Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Кыргызстанда СПИД жашарып жатат


Кыргызстан ВИЧ-инфекциясынын жайылышы боюнча Борбор Азияда Өзбекстан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунда турат. Өлкөдө акыркы кезде ВИЧке көбүнчө 20-35 жаштагы жаштар чалдыгууда.

Азыр ВИЧ жаштар арасында мурдагыдай баңгилик айынан ийне аркылуу эмес, жыныстык катнаш аркылуу жугуп жатат.

СПИДдин алдын алуу боюнча канчалык маалыматтык иш чаралар жүргүзүлбөсүн өлкөдөгү жаштардын көбү ВИЧтен коргонуу ыкмалары боюнча түркөй калууда.

Борбор Азиядагы СПИДди көзөмөлдөө долбоорунун билдиришинче, Кыргызстандагы жаштардын 60 % ВИЧтин кантип алдын алса болорун билбейт.

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда 1931 адамда ВИЧ-инфекциясы бар. Адистердин айтымында, өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын жайылышы азырынча концентранттык мүнөздө жүрүүдө. Башкача айтканда, бул илдеттин массалык жайылбашына азырынча көзөмөл бар.

Өлкөдө ВИЧ инфекциясын көбүнчө баңги, сойку жана түрмөдөгүлөр жугузууда. Андыктан анын жайылышы тар чөйрөдө айланма мүнөздө жүрүүдө.

Адистер СПИДке каршы күрөшүүдө жетишкендик катары, өлкөдө ретро-вирустук дарылоонун жолго коюлуп жатышын белгилешүүдө. Анын эсебинен азыр Кыргызстанда ВИЧ илдети бар 150 дөй адам дарылануудан өтүп жатат.

Акыркы жылдары дүйнөдө СПИД акыр түбү өлүм менен бүтчү оору эмес, дарттуу илдет катары кабылдана баштады.

Бирок Кыргызстанда коом ага карата стереотиптүү көз караштардан арыла элек. Андыктан дале болсо, ВИЧке кабылгандарга карата кемсинтүү бар. Бул себептен ВИЧ инфекциясы бар адамдар өздөрүнүн абалынан корунуп келет.

Мисалы, Кыргызстанда эки миңге жакын адам өзүндө ВИЧ инфекциясы бар экендигин билген менен, ВИЧ статусун ачкан 6 гана адам бар.

СПИД боюнча Кыргызстандагы чыныгы абалды аныктоо үчүн адистер мындан 2-3 жыл мурун калкты ВИЧ инфекциясына карата жалпы тестирлөөдөн өткөрүү сунушун киргизген. Бирок бул ыкма өтө эле кымбатка тургандыктан демилге ишке киргизилген эмес.

Экинчи жагы, ВИЧ-статусун текшерүү үчүн адамдарды мажбурлоо шартка жатпайт деп белгиленген эле анда.

Адистердин белгилөөсүндө, соңку мезгилде өзүндө ВИЧ бар же жоктугун билүү үчүн өз ыктыяры менен тестирлөөдөн өтүү ниетин билдиргендер көбөйдү. Мындан 1-2 жыл мурун жылына болгону 150 -200 адам текшерүүгө келсе, азыр мындайлар саны 450-500гө жетүүдө.

XS
SM
MD
LG