Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү уланууда


Чогулган гуманитардык жардам.
Чогулган гуманитардык жардам.

ӨКМдин 17-январда берген маалыматы боюнча, эки күндө жабыркагандар үчүн 9 тонна кийим-кече, 1 тонна ун, 100 кг макарон, 30 литр өсүмдүк майы, 30 кг тамак-аш жана 65 290 сом акча жыйналган. Бул өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө чогулган гумжардам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү бардык аймактарда уланууда. Каалоочулар ӨКМдин Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Бишкек шаардык башкармалыктарында ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө кайрыла алышат.

Мындан тышкары жапа чеккен жарандар үчүн 112 түз байланыш номуру иштеп жатат.

16-январдагы кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү иштерин коомдук уюмдар, кайрымдуулук фонддору, жарандык активисттер да жер-жерлерде жүргүзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG