына алышкан. Р.Аттокуровдун айтымында, учурда окуянын себептери Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан иликтенүүдө. Ушул тапта элчилик мерт болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүдө.

- Бурятиянын прокурорунун орун басары Антон Афанасьефтин маалыматы боюнча, ИИМ кызматкерлери тарабынан беш киши кармалган. Киши колдуу болгондор Орусиянын жарандары болгондуктан алар боюнча толук маалыматты прокуратура жактан бербей жатат. Мүмкүнчүлүк болушунча туугандарын издеп жана адвокаттан маалымат алганга аракет кылып жатабыз. Ал эми сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү жана документтерин чогултуу боюнча көмөк көрсөттүк, - дейт Р.Аттокуров.

Красноярск облусундагы кыргыз диаспорасы мерт болгондордун сөөгүн жөнөтүүгө көмөктөшүп Бурятияга унаа жөнөткөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Красноярск облусундагы диаспоранын өкүлү Назгүл Батаева кабарлады. Бирок ал окуянын чоо-жайын толук билбей турганын белгиледи:

- Мындан эки күн мурда бизге Бурятиядан кыргызстандык мекендештер чыгып, жети адамды өлтүрүп кеткендигин айтышкан. Алар киши колдуу болгондордун сөөгүн жеткирүүгө жардам бергиле деп кайрылышкан. Биз бул жактан унаа сүйлөшүп бердик. Биздин угушубузга караганда киши колдуу болгондор Кыргызстандын түндүк аймагында туулган ага-ини экен. Криминалдык кол салуу деп уктук, - дейт Н.Батаева.

Мерт болгон кыргыздар Орусянын жарандары болгон үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тергөө иштерине кийлигише албайт экен. Бирок ИИМдин башкы тескөөчүсү Рахматулло Ахмедов министрлик тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

- Бул кылмыш иши Орусиянын аймагында болгондуктан жана жабыр тарткан адамдар Орусия Федерациясынын жарандары болгондуктан улам, бул кылмыш иштин тергөө, иликтөө амалдарын ошол өлкөнүн ички иштер органдары жүргүзөт, - деди Р.Ахмедов.

Ал эми Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы да бул маселенин үстүндө министрлик, консулдук департамент иштеп жаткандыгын билдирди.

Маалыматтарга караганда, каргашалуу окуядагы микроавтобус кыргызстандык жаранга таандык экендиги айтылууда. Ал эми кырсыкка кабылгандар Закаменск базарына Иркутскиден товар ташып иштеп жүрүшкөн. Акыркы жолу алар товарга 30-январда чыгышкан.
XS
SM
MD
LG